№1184
(Башы өткөн сандарда)
Күндөр өтүп жатты. Өлгөн адам менен кошо өлүп кала албагандан кийин жашоо уланат экен. Айдар каза болгондон кийин Айкөл ата-энесинин үйүнө келди. Мына ушул убак анын жашоосунда өткөөл убак болду. Бир паста чоңоюп, эсейип кетти. Өмүрдү, өлүмдү, тагдырды түшүнүү үчүн көп ойлонду. Көп китептерди окуду. Сүйлөшө турган жалгыз адамы Насиба эжеси эле. Тагдырды кабыл алууну, Жараткандын алдында өзү бир макулук гана экенин ушул аял аркылуу билди. Ал да тагдыр канатын сындырган бир аял эле. Бирок ошого карабай келечектен үмүт үзбөгөн күчтүү аял болчу. Кабагы жарык, баары бир жакшылык болорунан түңүлбөгөн жан эле. Анын башынан өткөргөндөрүн угуп отуруп Айкөл таң калды.
– Сиз кантип чыдадыңыз мунун баарына?
– Оор болду, бирок адам көтөрө албаган сыноону Жараткан бербейт дейт эмеспи,- деди жымыйган Насиба. – Анан да мен качандыр бир кезде баары ордуна келе турганын тээ жүрөгүмдүн бир бурчунда сезер элем.
– Сизди оорукчан бала менен көчөгө чыгарып салган эркекти кечиргенге кантип күч таптыңыз?
– Мен ким элем, аны кечирбей тургандай? Адамдар кээде өзүбүздү Кудайдын ордуна коюп алабыз. Ар ким өз кылыгы үчүн жооп берет. Эсептеше турган мен эмесмин.
– Кыйынсыз эмнеси болсо да...
– Сен дагы кыйынсың, аялдардын баары кыйын,- деди мээримдүү жылмайган аял.
– Мен сиздин ордуңузда болсом кечирбейт элем.
– Сен канчадасың?
– 20 жаштамын.
– А мен 45 жаштамын. Сендей убагымда мен да көп нерсени кечирбейм деп ойлончумун. Бирок жашыңа жаш кошулган сайын акылың ачыкталат. Башыңдагы тумандар тарайт. Жашоого башка бир өңүттөн карап каласың. Мен деле башында ыза болдум. Биз жолдошум экөөбүз баш кошкондо жаш эмес элек. Көптөн кийин балалуу болдук. Аябай бактылуу жашачубуз. Экинчи балам майыптык менен төрөлүп калганда күйөөм бизден баш тартты. Ал эле эмес, бүтүндөй үй-бүлөсү баш тартты. “Биздин тукумдан мындай оорукчан бала чыгышы мүмкүн эмес эле” дешти. Менден көрүштү. Жети атама чейин изилдешти. Ал аз келгенсип жөн эле эки баламды жетелетип көчөгө чыгарып коюшту. Ооба, кыйын болду. Бирок менде чоң стимул бар болчу. Эки балам! Ошол экөө үчүн башымды байлап коюп эмгек кылдым. Тез эле бутума турдум. Ушул жерден чакан үй алдым. Бишкекте тигүү цехимди иштеткен ишенимдүү сиңдилерим бар. Бир айда бир барып иштеп келем. Эмнеге Ысык-Көлгө келдим? Анткени майып бала менен шаарда жашоо кыйын эле. Балама да тынчтык, таза аба, бейпилдик керек болду. Кудайга шүгүр, берки балам чоңоюп шаарда окуп жатат, ал өз алдынча. Мага бул баланы Жараткан мени жана атасын сыноо үчүн берди. Атасы сыноодон өтө албай калды. Менден кийин үйлөнүп, балалуу болуп, ал кызы аутизм менен төрөлүптүр. Аялы баланы таштай салып, башка бир эркек менен Москвага качып кетиптир. Ал эмне кылат? Баланы жалгыз бага албайт. Мени издеп келди, кечирдим. Оорукчан кызы менен кошо кабыл алдым. Азыр эки оорукчан баланы багып келе жатабыз. Эгерде мен кечирбей койгондо эмне болмок? Күнөөсүз наристе кыйналмак. Атасы аны балдар үйүнө өткөрүп бермек. Же билбейм, балким, өзүнө кол салмак. Анткени ал моралдык жактан алсыз бир эркек болчу. Мен ал экөөнү тең сактап калууну чечтим. Сактап калдым дагы. Мен деле бир көр пендемин, Айкөлүм. Менде да кээде ыза, таарыныч болот. Бирок мага бул кабыл алууну, кечиримди дин берди. Динде болгонум үчүн кечиримдүү болууга үйрөндүм. Турмуштун сыноосун тек гана сабактай кабыл ала баштадым. Качпаганды, сыноого моюн сунганды билдим. Акыры жакшы болду. Чачыраган үй-бүлөм азыр бүтүн. Балдарымдын атасы бар, жанымда. Бул канчалык жакшы колдоо экенин бир мен, бир Кудай билет. Анткени мен уулум үчүн коркчумун. Мага бир нерсе болсо кимдин көзүн карайт дечүмүн. Азыр атасы бар. Атасы аны эркелетет. Дайыма жанында.
– Насиба эже, баары бир сиздей күчтүү аялды көргөн эмесмин.
Ал унчукпай жылмайып гана койду. Анткени Айкөлдө өзүнүкүнөн да көп күч бар экенин сезип турган эле.
ххх
Жеңиш менен Айжанар кызы келгенден бери санаалары тынчып калышты. Өзгөчө атасы бактылуу. Кирип-чыгып кызын айланчыктап эле турат. Мындан ары эмне кылгысы келгенин сурагысы келет, бирок даабайт. Ал кызынын кайрадан элге аралашып, кадимки жашоосун улантышын каалап жатты. Төрт дубалдын ортосунда камалып отурушун ойлогондо коркуп кетет. Бул нерсе аялынын да санаасында бар экен. Улам-улам үшкүрүп капталына оодарылып жаткан аялын карап калды.
– Ай, сага эмне болду?
– Эмне болсун, уйку качып жатат.
– Ии?
– Айкөлдүн келечегин ойлоп жатам.
– Эмне болуптур кызымдын келечегине?
– Бул эми күйөөгө тийбейт, айтты-койду дебе.
– Ой, тобо, күйөөсү жаңы эле каза болду го, эки айга жете элек. Сен эмитен күйөө деп...
– Азыр тие калсын деп жатат дейсиңби, акыры кандай болот тагдыры деп ойлоп жатам да.
– Убакыт баарын дарылайт, байбиче. Баары жакшы болот.
– Бизге бир нерсе болсо эмне болот? Же бир тууганы жок. Бул жашоодо жапжалгыз калабы? Менин го ата-энем, бир туугандарым жок. Сеникилер менин айымдан сени менен катташпай коюшту. Акыры жалгыз калабы деп ойлонуп кетсем уйкум качат.
– Кайдагыны айтпачы, түндө ушундай ойлор сага кайдан келет?
Нааразы боло күңкүлдөгөн Жеңиш төшөгүнөн туруп сыртка чыкты. Бактын түбүндөгү чарпаяда ойлонуп отурду. Чын эле, жалгыз кызынын тагдыры кандай болот? Айдарды унута алабы? “Аялың төрөбөйт, башка аял ал” деп туугандары кысмакка алганда таарынып кетип калган боюнча Жеңиш өз туугандары менен катышпай калган. Бул айылга көчүп келип, жаңы турмуш баштап жашап кетишкен. Жамандык-жакшылыкта барат, бирок коюн-колтук алышып мурункудай туугандары менен жакын эмес. Кызынын бөлмөсүнүн жарыгы күйүп турган экен. Анын дагы уйкусу качкан окшобойбу. Оор улутунуп алды.
Айкөлдүн кийинкисин ойлонгон ата-энесинен башка дагы бирөө бар эле. Акбар кээде Айкөл сахнага кайра чыкса деп ойлонуп, бирок бул оюнан тез эле баш тарткан учуру болду. Эмнеге дегенде аздыр-көптүр анын жан дүйнөсүн билип калды. Ал бул чөйрөдө жашап кете албай турган назик жан. Айкөл тууралуу ойлонуп отурса, кызынан телефон чалуу келди. Бул анын эркеси, Америкада окуган улуу кызы Наргиза эле.
– Атаке, кандайсыз? Эмнеге көп чалбай калдыңыз?
– Жакшы, кызым, баары жакшы. Убакыт болбой калып жатат. Өзүң кандайсың?
– Менде баары жакшы. Силерди ойлонуп эле тынчсызданып жатам. Апам капалуудай. Менден бир нерсе жашырбай элесиңерби?
– Кайдагыны айтпачы, кызым. Апаң, бир туугандарың баары жакшы. Бир аз сыркоолоп айыгышты. Болбосо баары жакшы.
– Ата, мен кичине эмесмин. Бир нерсе болуп жатканын сезип турам.
– Кызым!
– Ата, апамды жакшы караңыз. Бир нерсе болсо мага чалгыла, ээ?
– Сен окууңду гана ойлон.
– Макул. Ата?
– Ии?
– Мен сизди аябай жакшы көрөм...
– Мен дагы, кызым.
Акбар тутканы коюп оор үшкүрдү. Кызынын чырылдап турганы каңырыгын түтөтүп жиберди. Кичинесинен сезимтал. Атасына аябай жакын кыз. Апасын жанындай жакшы көрөт, бирок атасына байлануусу башкача. Атасынын кеч келген сүйүүсү анын да жанын жаралабаса болду. Атасын түшүнө алса, кечире алса экен. Акбар канчалык көп адам анын сүйүүсүнүн курмандыгы болорун ойлонуп алдастап коркуп кетти.
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |