№1183
Трос, аркандарды байланып алып бийик имараттардын сырткы иштерин жасаган адистер – өнөр жай альпинисттери. Бир чети кооптуу, бир чети адреналин тартуулаган жумуш дешет. Ушул кесипти аркалап жүргөн Эрик Махмутов менен жумушу тууралуу пикир алыштык.
Тарыхына кайрылсак..
• Өнөр жай альпинзминин ыкмаларын колдонуу 1930-жылы АКШда пайда болгон. Капчыгайга плотина курууда щахтёрлор бийиктен аркан байланып түшүп иштешкен
• 1970-жылдары дүйнөдө заманбап альпинисттик жабдыктар пайда болгон
• Кыргызстанда 1960-жылдары Токтогул ГЭСин курууда да альпинисттер иштегени айтылат
“Телемунара курууда да биздин жардам керектелет”
- Өнөр жай альпинисти – бийиктикте түрдүү иштерди альпинисттик шайман, жабдыктардын жардамы менен аткарган адис. Аркан жана тростун жардамы менен иштейбиз. Көп кабаттуу үйлөрдүн, бийик имараттардын сыртка иштеринде биздин жардам керектелет. Кран бара албай турган кычык-кучук, жолу тар жерлердеги бийик имараттарга чакыруу көп түшөт. Телемунара курууда да биздин кызмат керектелет.
“Бизге электрик, ширетүүчү, курулушчу болууга туура келет”
- Негизи, көп иштерди кылабыз. Имараттын терезе, фасадын жууп, сырдап, декоративдүү “штукатурка” жүргүзөбүз. Сынган айнектерди алмаштырып, терезелерге темир тор тагабыз. Баннер, видеобайкоо системин, кондиционер жабдыгын орнотуу да биздин жумушубуз. Балкондорду сырдатканы жана жылуулатканы да чакырышат. Жүктү, көлөмдүү буюмдарды үйдүн терезеси аркылуу киргизип, шаты жетпей турган чуңкурга түшүп кеткен адамдарды куткарабыз жана башка. Бизге бир эле мезгилде ширетүүчү да, курулушчу да, электрик да болууга туура келет.
“Алгачкы иш күнүмдө...”
- Мектепти бүткөндөн кийин “Кыргызтелеком” ишканасында электромонтёр болуп иштеп баштагам. Жумушубуз Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы тоонун чокусунда, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте турган мунарада болчу. Жумушка жетүү үчүн алгач автобус, андан ары ат менен барчубуз. Ишканада 1 ай иштеп, 3 ай эс алчубуз. Эс алган күндөрү бош жатпайын деп курулушта иштедим. Ошондо өнөр жай альпинисти болуп иштеген досумдун ишин көрүп кызыгуум артып, анын командасына кошулдум. Алгач жабдык, шаймандарды колдонуу ыкмаларын үйрөнүп, андан кийин 12 кабаттан аркан менен түштүм. Бийиктиктен коркон жокмун, бирок “аркан үзүлүп кетпесе экен” деп катуу кооптонгонум эсимде.
“Аркан үзүлүп кетсе...”
- Биз эмнелерди билишибиз керек? Башкысы – коопсуздук эрежелерин сактап, пайда болгон кырдаалды дароо аңдап, ошого жараша туура чечим кабыл алышыбыз зарыл. Аркан менен түшкөн оңой, бирок арканда асылып иштөө кыйын. Жабдык, шаймандар заманбап жана сапаты мыкты болсо, коркпой иштейсиң. Арканың үзүлбөйт, шайманың сынып кетпейт дегендей. Негизи 2 аркан байланып түшөбүз, бири негизгиси, экинчиси коопсуздук үчүн. Эгер отургучуң сынып же арканың үзүлүп кетсе коопсуздук арканына асылып каласың. Бизге керектүү жабдыктар атайын дүкөндөрдө сатылат. Мисалы, 1 өнөр жай альпинистине 9 кабаттык имараттын бир кабатында иштеш үчүн 50 метрлик 2 арканда асылып иштөөгө туура келет. 2 аркан чатырдын 2 жерине байланат. Арканды кырчып салчу жерлери жокпу деп жакшылап карап анан түшөбүз. Ишибиз оор эле.
“Катуу шамал дубалда асылып турганыбызда ары-бери учурган”
- Шамал болуп жатканда арканда асылып турган абалда ары-бери чайпалып иштөө кыйын. Ошондуктан жетекчилик дайыма аба ырайы менен алдын ала таанышып, ошого жараша чечим кабыл алышы керек. Бирок кээде күтүлбөгөн кырдаалдар да болуп турат. Бир жолу Бишкекте көп кабаттуу үйдүн фасадын жасап жатканбыз. Дубалдын ортосуна чейин түшүп калган элек. Аңгыча бороон-чапкын башталып, бизди үйдүн аркы бурчуна чейин учуруп барды. Эптеп үйдүн берки бурчунан түшүрүлгөн арканга күүлөнүп жетип, ошол арканды кармап ылдый түшүп кеттик. Асылып түшкөн жерибизден жерге түшкөнгө аракет кылсак, шамал бизди аркан менен кошо ары-бери учура бермек, фасадга чаап салышы да мүмкүн болчу.
Бир жолу чогуу иштеген бала түшүп келе жатканда аркан жерге жетпей калып, айласыз секирип түшкөн. Буту сынып кеткен ошондо. Ошондуктан аркан жана башкаларды жакшылап текшерип, анан чыгышыбыз зарыл. Канча тажрыйбалуу болсоң да, ката кетирсең өмүрүң менен кош айтышасың. Ката кетирүү – ажал менен ойноого тете.
Балконду жылуулоо же айнек жууш үчүн өйдөдөн түшүп келе жатканда балкон, терезелердин жанынан өтөбүз. Бизди көрүп калгандар таң калып же кызыгып карап калышат. Балконун ачып ичкери киргизип, чай бергендер да болот.
Кээ бир үйлөрдүн эшиги жабылары менен автоматтык түрдө кулпуланат. Андайда жаныңда ачкычың жок болсо сыртта каласың. Бир жолу чакыруу түштү, барсак, аял сыртта калып, ичкериде 2 кичинекей баласы калып кетиптир. Балкону ачык экен, ошол жактан кирип эшигин ичинен ачып бергенбиз.
“1 айда 200 миң сомго чейин киреше тапса болот”
- Биздин жумушта атайын “ставка” жок. Жумуштун кыйынчылыгына, өзүбүздөн чыккан керектүү материалдардын баасына карап акысын чечебиз. Айнектердин 1 чарчы метрин 150-200 сомдон жууйбуз. Бул айнектин канчалык кирдегенине жараша болот. Буюртмалардын жана дайымкы кардарларыңдын саны көп болсо жайында 1 айда 200 миң сомго чейин табууга мүмкүн. 2021-жылы Орусиянын Амурск шаарындагы алтын өндүрүүчү комбинаттан бизге буюртма түштү. Келишим менен имараттын “сөөгүнө” узундугу 10-11 метр болгон сэндвич-панелдерин каптап чыктык. Бийиктиги 47 метр болчу. Былтыр июлдан бери ошол эле комбинаттын Красноярск шаарындагы филиалында иштеп жатабыз. Бийиктиги 33 метр болгон өнөр жай цехинин сыртына сэндвич-панелдерди орнотуп берүүдөбүз. Азыркы учурда Кыргызстандамын, эс алууга келгем. Иш оор болгондуктан 3-4 ай иштеп, 1 ай эс алабыз. Айлык акыбыз 190-200 миң рубль. Жатакана бекер, тамак-ашка күнүгө айлыктан тышкары 700 рубль берилет. Тапканымды үй алууга чогултуу аракетиндемин. Албетте, оңой иш жок. Бардык иште мээнет кылсаң акыбети кайтат. Бул кесиптин арты менен үй-жай түптөп, бутуңа турсаң болот. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, 1 кызым бар, 1 жашка чыкты.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |