№1183
- Бир нерсе колуңдан келбейт ушул сенин. Ай, жок дегенде “Аида бүгүн бара албайт, салонун иштетет” деп айтпайт белең?
- Эй, барчы, дайыма сенин айта турган сөзүң ушул. Бир колуңа Ай, бир колуңа Күн алып берсем деле “сенин колуңдан эч нерсе келбейт” деп айтмаксың.
- Кана, колуңдан келсе, мени ошол жеңемдикинде иш жасатып көз каранды кылбай эле, ханышадай жашатып койбойт белең?
- Кудайга шүгүр де, эмнең кем? Үйү жок азыр канчалар ыйлап жүрүшөт. Короодо эки машине турат, жегениң алдыңда, жебегениң артыңда. Эмне керек дагы сага?
- Ошонун баарын ким кылды?
- Экөөбүз.
- Мына, мен кылдым! Сага тийгени жаным тындыбы, мен сага тийгенде бир шым, бир көйнөгүңдөн башка эмнең бар эле?
- А сенин бир чыт көйнөгүңдөн башка эмнең бар эле? Айтпаса адамдын жанын кашайтасың.
- Сага тийгени 12 жыл болду, жалаң мен чет жерде талаалап жүрүп, ушул үйдү албадыкпы?
- А мен эмне, эшек такалап жүрдүмбү? - деп күйүп кетти күйөөсү. Аял “сөзүм бүттү” дегенсип чыгып кетти. Убактысы жок эле. Жакында аялы сулуулук салонун ачкан. Бизнес деле оңой иш эмес, жанын тиштеп аракет кылыш керек.
Баатыр шалдырап отуруп калды. Бул аялга эмне керек өзү? Жанталашканы жанталашкан, жаны тынбайт, элди да тынчытпайт. Анан да элдин баарын “лох” көрүп өзүн бир “бизнес гигант” сезип алганда кантесиң. Ажырашсабы? Кой, эки баланын тагдыры эмне болот. Андан көрө чыдап жашашы керек! Бирок канчага чейин чыдайт? Бир күн урушсуз өтпөй калды буларда. Эмне кылуу керек? Мына эми, азыр уруш чыгара турган деле маселе жок болчу. Улуу агасынын аялы “конок келет, Аида жардамдашып койсун” деди эле, минтип жөн жерден уруш чыгарды.
Баатыр оор улутунду. Өзү эртең мененки тамагын даярдап, балдар бөлмөсүнө кирип, бойтоюп уктап жаткан балдарынын маңдайынан өөп жумушуна жөнөдү. Маанайы пас эле.
Ошол күнү жумушка бир кыз келген экен, маңдайы жарык жадыраган бир көркөм жан экен. Карап отуруп эс алчудайсың.
- Кофе ичесизби?
Шыпылдап кофе даярдап берди. Аркы-беркини сүйлөшүп отуруп калышты. Аты да сонун, Жадыра деген кыз экен.
- Атыңды дал өзүңө жараштырып коюптур ким койсо да - деди Баатыр.
- Ооба, апам койгон. Өзү жаркырап жүргөн жан эле, эки жыл болду каза болуп калды. Сиңдим экөөбүздүн тең атыбызды апам койгон. Менин атым Жадыра, аныкы Жаркыра.
- Укмуш, сонун аттар экен!
- Апам өзү балдар үйүндө чоңойгон экен, ал киши кабакты салып жүргөндү абдан жаман көрчү. Көрсө, адам жашоосунда кыйынчылык көп көрсө, жакшылыктын баасын билип калат экен да. Биз аябай бактылуу жашадык. Эми деле бактылуубуз деңизчи, бирок апабыз жаныбызда жок. Атам, мен, сиңдим болуп жашайбыз.
Кээ бир адамдар болот, сүйлөшсөң көңүлүң ачылып кете турган, алар сени жаман ойлордон, таарынычтан, жашоодогу кыйынчылыктардан чыгарып койгондой сезилет. Баатыр да ошондой сезди өзүн, эмнегедир Жадыра менен сүйлөшкөн сайын энергиясы көбөйүп, кабагы ачылып калчу болду. Көрсө, ал жөн гана бир адам менен ушинтип жайбаракат сүйлөшүп отурууну сагынган экен. Кабагы ачылып, ичинен кыңылдап ырдап да калчу болду. Бул аялынын көз жаздымында калган жок. “Ушул эле жетпей жатты эле, кайсы шыңкылдаган неме менен көңүлүн ачып келип жатат?” деп ого бетер туталанды. Жаны кашайды. Анын мурункудай сүйлөнгөнү, бултуңдаганы, кыялын көрсөткөнү Баатырга өтпөй калды. Угат, бирок жылмайып гана коёт, ою башкада.
Аял кааласа бардыгын жасай алат эмеспи, изилдеп отуруп Баатырдагы өзгөрүү эмнеден улам экенин билди. Күйүп-бышып, экөөнү “наличным” кармай турган болду. Бирок эч бир жолу болбоду. Ашык эч нерселерин байкабай койду. Болгону баарлашуу. Акыры кыздын өзүнө жолукмай болду. Кафеде түшкү тамагын ичип отурган жеринен кармады. Каршысына отуруп жек көрө тиктеди.
- Саламатсыз - деди Жадыра ого бетер төгүлө жылмайып.
- Саламыңа жутаган киши жок, Баатыр экөөңдүн ортоңордо эмне бар? Мага ошону сүйлө!
- Кайсы Баатыр?
- Карасаң, ай, билмемиш болуп калат. Баатыр деп жатам, чогуу иштейсиңер...
- Аа, Баатыр байкеби? - деген кыз ого бетер жайма жай жылмая сүйлөдү. - Сиз анын жары болосуз го?
- Жары-пары деп тим эле. Аялымын мен! Аялы! Биздин уябызды бузганга сенин акың жок. Балдарыбыз бар биздин...
Кыйкырып жиберди эле, отургандар аларды тиктеп калышты.
- Жүрүңүз, кеңсенин бакчасында сүйлөшөлү, эч ким тоскоол болбойт -деди Жадыра токтоо гана. Бакчага келгенде Аида сөөмөйүн кезей берди:
- Эгерде мындан ары менин күйөөмө жарым метр жакын жолосоң, сенин сөөгүңдү да таппай калышат, уктуңбу?
Кыз корккон жок, муңайым күлүмсүрөп койду.
- Демек, ал киши сизге керек экен да, туурабы?
- Жок, керек эмес, күйөө сатылат, аласыңбы? Баасын төлөй аласыңбы?
- Баатыр байкени ошондо сиз сатасызбы? - деди кыз токтоо гана.
- Жап жаагыңды!
- Керек экен го, бул жакка чейин келгениңизге караганда. Анда эмнеге кадырыңа жетпейсиз?
- Эмне-е?
- Баатыр байке аябай жакшы адам, жумшак, эч кимге адилетсиздик кылбайт. Иштегениме аз эле болду, бирок мен адамдарды жакшы билем.
- Тоже мне психолог! Эй, сенин билгичтиңиңди... - Аида сөгүнүп жиберди. Кыз аны карап тура берди. Аялдын ичиндеги буркан-шаркан бороонду байкады, азыр шамал өтүп кетсе, нөшөрлөп жамгыр төгө турганын билип турду. Айткандай эле кыйкырып ызырынып жатып Аида ыйлап жиберди. Болгондо да өпкө-өпкөсүнө батпай катуу ыйлады. Жадыра аны эч бөлбөдү, ыйлап бүткөндө гана жүз аарчысын сунду. Экөө андан кийин жай сүйлөшө башташты.
- Эмнеден башталды баары?
- 12 жыл болду, бир да жолу жаным тынбады, эмне деген гана иштерде иштеген жокмун. Бир нерсеге жетишели деп тырмыштым. Баары эле бар, бирок ичимден бир нерсени эңсөө дагы деле токтобойт. Ушул жыйган-тергенимдин баары бир мүнөттө жоголуп кете тургандай сезилет. Дагы запас даярдаш керек дейм. Ичимде бир коркуу бар. Токтоп калсам эле баары артка кетчүдөй. Баатырга жиним келет. Анткени ал коркпойт. Канча айттым, “бизнес башта” дедим. “Жок, мен архитектураны окугам, кесибим менен иштейм” деп болбойт.
- Эже, сиз чарчап калыптырсыз?
- Ия?
- Аял чарчаганда эч нерседен ырахат ала албай калат. Ушунча жыл жанталашкан программа менен жашагансыз, андан кутула албай жатасыз. Минтип кете берсеңиз, жакшынакай үй-бүлөңүздү бузуп аласыз.
- Эмне кылышым керек? - деди алаңдаган Аида.
- Шүгүр кылыш керек...
- Аа, ошол элеби?
- Ооз менен эмес, жүрөктөн шүгүр кылганды үйрөнүңүз. Ыраазы болуңуз. Эң биринчи өзүңүзгө, жолдошуңузга, тагдырыңызга. Эски адаттарыңызды таштаңыз. Анткени сиз арабаны сүйрөп алгансыз. Араба - бул үй-бүлө. Аялдын табияты арабаны сүйрөш эмес. Ал арабадагы сый, урмат, мээрим, ынтымакты сакташ. Ал эми сиз арабаны сүйрөп алсаңыз башкага убактыңыз да энергияңыз да жок калбайбы. Арабаны ээсине бериңиз.
- Ким ал?
- Жолдошуңуз. Баатыр байке. Ага бериңиз, эркти, кайратты, чечимди Кудай ага берген. А сиз өз миссияңызды аткарыңыз. Аял болуңуз.
- Аял... - деди Аида. Көзүнө жаш толуп чыкты. Чын эле ал аял экенин унутуп калган экен. Аны менен кошо назиктикти, жароокерликти унутуптур. Ажаан, урушчаак аялга айланганын билбей калган тура.
- Кайсы жерден жаңылыштык кетирдим деп көп ойлондум эле сиңдим.
- Жашоонун баркын билииңиз. Ар бир мүнөттөн рахат алыңыз. Адамдын жашоосу көз ачып жумганча өтүп кетет. Аркабызда эмне калат? Дүйнө- мүлкпү? Жок, биз сээп кеткен үрөн калат. Ал - мээрим, ал - жакшы адеп, ал - жакшы кеп.
- Кипкиченекей болуп туруп, сенде мындай акыл кайдан?
- Жашоо - эң чоң мугалим, эже. Врачтардын айтымында, мен жашоомдун акыркы күндөрүн жашап жаткан адаммын. Бирок – бул ооруну жаркырап жеңем. Врачтар жаңылышат.
- Ылайым айыгып кет сиңдим!
Дагы далай сүйлөшүштү. Аида менен Жадыра кучакташып коштошту.
ххх
Босогону аттаган Баатыр тамактын даамдуу жытын сезди. Аида үйдө тамак жасабай калганына көп болгон, буюртма менен алдырчу, анткени “салонумдан колум бошобойт” дечү. Таң калды, тамак даярдап, дасторконду кооздоп, өзү жакшынакай жасанып отурган аялын көрүп таң калды.
- Балдар кайда?
- Жеңемдикине таштап келдим.
- Эмнеге?
- Сенден кечирим сураш үчүн...
- Эмне-е?
- Кечир мени, мен бардыгын түшүндүм. Мындан ары андай болбойт.
- Сага эмне болду? – деди көптөн бери аялынын оозунан жакшы сөз укпай калган эркек таң кала. - Ооруп калган жоксуңбу?
- Жок, тескерисинче... Эми айыктым.
Аялы Баатырдын мойнуна колун арта, ага жоодурай карады. 12 жыл мурункудай сүйүүнү, ынактыкты сезди Баатыр. Экөө бири-бирин жоготуп кайра таап алгандай сүйкүмдүү тиктеп турушту.
Айлин Д.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |