Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Парламент жакында тарайбы?

№1184

Маалымат мейкиндигинде Жогорку Кеңеш тарайт деген маанайдагы маалыматтар көбөйө баштады. 19-августта депутат Исхак Масалиев парламент тарай турганын кыйытты. 

– Жакында бизди (депутаттарды) эркиндикке чыгарабыз дешет. Тескерисинче, өздөрүн чыгарабыз...- деп жазды социалдык желедеги жеке баракчасына.

Теманы улай айрым жарандар “эгер парламент тараса, жаңы шайлоого талапкерлигимди коём” деп жарыялап жатышат.

График боюнча, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын дагы 1 жылдан ашык мөөнөтү бар. Келерки шайлоо 2026-жылдын күзүндө өтүүгө тийиш. Айрымдар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү мүмкүн дегенди жакында кабыл алынган мыйзамга негиздеп жатышат.

Быйыл июнь айында президент Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзамга кол койгон. Мыйзамдын жаңы редакциясы депутаттарды шайлоо системин өзгөртөт. Мисалы, өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары жазылган. Мындан тышкары мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо