Артист, өрт өчүрүүчү, мотожарышчы – Ван ибо

№1184

Окурмандарыбыздан “кытай актёру Ван Ибо тууралуу маалымат бериңиздерчи” деген сунуш түштү. Чыгармачылык, спорт, кайрымдуулук сыяктуу иштердин баарын чогуу алып жүргөн бул инсандын өмүр жолу чынында эле кызыктуу экен. Кытай киносунун же музыка дүйнөсүнүн күйөрманы болсоңуз, бул макала сиз үчүн.

 

Туулган жери: Кытай, Лоян

Туулган жылы: 1997-жыл, 5-август

Жылдыз белгиси: арстан

Бою: 180 сантиметр

Кесиби: актёр, ырчы, бийчи, алып баруучу

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Жүрөгүңө чабуул жасоо”, “Багынбас. Чэньциндин башчысы”, “Фэй тууралуу уламыш”, “Күтүүсүз махабат”, “Жашыруун канжар”, “Асман падышасы” жана башка

Белгилүү ырлары: «Falling in love», «Born To Fight», «Celebrate», «EOEO», «No Sense» жана башка

Түштүк Кореядагы атактуулук

Төрөлгөндөгү аты-жөнү Ван Цзе, чыгармачылыкка аралашкандан кийин Ван Ибо кылып өзгөртүп алган. Сыналгыдан музыкалык клиптерди көрүп жүрүп музыканы, айрыкча бий дүйнөсүн сүйүп калганын эскерет балалыгына кайрылганда. 11 жашынан баштап бийге олуттуу киришип, түрдүү сынактарга, кастингдерге бара баштаган. Анын аракети хореографтардын, болгондо да Түштүк Кореядагы музыкалык компаниянын өкүлүнүн купулуна толгон экен. Анын чакыруусу менен Ибо 2014-жылы Сеулга көчүп келе берген. «Uniq» деп аталган бойз-бэнддин курамына кошулган жигит рэпер, ырларга бий койгон хореограф, бийчи да болуп калган. Аталган топ 4 жыл активдүү иштеп, көптөгөн күйөрман топтоп, бирок 2018-жылы тарап кеткен. Андан кийин Ван Ибонун жеке чыгармачылыгы башталды.

Кино дүйнөсүн багынтуу

Жеке ырчы катары алгачкы музыкалык альбому 2019-жылы чыкты. Андан бери ырчылык карьерасын да активдүү жүргүзүп келет. Ошол эле учурда кинодо да аты таанылып калган. Тасма талаасындагы дебюту 2016-жылы эпизоддук роль менен башталган эле. Бир жыл өтпөй “Шушань менчик мектеби” сериалында башкы ролду алууга жетишкен. Актёр катары дүйнөлүк атактуулук алып келген деп “Жүрөгүңө чабуул жасоо”, “Багынбас. Чэньциндин башчысы”, “Фэй тууралуу уламыш” сериалдарын атасак болот.

Баса, киного аралашуу менен катар алып баруучулукту да сынап көрдү, өзүнө жактыбы же көрөрмандаргабы, айтор, өзүнө тиешелүү телеберүүлөрү бар профессионал алып баруучулардын катарында.

Бийчи болуу кыялы

Кичинесинен бийчиликти кыялданчу эле. Ал кыялына ашыгы, керекпи ырчылык, актёрлук кошумчасы менен жетти окшойт. Кыялын азыр деле таштаган жок, керекпи башкаларга үйрөтүү менен да алектенет. Мисалы, 2018-жылы “Creation 101” аталышындагы бийчилер таймашында устаттын кызматын аткарган. Ал жаш бийчилерге мотивация болсун үчүн “кичине чагымда миокардит (жүрөк булчуңунун сезгенүүсү) дартына чалдыккам. Дарылануу процессинде көп убакыт бийди унутууга туура келди. Бирок бийди таштагым келген жок. Эсимде, ар бир паны (бий кыймылы) кайра башынан үйрөнүп, күнүнө 6 сааттан бийлеп машыккан учурлар болгон” деген сөзүн айткан. 2020-жылы “Street Dance of China” долбоорунда Ван Ибонун канатында сынакка катышкан бийчилер тобу жеңишке жетишкен. Бул долбоорго 2022, 2024-жылдары да устат катары катышты. Айтор, анын бийчилик талантын баалагандар, андан үлгү алам дегендер көп.

Көп балалуу болгусу келет...

“Бир эле балалуу болууга каршымын...” долбоорун колдоп чыккандардын бири. Кытайда көп балалуу болуу маселе жаратат эмеспи. Дал ушул эрежеге Ван Ибо каршы экенин ачык айтып келет. Коомго тиешелүү маселелерди колдоп, активдүүлүк көрсөткөнү менен, өзүнүн жеке жашоосун сыр тутат. Убагында анын ориентациясынан шек жараткандар да болгон, бирок 2018-жылы Кытайдагы “Sparkle Roll Group Ltd.”  ири компаниясынын мураскери, модель Эмили Ци менен кыз-жигит деген маалымат чыгып, андан мурунку шектүү имиштерге чекит коюлган. Актёр да, модель да мамилесин ачыктабаганы менен, экөөнүн чогуу жүргөн, кучакташкан сүрөт-видеолору интернет айдыңында бар. Учурда Ван Ибонун жүрөгүнүн ээси барбы белгисиз, бирок ал дале бойдок.

Учурда...

Дагы деле чыгармачылыкта активдүү. 2023-жылы актёр башкы ролду ойногон “Кыялга кадам” тасмасы прокатта 911 миллион юань топтоп, кытай кинематографиясында спорт тууралуу эң кассалуу тасма болуп калды. Ал эми “Жашыруун канжар” триллериндеги ролу үчүн “Оскардын” кытай аналогу болуп эсептелген “Алтын короз” сыйлыгына көрсөтүлгөн. Андан сырткары бий сынактарында дагы деле устат болуп жүрөт. Жыл сайын анын катышуусунда тасма-сериалдар жарык көрүүдө.

Кыскача маалыматтар

- Ван Ибо 2019-жылы кадимкидей эле өрт өчүрүүчүлөрдүн окуусун аяктап, сертификат алган. Учурда Хунань Жылдыздуу ыктыярчы бригаданын курамындагы өрт өчүрүүчү. Таасирдүү адам катары өрт коопсуздугун сактоого чакырган долбоорлорго активдүү катышат.

- Филантроп. Коронавирус пандемиясында алдынкылардан болуп кайрымдуулук жасап баштагандардын катарында. Акча которуп гана тим үйдө отурбастан, абал оор аймактарга медициналык, коопсуздук каражаттарын ташып барып турган. Азыркы күндө кароосуз калган жетим балдарга жардам көрсөтүп, коомчулукту да кайдыгер карабоого үндөп келет.

- Китептин адам жашоосундагы бийик орду, пайдалуулугу тууралуу иш-чаралардын жүзү. 

- Спорт дүйнөсүнөн да алыс эмес. Ал Кытайдагы “Yamaha China Racing Team” автожарышчылар командасынын мүчөсү, тагыраагы, Ван Ибо профессионал мотожарышчы. Андан сырткары скейтбординг, сёрфинг менен алектенет.

- Forbes журналында “Дүйнөгө таасири бар адам”, “Дүйнөдөгү сулуу адам”, “Чыгармачыл дүйнөдөгү бай адам” тизмелеринде байма-бай аты жаңыртылып турат.

Асыл Орозбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо