№1183
КОЙ
(21.03–20.04)
Аптада сиз каалаган компаниянын борборуна айлана аласыз. Адамдар сизге көңүл бурат, сиз менен сүйлөшкүсү келет. Чакыруулардан баш тартпаңыз, пайдалуу таанышуулар орун алат, ошол эле учурда сиздин дарекке айтылган ар бир сөзгө эле ишене бербеңиз. Өз пайдасына колдонгусу келгендер болушу мүмкүн. Акча сурап келгендерге баш тартыңыз, кайра ала албай кыйналасыз. Эч нерсеге алаксыбай уйкуну кандыра уктаганга аракет кылыңыз, болбосо баш оорусу тынчыңызды алышы мүмкүн.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Букачар белгиси астында төрөлгөндөрдү көптөн бери топтолгон маселелерди чечүү үчүн жагымдуу апта күтүшү мүмкүн – жумушта да, жеке жашоодо да. Аракетиңиз текке кетпейт, бир нече ийгиликтүү чечимдер каржы чөйрөсүнө оң таасирин тийгизет. Шаршембиде пландалбаган жерге чакыруу алып, сапарга чыгышыңыз күтүлөт. Жол жүрүүдө абайлаңыз. Кечкисин үйдө отурбаңыз: чуркоо, сейилдөө сыяктуу ден соолукка пайдалуу нерселерди адатка айланткан жакшы.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Туугандардын же достордун жашоосунда орун алган окуялар сизге да таасирин тийгизип, жумуштан алагды кылышы ыктымал. Андыктан маанилүү иштерди кийинкиге жылдыра турган оң. Үй-чарба иштериндеги керектөөлөрдү толуктоо максатында базарга соода кылууга чыгасыз. Түгөйү жоктор бул аптада романтикалык таанышуу, жолугушуу пландарынан баш тартса болот, кезигишүү күтүлбөйт. Дем алыш күндөрү эс алуу эмес, үйдөгү топтолгон жумуштарды жасоо менен өтөт.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Бул аптада бизнесте ийгилик көбүрөөк сиз тарапта болот, каржылык абалга оң таасирин тийгизе турган сунуштар түшүүсү мүмкүн. Үй-бүлөлүк жашоосунда кандайдыр бир реформаларды күтүп жаткандарга жылдыздар өзгөртүү киргизүү үчүн аракет жумшооңуз керек дешет. Адаттагыдан көп адамдар менен баарлашасыз, арасынан өзүңүзгө пайдалуу маалымат алганга аракет кылыңыз. Электр жабдыктары, учтуу нерселер менен иштегенде абайлаңыз, жаракат алуу коркунучу жогору.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Өзүңүзгө тааныш эмес тапшырмаларды, иштерди колго алуудан сак болуңуз. Андан көрө көнүп калган жумуштарды жасаганыңыз жакшы. Чогулуп калган стресс абалы жакындар менен сырдашып сүйлөшкөндөн кийин жазылганын байкайсыз. Аптанын биринчи бөлүгүндө алыстан жакшы кабар аласыз. Үй-бүлөлүк иш-чараларды уюштурганга, туугандар менен биргеликте убакыт өткөргөнгө ылайыктуу мезгил. Дос болуп жүргөндөрдүн мамилеси сүйүү багытына бурулушу мүмкүн.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Майда-чүйдө нерселерге көңүл бөлө жүрсөңүз, чоң катанын алдын алган болосуз. Башкаларга өз оюңузду таңуулап, меники туура дегенден алыс болуңуз. Болбосо ишенимдүү адамдарыңыздан кол жууп каласыз. Көңүлдөгүдөй эс алуу үчүн көп акча коротуу керек болот. Кайгырбаңыз, кайра иштеп жоготкондун ордун толтурасыз. Ал эми эс алуу ден соолугуңузга пайда, кошумча унутулгус көз ирмемдер болот. Апта соңу досуңуз же кесиптешиңиздин жардамына муктаж болушуңуз мүмкүн.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Жылдыздар сак болууну эскертишет, күмөндүү иштерге аралашып калышыңыз мүмкүн. Бейтааныш адамдар менен бир жакка баруудан же интернетте тааныш эмес адамдын сунушун кабыл алуудан качыңыз. Каржы булагына жана карьераңызга байланыштуу жакшы кабар аласыз. Адилеттүүлүк издеген сапатыңыз бул аптада күч алат. Балдарга жана түгөйүңүзгө жакшы көңүл бурушуңуз керек. Эс алуу менен кошо чыгармачылык менен алектенүүнү да унутуп койбоңуз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Тууган, дос, кошуна, кесиптеш жана башка айланаңыздагы адамдар менен адаттагыга караганда көп алака жасайсыз. Айрымдары сизди түшүнүү менен кабыл алса, арасында өзүнүн оюн бербей, каршы чыккандар да кезигет. Баарын жайгаруу үчүн сизден акылмандык талап кылынат. Сапарга чыксаңыз олуттуу таанышуулар күтөрүн унутпаңыз. Аптада кумарлуу, чечкиндүү болуп чыга келесиз. Бул энергияны туура багытка пайдалансаңыз, ийгилик кушун кармадым дей бериңиз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Ички туюмуңуз күч алат. Андыктан кандай чечим кабыл алсаңыз да өзүңүздү уга билсеңиз, маселе жаралбайт. “Эртең жасайм” деп артка жылдыра берүүгө болбойт, пландарды ушул аптада ишке ашырыңыз. Жеке жашоодо жан шеригиңизге катуу талап койгондун ордуна амалкөй, жумшак болгонуңуз туура. Ошол эле учурда эмне каалап жатканыңызды кыска жана нуска түшүндүрүңүз. Аптанын аягында иш сапары күтүлөт, ага кесиптеш же өнөктөшүңүз менен бирге чыгышыңыз ыктымал.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Маал-маалы менен ооруп тынчыңызды алып жаткан ден соолугуңуздагы көйгөйлөрдү дарыгерге текшертиңиз, болбосо өнөкөт оорулар жаралышы мүмкүн. Алыста жүргөн бир туугандар үйүңүзгө келип сагыныч жазып, алар менен кошо эс алып кубанасыз. Акча жетишсиз деп өзүңүздү баарынан чектей бергендин кереги жок. Андан көрө каржы булагы көбүрөөк жумуш издегениңиз жакшы же кошумча жумуш табыңыз. Балдарыңыз билим жаатында кубанычтуу кабары менен бөлүшөт.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Апта ийгиликтүү болушу үчүн дүйшөмбүдөн баштап эле активдүү болуңуз. Жумушта чогулган иштерди бүтүрүп, документтерди иреттегенге аракет кылыңыз. Негизи эле юридикалык суроо жараткан документтерди ушул жумада бүтүргөнүңүз туура. Бейшембиде конфликт болуп жаткан жерлерден качыңыз, адилеттүүмүн деп арачы түшүүнүн кереги жок. Эс алуу учурунда экстремалдык иш-чараларга аралашпай эле койгон оң, жаракат алуу коркунучу бар. Ашыкча тамактануудан оолак болуңуз.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Бул күндөрү көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Сиздин дарегиңизге оң жана терс маанидеги сөздөр айтылышы мүмкүн. Жакшы сөздөрдүн көп айтылышын кааласаңыз аз сүйлөп, көп тыңшаңыз. Пайда болгон маселени чечүүгө туугандар жардам беришет. Шаршемби жана бейшемби саякаттоого, бирөөнүкүнө конокко барууга ылайыктуу. Гардеробду күзгө даярдап, дүкөн-базар кыдырышыңыз күтүлөт. Апта соңун жан шеригиңиз же досторуңуз менен өткөрөсүз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |