№1184
(Башы өткөн сандарда)
01.03.ХХХХ. Мен кыялданган нерсе жок сыяктуу. Балким, мен дагы эл сыяктуу, эжеме окшоп турмушка чыгып, жөнөкөй эле келиндердин санын толуктайттырмын. Башым айланып жатат. Мына бүгүн жаздын алгачкы күнү. Күндөлүгүм, кечир, сени менен баарлашканга убакыт болгон жок. Акыркы аралыкта өзүм менен өзүм сүйлөшүп, бирде ыйлап, бирде күлүп, айтор, башка сыйбаган күндөр өттү. Бекзаттын мени алдап кеткени мага оор тийди. Куса болдум, ызаландым, күйдүм. Бир чети Адилетке кылган кыянаттыгым үчүн Жараткан мени жазаладыбы? Университетте эң көрүнүктүү, таанымал бийкеч болдум. Аселдин жардамы менен албетте, шүмшүк. Эптеп окуумду бүтүрүп жатам. Чындыгында окууга да көңүлүм жок. Депрессия болдум окшойт. Бирок көпкө ойлонуп, ушуну менен жашоо токтоп калмак беле деп бир күнү өзүмө суроо бердим. Бекзатты мен жөн койбойм. Бир күнү баары бир менден чоң сюрприз бар ага. Бирок ага чейин мен өзүмө-өзүм кам көрүп, ажарыма ажар кошушум керек. Мен чөкпөйм. Эркектин даамын эрте эле татып калган адам бир эле мен бекенмин? Баары жакшы болот. Мен сөзсүз кыялыма жетем.
05.03.ХХХХ. Кечээги күнү Айым бир жабык клубда официант болуп иштеп жатканын жана ал жакка жалаң чиренген байлар келишерин айткан эле. “Чайга деп көп акча таштап кетишет, кааласаң жумушка киргизип коём” деди. Көпкө ойлонуп, макул болдум. Эжеме жай отуруп түшүндүрдүм жана уруксатын алдым. Айым экөөбүз клубдун администратору менен жолугуп, сүйлөшүп, макулдашып келгенбиз. Анан бүгүн ал жактан түнү менен иштеп, таңга жуук келсем, эжем мени уктабай күтүп отуруптур.
– Мен сени жөнөтө албайт экенмин, тынч эле сабагыңа барып, келип эле жүрчү. Түнү менен ойлонуп чыктым, кайсы бир ою бузук адам сүйрөп кетсе эмне кылам деп,- деди.
Мен дароо эле сөз кайтардым. Экөөбүз кечке талашып-тартышып отуруп урушуп кеттик. “Тажадым, мен кетем” деп үйдөн атырылып чыгып кеттим. Жездем дагы бар эле. Экөөлөп дагы менин жолумду торой алышкан жок. Чыгып кеттим. Өз алдымча жашоо баштайм деп чечтим. Тажадым. Күндө келсем эжемдин мени ар бир эркектен кызганган кылыгын, сөзүн уга берип. Бир аз кечигип калсам эле мени баласынан беш бетер ойлонуп, ызылдай берет. Мен жакында он тогузга чыгам, чоңойдум. Качанкыга чейин жүрөйүн эжемдин этегин кармап? Азыр Айымдын батиринде отурам мостоюп. Ушул жерде калат окшойм.
15.03.ХХХХ. УФФ. Бизде таң. Жаңы эле жумуштан чарчап келип отурган чагым. Мына, клубда иштегениме 10 күн болду. Чынында, аябай кооз жер. Жалаң чиренген курсактуу кишилер, дардаңдаган байлардын балдары келишет. Жылмайып койсом 1000ден өйдө чайга акча таштап кетишет. Өзүмдү өзүм багып, ээн-эркин басып жыргап эле калдым. Эжем келген баягы күнү. Аман-эсен экенимди көрүп, жүрөгү тынчып кайра кетти. “Кайрылып барчы үйгө” деп жалдырайт. Көнгөн жокмун. Анан... Улантайын... Бүгүн түндө адатымча бир кардарды тейледим. Отуз бештин тегерегиндеги мырза десем болот. Кетип бара жатып менин номеримди сурайт. Текеберлигим кармап, берген жокмун. Эмне кыла алар экен деген ойдо көзүмдү серпе чыгып кеттим. Анан жана иштен чыгып бара жатсам, Айым экөөбүздү тосуп алды. “Жеткирип коёюн” дейт. Айым болсо “бас, кеттикчи, өзүбүз эле кетебиз, соо эле жүрөлүчү” деп тарткылайт мени. Мен оолугуп алгам, “макул” деп түштүм машинасына. Ичинен Айымды чакырдым. Айым ыза болду окшойт, тетири бурулуп басып кетип калды. Биздин унаа жүрүп кетти. Жол бою таанышып бардык. “Акбар” деп тааныштырды өзүн. Башка жарытылуу эч нерсе айткан жок өзү жөнүндө. Бирок колунда бар экени билинип турду. Үйгө жеткирген соң кетип бара жатып “көрүшкөнчө!” деп унаасын айдап кетти. Үйгө келсем Айым ыйлап жатат. Сооротуп азыр эле жаткырдым. Билем, аны капа кылдым. Бирок мен өзүмдү ойлошум керек эле. Мындай шанс ар күнү келе бербейт.
21.03.ХХХХ. Кимдин сөзү туура? Айтчы, күндөлүгүм. Самсаалап 5 жыл окуп, өзүңдү “жакшы” кыз катары алып жүрүп, өмүрүңдү сүйүү деп бир адамга байлап, аягы келип кадимки аялдардын катарын толуктап, үйдө 5-6 балаң менен ызылдашып, күйөөм иштен качан келет деп күтүп, куру нан менен чай ууртап отурган жакшыбы? Же өзүңө тың болуп, жашоо менен күрөшүп, бай адамды “чаап” алып, жаның жыргалдан ырахаттанып, эл жей элек мөмөнү жеп, эл айдай элек машинаны тээп, жүзүңө бир дагы бырыш түшүрбөстөн, дайыма сулуулук салондоруна барып өзүнө кам көргөн айымдардын катарын толуктаган мыктыраакпы? Айтчы. Албетте, жашоо менен күрөшүү керек. А мен болгону анын оңой жолун таап алдым. Акбар менен жакында мамиле куруп баштагам. Анын эмнеси бар экен. Болгону Айым жанымда отуруп алып: “Ал болбойт. Чоң эле кишинин оюнда бир гана нерсе болот. А сен жашсың, сулуусуң. Андан көрө артыңдан ээрчип жүргөн өзүң теңдүү эле жигит тапсаңчы. Мирзат. Кандай жакшы бала, эртең менен дайым күтүп алат сени. Сүйөт ошол чындап”,- деп мээмди чакты. Балким, курбумдун айтканы да туурадыр. Бирок мен өз жашоомду өзүм чечем. Мага азыр колунда ашыкча акчасы жок, орто айлыкка иштеген Мирзатка караганда чөнтөгү калың, оор, көптү көрүп, көптү билген Акбар ыңгайлуураак болуп жатат. Ал деле “үй-бүлөм жок, бойдокмун” деди. А эмнеси бар экен? Өмүр бою көзүмдү карайт, эркеси болуп өтөм. Себеби менде ага керек жаштык жана сулуулук бар.
Айым бассам-турсам мага акыл үйрөтчү болду. “Курбум, Акбар менен сүйлөшсөң макул, бирок ага ишенбе. Ал чал сени алдап кетпесин. Бир нерсе болсо мага кабарла. Жетип бара калам” дейт. “Койчу” дедим күлүп. “Ушунча жыл сактап жүргөн тазалыгыңды, кайдагы бир карыган чалга берип койбо. Сен андан мыкты жигитке татыктуусуң” дегенде эмне дээримди билбей эле туруп калдым. Эх! Бала кыял курбум менин, менин качан эле аруулугумдан ажыраганымды билсеңчи. Билем, мен мыкты, сулуу, жаш жигиттерге татыктуумун. Бирок андай мырзалар же колунда жок же Бекзатка окшоп шүмшүк болушат. А мен эркектин каалоосу, арзуусу болгум келет. Мына, Акбар мени бүгүн чайханага алып барып сыйлап келди. Жөн гана тамактанып отурдук, ашыкча эч нерсе болгон жок. Мен азыр жакындашуудан айбыгып турам. Билем, эртели-кечпи баары бир Айым айткандай бул чал менен бир төшөктө болушума туура келет. Бирок азыр мен абайлашым керек. Адегенде жакшылап текшерип алууну чечтим. Аябай билимдүү киши экен. Мен билген жана билбеген көп нерсени айтып берди. Сүрөттөп берейинби? Бою узун, сулуусумак келген мырза. Аябай билимдүү жана акылдуу, байкашымча. Дайым классикалык стилдеги кийим менен жүргөнүн көрөм. Мүнөзү башкага билбейм, мага жумшак. Эркелетет, жакшы сөздөр менен мени мактап турат. Романтик. Жолуккан сайын гүл алып келип жатат. Айтор, ушундай мырза. Анан эмнеси Айымга жакпай жатат, билбейм.
26.03.ХХХХ. “Уррраа!” десем болчудай. Бүгүн жумуштан чыгып кеттим. Акбар “иштебей эле кой, сени өзүм камсыздап турам” деди. Үйдө талтайып жаттым. Бүгүн дем алыш күн. Айым бышылдап уктады. Түнү менен иште болуп чарчады да. Бүгүн үйгө Акбар келип кетти. Үчөөбүз бири-бирибизди тиктеп отурабыз кичинекей бөлмөдө. Акбар зеригип кетти окшойт. Мени ээрчитип алып үйдөн чыгып кеттик. Курбум калып калды. Акбар мени машинасына салып алып бир чоң үйдүн алдына алып келди...
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |