Күндөлүк (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

№1185

(Башы өткөн сандарда)

 ... Бул үйү окшойт дедим. Бирок бул жерде башка эле адамдар жашайт экен. Жаш үй-бүлө. Мен машинадан түшпөй отурдум. Ичинен орто курактагы мырза чыкты. Экөө көпкө сүйлөшүп турушту. Тигил мырза “үйгө кириңиз” дегендей кылып жатты. Акбар көнбөй, кол алышып келип жаныма отурду.

– Булар кимдер? 

– Сен сөзсүз эле билишиң керекпи? 

– Ооба.

Мени карап, бир жылмайып алып айтып берди. Бул анын үйлөрүнүн бири экен. Дагы канча үйү бар билбейм. Бирок көп экенин сүйлөгөн сөзүнөн эле байкап койдум. Бул мамлекеттик жумушта иштегендиктен (аны да сыр кылып айтпай койду), көп байлыктын ээси болуу кооптуу экен. Эми кандай кооптуу? Болгону ал мүлктөн маалымат эгер жогору жакка жетсе, андан ажырап калышы ыктымал экен. Ошондуктан бош үйлөрүн ушундай жаш үй-бүлөлөргө жашап, карап туруш үчүн берип коёрун айтты. Мдаа... Мен ким менен мамиле куруп жатам? Жолдо бара жатып мүмкүнчүлүктөн пайдаланып “кандай кооз үй. Кичинемден ушундай үйдө жашоону тилек кылчу элем. Мени эле киргизип койбойсуңбу? Мен деле алардан кем кылбай карап берем. Анын үстүнө биздин жашаган жерди көрдүң го? Адам уяларлык” деп эле сөзүм бүтпөй койду. Ал “кой, булар канча жылдан бери жашашат. Мага жакын болуп калышты, балдары да бар. А сен жашсың” деп оозумду басты. Аябай кыжалат болдум. Барар-баргыча сүйлөбөй, тултуюп бардым. Бир убакта Бекзаттын үйүнө окшош чоң хан сарайга келип токтодук. Бир заматта акмак Бека эске түшүп, денем дүркүрөп кетти. Чык дегендей Акбар эшикти ачты. Түштүм. Дарбазадан ичкери киргенде эле көздүн жоосун кулпуруп турган гүлдөр жана бакча алды. Жаз эми гана келгенине карабай ичи ушунчалык кооз жана жапжашыл эле. Жүгүрүп барып гүлдөрдү жыттап калдым. Ал кооздук али да көз алдымда элестелип турат. Бир топ убакыттан кийин Акбар экөөбүз үйдүн ичинде жерге дасторкон жайып алып тамактанып отурдук. Столдор бар экен. Болгону Акбар “жерге отуруп тамактангым келип жатат” деди. Кеч кирип калган, үйгө кетели десем Акбар “ушул жерде калабыз” деди. Тостоюп карап калсам, акырын жаныма жылып келип, мени чачымдан сылап “кандай гана ажарлуусуң. Сени жаш балача сүйүп калдым окшойт” деп акырын эринин менин моюнум тарапка алып келип жатканда мен түртүп “мен даяр эмесмин, Акбар. Башка күнү, ээ?” десем, “бүгүнбү? Эртеңби? Айырмасы кандай? Келчи мага, өзүңдү таштачы” деп мени кучактап басып калды.

Чынын айтайын, бул түн мен үчүн жагымсыз болду. Эч бир сезим оттой болуп күйгөн жок, денем албууттанган жок. Жөн гана денемди ага арнап жатып бердим. Бул түн баары бир бүгүн болбосо башка күнү болмок. Таң атпай мени өпкүлөп ойготкон Акбардын ысык эрининен көзүмдү ачтым. Экөөбүз жаткан бөлмөдө чоң панорамалык терезе бар эле. Тим эле бөлмө ичи жапжарык, эшикте күн ачык, айланада чымчыктын сайраганы угулуп турду. Акбар толук кийинип, көйнөгүнүн жеңдерин топчулап жаткан экен. 

“Макул, жаным, мен иштер менен кеттим. Сен кенен эс ал, алдынкы кабатта столдун үстүнө акча таштап коём, керектүүңдү аласың, курсагыңды ачырба” деди.

Мен таң кала “мен ушул жерде каламбы?” десем, жаныма басып келип, мени өзүнө имере эрдимден өөп “бул үй сеники. Жанагы кепеңден көчүп кел. Сен жашайсың эми бул жерде” десе сүйүнүп кетип, коюнуна өзүмдү таштап, бетинен өөп-өөп жибердим. Ишене албай турдум. 

“Айым аябай сүйүнсө керек” десем, “жок, эч кандай курбуларың келбесин. Өзүң эле жашайсың. Мен сага тез-тез келип турам. Мен келгенде сен мени жалгыз эле тосуп алышың керек. Бул экөөбүздүн үйүбүз болот” деди эле капа боло түштүм. Мен курбумду таштай албайт элем. Акырын туруп кийинип, “мен анда бул жерде тура албайм” деп тултуюп калсам “ай, макулчу. Чогуу жашай бергиле. Бирок! Мен келе жатканда сага чалам. Курбуң экөөбүз көрүшпөшүбүз керек, макулбу?” деди. Сүйүнгөнүмдөн башымды ийкеп, чоң кроваттын үстүндө жаткан бойдон кала бердим. Ох, чиркин! Бир кездеги кыялданган максаттарым акырындап ишке аша баштады го. Тезинен Айымга билдиришим керек. Тезинен... Көрүшкөнчө, күндөлүгүм...

 

 

26.04.ХХХХ. Бүгүн апрель айынын жыйырма алтысы. Менин туулган күнүм. Он тогуз жашка толдум. Азыр баары бүттү. Бирок сен билбейсиң да. Мен сага бүгүнкү күндү кандай өткөргөндүгүм жөнүндө айтып берейин. Айымка экөөбүз менин үйүмө көчүп келгенбиз. Албетте, окууга алыстык жаратат. Бирок ага да кайыл элек. Жатаканабыз бекер жана кенен, кооз болгон соң. Тим эле өз үйүмдөй сүйүнүп, Айымга сүйүнчүлөгөм. Билем, бул үй мага убактылуу эле берилди. Бирок ал маселени оңдоп коюш оңой. Биздин көчөдө жалаң байлар жашашат экен. Бийик такалуу туфли, кымбат баалуу кийинген жаш кыздар өтүп калышат биздин көчөдөн. Кечинде өзгөчө Айым экөөбүз үйдүн экинчи кабатындагы балкондон карайбыз да, суктанып. Сулуу-сулуу жигиттер да жок эмес. Кызыгып калабыз. Баары ачык болушу үчүн курбума Акбар менен жашап жатканымды айттым. Ал деле сезип жүргөн экен. Бирок менин оозумдан укканда капа болду. Ичимден “бул кызга эмне?” деп коём. Бир чети мага күйгөн адам бар экенине да сүйүнүп кетем. Эгиз коёндой болуп экөөбүз түштө сабакка ээрчишип кетебиз. Чыккан соң мен үйгө кетем, ал жумушка жөнөйт. Кечинде Акбар келет, колуна гүлүн көтөрүп алып. Таңга жуук айтпай-дебей кетип калат. Бир жолу “эмнеге мени менен жашабайсың?” десем, “азыр эрте, убагы келсин, баш кошобуз. Ошондо ачык, ээн-эркин жашап калабыз. Антпесе эл сөз кылат” деп оозумду жапты.

Бирок бул кишиде бир сыр жаткансыйт. Баса, мен отуз бештеги жигит менен сүйлөшүп жүрөм десем, Акбар 46 жашта экен! Ойлонуп, Айымдын “чал” дегенинчелик эле бар экен да деп койдум. Жаш көрүнөт экен. Ал эми эжем менен телефон аркылуу сүйлөшүп турам. “Үйгө келип кет, сагындым” дейт. “Барам” деп коюп, эч эле кол бошобойт. Мирзат шүмшүк “алар башка жакка көчүп кетиптир” деп эжеме айтып коюптур. Аны дагы сурады. Бирок азырынча бул үй жөнүндө айткандан тартындым. Мирзат мага күндө кечинде келчү да. Азыр жашаган жеримден таппай, кыжалат болуп жүргөн экен. Ошол, анан бүгүн туулган күнүм болуп, Акбарга “өткөрүп бер” десем макул болду. Ресторанда туулган күнүмдү белгилеп, бардык тайпалаштарымды чакырдым. Билесиңби? Эгер сен өзүңө тың болуп, чөнтөгүңдө акчаң болуп турса, өмүрү сени жактырбаган адам да сага жакшы сүйлөп, бетиңе күлүп турат экен. Дегеним, бүгүнкү менин майрамымда жанымда кечээ жакында эле мени ушактап, жаман сөздөр менен сындап жүргөн адамдар да бар. Атайын Аселдин бир курбусун да чакырдым. Аселге жеткирип барсын. Ичи өрттөнсүн дедим. Баары ойдогудай өттү. Айым мага өз колу менен торт жасап белек кылды. Эч нерсе бербесе да кайыл элем. Бул менин жакын адамым эле. Айым ишке кетти. Түн бир оокумда ресторандан мени Акбар алып кетти. Тез эле үйгө жетип келдик. Адатымча эркеледим. “Эмне белек каалайсың?” деди. Ойлонбой туруп “үй” дедим. Акбар өтө куу жигит эле. 

“Алтыным, азыр үйдү коё тур. Анын да өз учуру келет. Мен сага эшиктеги турган Мерсти белек кылам. Албетте, кабыл алсаң, ханышам” деп мени какшыктады. 

Дароо терезени көздөй жүгүрдүм...

 

 

(Уландысы кийинки санда)

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо