Керим Турапов, Даниель: «АЯЛ, СЕН ДҮЙНӨДӨ АСЫЛ ЖАНСЫҢ!»

№435 4-10-март, 2011-жыл


Аялзат – чалкыган деңиз, мээрман жан. Асылзаттарга кандай гана мактоо сөздөрдү айтсак да жараша берет. Алдыда 8-Март. Дал ушул аялзатынын эл аралык майрамына карата ырчылар Керим Турапов жана Даниель жакшы тилектерин айтып, маек куруп беришмекчи.

Керим Турапов: “КЫЗЫМДЫН ИШТЕРИНЕ КИЙЛИГИШПЕЙМ”
– Керим мырза, аялзатындагы баалаган сапаттарыңыз...
– Дүйнөдөгү бардык аялзатын баалайм, ошондуктан алардын тигил же бул сапаттарын санап бүтө албайм го. Аларды бир гана сөз менен ааламдагы асыл сапаттардын ээлери дегим келет.
– Турмуштун тизгинин бирге тарткан,
Ачуусун, таттуусун да бирге таткан.
Ким болду экен жарыңыз,
Жашоодон арзып тапкан?
– Жашоодон арзып тапкан жубайым менен кол кармашканыма 30 жыл болду. 1977-жылы Оштогу музыкалык окуу жайга чогуу тапшырып, ошол жерден таанышканбыз. 4 жыл кыз-жигит катары жүрдүк. Ал аралыкта бири-бирибизди жакшы эле сынап, элегибизден өткөрүп калган элек. Ошентип, 1981-жылы баш коштук. Жеңеңердин аты – Салия.Бир уул, бир кызыбыз бар.
– Турмуш болбос уруш-талаш, жаңжалсыз,
Таарынтканда кантип тилин табасыз?
– Ушуга чейин бир да жолу урушкан эмеспиз десем, чындыкка коошпой калат. Кээде жубайым тултуңдап сүйлөбөй калган учурлар болот. Бирок мен кечиримдүүмүн. Сүйүктүүм мага кандай таарынса, ошол замат тамашалап отуруп таарынычын жазып алам.
– Сиздин колуңуздан кандай тамактар мыкты даярдалат?
– Мактангандай болбоюн, бирок бардык эле тамактарды даамдуу жасоо колумдан келет. Кээ бир майрамдарда жакындарым мен жасаган тамактарды тамшанып жешет. “Мен эркекмин, кийлигишпейин” дегенимден улам эле ашканага көп аралашпайм.
– 8-Мартта жубайыңызга тартуулаган эң кымбат белек...
– Аялзатынын көңүлүн ала турган нерсе – гүл. Ошондуктан жыл сайын кызым менен жубайыма гүлдесте тартуулайм.
– Кызыңыз да ыр дүйнөсүнө аралашып жүрөт...
– Айтурган кесиби боюнча пианист. Анын пианист катары дүйнөлүк аренага чыгышын каалайм. Мен анын ырчылыгын хоббиси дээр элем, ошол эле учурда кызымдын иштерине кийлигишпейм. Болгону, жүрөк тандаган кесиби менен келечекте иш алпарарына ишенем.
– Алгачкы махабатыңыз эсиңизге түшүп турабы?
– Окуучулук куракта жакшы көрүү сезимдерине кабылып, кат жазуу менин деле башымдан өткөн. Бирок аларды “менин сүйүүм” деп айтпайм. Мага бар өмүрүн арнап, бакытыма бакыт кошкон түгөйүм турганда эч кимди эсиме түшүрбөйм.
­– Жаз майрамына жакшы тилектериңиз...
– Бардык айымдарды куттуктайм. Ар дайым биздин жаркын жашообуз үчүн бар болуңуздар.

Даниель: “КЛАССТАШ КЫЗЫМДЫН АРТЫНАН ЧУРКАП...”
– Даниель кайсы тамакты тамшанып жейт?
– Гюро лагманды. Бирок тамактарды тандай бербейм. Айрыкча айымдар ашканадан чыкпай берилип жасаган тамактарга кайдигер карабайм. Өзүм болсо аялзатына тиешелүү иштерди жасап көнгөм. Ашкананын, дегеле үй ичинин таза болушун баалайм.
– Бирөөгө белек берерде кантип тандайсың?
– Алгач мен белек берчү адамдын эмне буюму жок экендигин байкатпай билип алам да, ошого жараша белек алам. Мисалы, бир жолу апам капчыгын жоготуп алганын кулагым чалып, дароо сатып берүүгө ашыккам. Ошондой эле ар бир майрамда бир тууган эжемди да унутта калтырбайм. Ага көп учурда өзүнө жаккан зер буюмдарды белекке берем. Учурдан пайдаланып бардык айымдарды майрамдары менен куттуктайм. Маңдайыбызда бар болуңуздар, асылзаттар!
– Сүйлөшкөн кызың болсо керек...
– Азырынча жүрөгүмө жаккан кызды учурата элекмин. Кыялымдагы бийкеч мени гана эмес, ата-энемди да кадырлап-сыйлаган, түшүнүктүү, балдарымдын сүйүктүү апасы жана жөн гана жароокер жар болсо.
– Махабат бар жерде машакат бар эмеспи, азап тартып көргөнсүңбү?
– Менимче, ашыктык азабы бардыгыбыздын эле башыбызга келсе керек. 9-класста окуп жүргөндө классташ кызымды жакшы көрүп калып, артынан көп убакыт чуркагам. Бирок ал сүйүүмдү кабыл албай койгондо бир досум айтып калды, “сен дагы өзүңө кылгандай мамиле жасап койсоң, сенин артыңдан чуркап калат” деп. Кийин чынында эле өзү сүйүүсүн арнап калса болобу. Кийинчерээк окуусу боюнча Лондонго кетип, ошол жактан чалып жүрдү. Муну менен кыздарга ушундай мамиле жасаш керек дебейм. Болгону, ошондой жагдайга туш болгонумду эстеп кеттим.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg


Маек - Даниель

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(12)
SUPER.KG видео
04.03.2011. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
голос мынча балдай ширин...
05.03.2011. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат...куттуктоолорго...
Анан бир критика журналисттердин суроолору кайталана берет жана тажатма... Бир жакшы суроолорду башкача берсе болот эле...малаховдой бир кутпогон суроо бере алышпайбы...
05.03.2011. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уууфф Даниельдин албарстыдан айырмасы калбай калыптыр го
05.03.2011. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даниелге эч ким жетпейт,ал просто суппер бала.
07.03.2011. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat Danya)) pomni 4to mi tya lyvbim,,ee kak tam s tvoim obewaniem a ?))
Daniel ti u nas lu4wii)) tolko volosi tebe 4ut podstri4 nad))) Danya letooom)))
SUPER.KG видео
08.03.2011. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыыы
SUPER.KG видео
08.03.2011. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaaaaniii
SUPER.KG видео
12.03.2011. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lapochkaaa
19.03.2011. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamalenok tebe ne vse ravno!Posmotrel by ya na tvoyu ROJUUU!!!!
SUPER.KG видео
01.04.2011. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat,jakwu suiloit eken!jonokoi,tak,myndai dep oilobogom!
SUPER.KG видео
24.10.2011. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
онанай суйом да ушул жигити... :-*
31.01.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул мырза кайда журду экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо