Лиам Нисон: “Аялымдын жаракатын көргөндө эле коштошуу керек экенин сездим”

№1183

Бул актёрдун жаш кезинде кандай болгонун элестете албайм. Анткени “Барымтада” (“Заложница”) тасмасынан тааныгам. Ал учурда Лиам Нисон 50дөн өтүп калган экен. Кызын уурдаткан атасы уурулардын артынан сая түшө кууп жүрүп кызын сактап калат эмеспи. Ал тасманын кийинки бөлүктөрү да тартылды. Мен кеч тааныганым менен, Лиам мырзанын чыгармачылыгы тээ илгери эле башталып, мыкты кинолорго тартылыптыр. Учурда 73 жаштагы актёрдун ачуу-таттуусу бар өмүр баяны кызык болду...

Толук аты-жөнү: Уильям Жон Нисон

Туулган жери: Түндүк Ирландия, Баллимина

Туулган жылы: 1952-жыл, 7-июнь

Жылдыз белгиси: эгиздер

Бою: 193 сантиметр

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү тасмалары: “Барымтада”, “Шиндлердин тизмеси”, “Жылдыздагы согуш: Жашыруун коркунуч”, “Кинси”, “Бэтмен: Башталыш”, “Титандардын кармашы”, “Аба маршалы”, “Пассажир”, “Профессионал”, “Муз драйвы” жана башка

 

  • 3 мамлекеттин жарандыгын алган: Ирландия, АКШ жана Улуу Британия.
  • Уруш өнөрлөрү менен машыгат, алардын катарында кунг-фу да бар.
  • Жубайы каза болгондон кийин жоготуусун алкоголь менен басып, ичкиликке берилип кеткен. “Бир күндө үч бөтөлкө шарапты өзүм эле ичип койчумун” дейт ал. Бул жаман адаттан акыры арылган.
  • Акрофобиясы бар – бийиктиктен коркот. “Калыңыраак килемдин үстүндө турсам да башым айланат” деп өз фобиясын өзү тамашалап калат актёр. Бийиктиктен корккону менен “Аба маршалы” тасмасына тартылууга макулдугун берген.
  • Активдүү жашоо образын жактырат. Сууда сүзөт, лыжа тебет, балык уулоого барат, китеп окуйт, саякаттайт, спорт менен машыгат, айтор, бош убактысында шыпты тиктеп үйдө бош жатканды каалабайт.
  • Футболду жакшы ойнойт. Актёр же боксёр болбой калса, футболчу болуу максаты бар болчу. Учурда англиялык “Ливерпуль” футбол клубунун күйөрманы.
  •  

Бири-бири менен айкалышпаган бокс жана театр

“Кыз бир туугандардын арасында чоңойгон бала кыздарга окшоп назик болуп калат дешчү” 3 кыздын арасында жалгыз уул болгон Уильямды. Бирок анын мүнөзүндө назиктик деген нерсе жок эле. Өспүрүм кезинде бокс менен машыгып, юниорлор арасында өткөн чемпиондукта жеңишке жеткени бар. Кийин башынан алган жаракаттан улам бокстон кеткен. Аны менен катар театрга да кызыкчу. Мындай карасаң бири-бирине эч окшошпогон, айкалышпаган бокс жана театр деген эки дүйнө. Лиам бул эки дүйнөнү окшошпосо да окшоштурду, бириктирди. Мектептеги театралдык кружокко катышып, спектаклдерде алынын жетишинче ойноп жүрдү. Бул мактанарлык жагы болду. Окууга келгенде убакыт таппай калды, окуудан артта калганы үчүн Белфас падышалык университетинен айдалып кеткен.

Кара жумушчу

Билими жок адам кайда иштемек?! Албетте, кара жумушта: айдоочу, жүк ташуучу, көтөрүүчү чоң унаалардын оператору, уста, архитектордун жардамчысы жана башка кесиптерди колунан өткөрдү. Ошону менен катар театрга, киного кастингге катышуудан да тажачу эмес. Алгач театрга кабыл алынды. Театр менен кинодо да бирин-экин роль жарата баштады. Анан кино тармагында ийгиликке жетиш үчүн Голливудга жакындашы керек экенин байкап, АКШга көчүп кеткен. Киного олуттуу кирише баштаганда 35 жашта эле. Эң алгачкы көрүнүктүү ролду “Караңгынын адамы” тасмасынан алды. Бул тасмадагы ролу үчүн алгачкы ирет “Сатурн” кино сыйлыгына да татыган. Ал эми режиссёр Стивен Спилбергдин “Шиндлердин тизмеси” киносу Нисонду “Оскар” сыйлыгына номинант кылды. Андан кийинки “Сатурн” сыйлыгын жедай-аскеринин ролу (“Жылдыздагы согуш: Жашыруун коркунуч”) алып берген. Ал эми 2008-жылы чыккан “Барымтада” (“Заложница”) тасмасы прокатта 200 миллион доллардан ашуун каражат топтоп, жаңы франшизанын жаралышына жол ачкан (кинонун 3 бөлүмү бар). 70тен ашкан актёр азыркыга чейин эле экшн, боевик жанрларындагы тасмаларга тартылып келет. Кооптуу трюктардын көбүн өзү аткарганга аракет кылат. Кино-кейсинде 120дан ашык тасма бар.

Экинчи үйлөнгөн жок...

Лиам Нисондун таанымал актёр болушуна актриса Хелен Миррендин таасири чоң дешет билгендер. Экөө “Экскалибур” тасмасына тартылуу учурунда таанышкан. Ал мезгилде Хелен Миррен Лиам Нисонго караганда таанымал актриса эле. Ортолорунда сүйүү оту тутанып, 7 жаш улуу актрисаны ээрчиген актёр Улуу Британиянын борборуна келе берген. Келгени жаман болгон жок, Хелен аны шоу-бизнестеги пайдалуу адамдар менен тааныштырган, журналисттерге алып чыккан. Лиам бир нече жолу сүйүктүү айымынын колун сурап, ар биринде негедир “жок” деген жооп алчу. 4 жылдык сүйүү романын токтоткон да Хелен Миррен дешет.

Кол үзгөн махабатын унутуу максатында Лос-Анжелес шаарына келип, чыныгы “бабникке” айланган. Анын колунан Жулия Робертс, Женнифер Грей, Женис Дикинсон, Брук Шилдс сыяктуу атактуу сулуулар өткөн.

Лиам Нисон кайрадан колун сураган жана биринчи жолу үйлөнгөн айымдын аты Наташа Ричардсон. Ал дагы актриса. Экөө театрда “Агата Кристи” спектаклинен таанышкан. Үйлөнгөндөн кийин 15 жылдык өмүр өттү. Актёр үй-бүлөлүк жашоосунда бир да жолу “солго” басканы менен белгилүү болбоду, мындайча айтканда, үлгүлүү жолдош болуп берди жубайына. Ортолорунда 2 уул бар. 2009-жылы бактылуу үй-бүлөдө трагедия болду. Жубайы менен тоодо эс алып жүрүшкөн, аялы лыжа менен баратып кулап башынан оор жаракат алып, каза болуп калган. “Анын жаракатын көргөндө эле коштошуу керек экенин сездим, врачтар оюмду бекемдеп беришти. Анан угуп жатса керек деп акыркы жолу сүйүүмдү айтып коштоштум...” деп эскерет Нисон. Аялы менен буга чейин кандайдыр бир кырсык болуп бири өмүр менен коштошуу алдында турса, органдарын донорлукка беребиз деген келишимдери бар экен. Бул келишим ишке ашып, Наташа айымдын органдары 3 адамдын өмүрүн сактап калган. Учурда улуу баласы ата жолун жолдоп кино дүйнөсүндө, кичүүсүнүн кийим чыгарган бренди бар, андан сырткары музыка менен алектенет. Ал эми Лиам Нисон жүрөгүнүн ээсин тапканын айтат, бирок анын ким экенин ачыктагысы келбейт. Үйлөнүү тууралуу да кеп жок...

Асыл Орозбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо