№1185
(Башы өткөн сандарда)
Ошол каргашалуу күндүн башталышы Айкөлдүн эсинде өмүр бою калды. Таң атпай атасы, апасы, өзү, үчөө тең ойгонуп намаздарын окуп, эмнегедир эрте эле “чай ичели” деп чечишти. Көптөн бери минтип көңүлдүү отуруша элек эле. Айдардын каза болгонуна жарым жыл болгон, Айкөл эми элге аралашып, ууртун жылмаюу аралап келе жаткан.
– Кечээ эртең менен көйнөгүмдү тескери кийип алыптырмын, апаң да айтып койбойт,- деди жылмайган Жеңиш.
– Мен да байкабаган экенмин,- деди күлүмсүрөгөн Айжанар.
– Ошол көйнөк менен базарга барып, эл аралап жүрө бериптирмин, баары эле мени карайт. Эмне болду экен десем, көйнөгүм тескери...
– Атаке, сизге көйнөк тескери болсо деле жарашып калса керек. Эң жарашыктуу атасыз!- деди Айкөл атасынын моюнунан кучактай берип.
– Ошо да, кызым мактабаса мени эч ким мактабайт.
– Жерге батпай калдыңбы?
Ата-эне маңдайы жарыла тамашалашып отурушту. Аларга эмне, жалгыз кызынын көңүлү ачылса ошол күн майрамга айланат. Айкөл да “ушуларды жалдыратпайынчы, ушулардын маңдайы ачык болсунчу” деп күйүтүн ичине катып, жашоого бел байлаган.
– Ата, апа, мен силерге аябай ыраазымын!- деди эмнегедир күтүүсүз эле.
– Эмнеге, кызым?
– Бир да жолу мага бул кылыгың туура эмес деп кагып же маанайымды түшүргөн жоксуңар. Мен көп ката кылдым. Эзип койдум силерди. Бирок мага эч качан жаман сөз тургай, жактырбаган көз менен караган жоксуңар. Мен кандай бактылуу кызмын. Силер барсыңар. Мен силерге жакшы кыз боло албадым. Бактылуу да кыла албадым. Колумдан эмне келет силерди бактылуу кылыш үчүн, аны да билбейм. Эмнеси болсо да силер үчүн жашоого бел байладым. Мугалимдик кесипке окуюн деп жатам, ата. Сырттан окуй берем, айылдагы мектепте мага орун бар экен. Жаныңардан чыкпайм. Менин эми бара турган жерим да калбады...
Ата-энеси ойлуу отуруп калышты. Жеңиш оор улутунуп алып мындай деди:
– Кызым, сен бизди бактылуу кылам десең, өзүң бактылуу бол. Жаныбызда туруп, бирок бактысыз болсоң, ал жарабайт. Бизге жакшылык кылам десең, жүрөгүңдө эмне максатың болсо ошону аткар. Сен Ислам институтунда окуйм деп жатканыңды Насиба менен сүйлөшүп жатканыңда уктум эле. Бизди жалгыз таштабайын деп мугалимдикке тапшырганы жатасың. Бул туура эмес, кызым. Сен оюңда эмне болсо ошону аткар, кайда болсоң да сен бактылуу болсоң, биз ошого ыраазыбыз.
– Атаке...
– Тагдыр ушул экен, Кудай сенден башка перзент бербеди бизге. Сени берип койгонуна эле ыраазыбыз. Ата-эне тек бир гана учурда бактылуу болот. Качан анын балапаны канатын күүлөп, өз багытын карай учуп бара жатканын карап турганда... Ошондуктан уч, бийик уч.
Айкөл атасын кучактай берди. Тер аралашкан, кичинесинен тааныш, жүрөгүнө жакын жыт. Өөп-өөп алды. Жанында турса бир кызыктай кусалана түшкөнүн сезди. Аларды жадырап карап турган апасын да кучактады. Экөө бирдей Айкөлдү жыттап алышты. Бул алардын акыркы бактылуу көз ирмемдери эле. Шаарга бара жатып ата-энеси жол кырсыгына кабылышыптыр. Ошол жерден экөө тең жан таслим болушкан экен. Айкөлдүн кабары жок эле, өңү купкуу болуп үйгө кирип келген кошунасы Асан эмне дээрин билбей туруп калды.
– Асан аба, эмне болду сизге?
– Айкөл, тиги... эме...
– Эмне болду?
– Жеңиш абам менен жеңем...
– Атамдарга эмне болду?
– Жолдо машине сүзүп кетиптир.
– Эмне-е?
– Экөө тең... ошол жерден... кетишиптир...
Айкөл ишенбегендей башын чайкады. Эртең менен эле сопсоо экөө тең маңдайында отурбады беле. Кантип эле ушундай болсун?
– Ушундай да тамаша болмок беле? Атам менен апам экөө тең бир саат мурун чыгышты го.
– Айкөл...
– Ооруканага баралы, Асан байке...
Айкөл эшикке чыкмакчы болду, бирок кошуналар сөөктү алып келип калышкан экен. Машинеден түшүрүп жаткан ата-энесинин сөөгүн көргөндө калтырап кетти. Башын чайкады. Мүмкүн эмес.
Кимдир бирөө жанына чуркап жетти. Караса Насиба эжеси экен.
– Кайрат кыл, кызым...
Айкөл башын чайкады. Эч ишенбеди. Элдер жабылып боз үйгө киргизип жаткан ата-энесин карап тура берди.
– Ата, апа?
– Алда байкушум ай,- жанындагы аялдардын бири чыдай албай ыйлап жиберди.
ххх
Канчалык кабыл алгың келбеген менен жашоонун акыйкаты ушул. Акылына ушул жеткенде Айкөл бардык күчүн жыйнап, ата-энесин акыркы сапарга узатып жатканда элдин башында турду. Айкөл бул ата-энесине болгон акыркы кызматы экенин сезип жатты. Өзүн жыгылып түшөйүн деп калганча карманды. Ариетин, зыйнатын кылды. Сөөк коюлуп, эл тарагандан кийин бир тамда жалгыз калганда гана шалдырай жыгылды. Жашоодо ал үчүн эч нерсе калбагандай, кармана турган эч бир илинчек таба албагандай жаны сыздады. Эми араң Айдарды жоготконуна баш ийип, ата-энесине карманып жашайын деп жатпады беле. Жашоосунда эми бир кубаныч таап келе жатты эле го. Максат коюп, эми жашайын дебеди беле. Такыр түп тамырынан бери үмүт-тилеги кыркылып калгандай. Куран окутуп келгендерге кызмат кылып, элдин аркасы сууганча эки айдай өттү. Андан кийин ордунан турганга күч таба албады. Жыгылды. Жатканы жаткан, тамак да иче албайт. Анын кызматы ушуну менен бүткөндөй. Баарына кайдыгер.
– Айкөл, Жеңиш абамдын малдарын айдап келдим. Эмне кылайын?- деди кошунасы Асан бир күнү ага баш багып.
– Билбейм, аба. Эмне кылыш керек?
– Багыш керек да малды...
– Хм...
– Байкуш абам, сенин жакшылыгыңа, “неберелүү болсом мал атайм” деди эле. Көп мал чогулткан.
– Сатып жибериңиз.
– Сатайынбы?
– Ооба, акчасына атам менен апамдын атына мечитке куран окутуңуз, калганын жетим балдар үйүнө өткөрүп бересиз.
– Баарынбы? Сенчи? Сага керек болот го?
– Менби? Мен бармынбы? Жашаймынбы?
– Карындашым, антип айтпа, унутулат баары...
– Дарбазаны жаба кетиңизчи.
Ушуларды айткан Айкөл кайра кирип атасы менен апасынын керебетине жата кетти. Алардын жыты сиңген кийимдерди кайра-кайра жыттайт. Эшикке да чыкпайт, тамак деле ичпейт. Ушундай абалда жашап жатты. Бир күнү эшик чоң ачылды. Эшик-терезенин баарын тумчулап жаап салган Айкөл күндү көптөн бери көрө элек эле. Көздөрү уяла түштү. “Ким бул?” деди акылында.
– Сен ушундай абалга түшүп калдыңбы?
Не ыйлаганы, не кейигени белгисиз күңгүрөнгөн бир адам аны төшөктөн көтөрүп баратканын сезди. Эч тургусу келбеди. Атасынын калпагын көкүрөгүнө кыстарган боюнча бир нерсе дегенсиди. Эс-мас абалы менен кимдир бирөө машинеге салганын, ооруканага жеткиргенин сезди. Тамчылатма дары менен уйкуда жаткан жаш келинди врач боору ооруй карап турду.
– Байкуш, канча убактан бери тамак жебеген экен. Организм аябай алсыраптыр.
– Эч кимдин башына келбесин мындай нерсе, бир үйдө жалгыз калды. Алгач күйөөсүн, кийин ата-энесин жоготту. Ким болсо да жинди болуп калмак.
– Эч нерсе эмес, бир аз күндөн кийин жакшы болуп кетет.
– Баса, муну алып келген киши ким экен? Туугандары го, ээ?
– Билбейм, дагы деле коридордо ыйлап отурат.
Өз ара сүйлөшүп жаткан врач менен медайым Акбарга боору ооруй сөз кылып жатышты. Ал ыйлап жатты. Качан минтип ыйлаганы эсинде жок, балким, апасын жоготкондо ыйлагандыр, балким, бир тууганынан айрылганда ыйлагандыр. Азыр болсо жанындай көргөн адамын ажалдын колунан сууруп алганына сүйүнүп, бир чети анын жалгыз калганына жаны ачып буркурап ыйлап жатты...
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |