Амбра – киттин карынынан алынуучу кымбат зат 

№1185

Амбра – киттин бир түрү болгон кашалоттун карынында жаралган чайыр сымал зат. Бул зат парфюмерияда жытты күчөтүүчү жана жыттын узакка сакталышын камсыз кылуучу кымбат каражат катары бааланат. Дүйнөдөгү кымбат атырларга кошулат. Айрым өлкөлөрдө элдик медицинада, гомеопатияда да колдонулат. Орто кылымдарда Европада, Чыгышта көптөгөн ооруларга каршы дары катары эсептелген. Бирок илимде анын дарылык касиети бар экендиги далилдене элек.

Кантип жаралат? 

Амбра киттин карынында кантип пайда болот? Кашалоттордун азыгынын орточо 90 пайызы кальмар, калганы балыктан турат. Кальмарлардын эң чоңдору 16 метрге чейин жетет. Кашалоттор кальмарларды жуткандан кийин анын тумшугун жана жонундагы узунунан кеткен ичке катуу хитин кабыкчасын (гладиус) аш кыла алышпайт. Алар ашказанын өйкөп оорутпашы үчүн киттин организминде аларды сыртынан каптап туруучу чайыр сымал зат – амбра иштелип чыгып турат. Убагы келгенде амбра сыртка бөлүнүп чыгарылат. Ошондуктан бул зат Атлантика океанында, Бразилия, Африка, Мадагаскар, Индия, Япония жана башка өлкөлөрдүн деңиз жээктеринде кездешет.

Марокко амбраны экспорттоочу негизги өлкө болуп саналат. Аталган өлкөдө жыныстык каалоону күчөтүү максатында амбраны чайга кошуп ичишери айтылат. 

Ар түрдүү жытка ээ

Амбраларды тазалап, кургаткандан кийин жаңы жана эскирээгине жараша өңү, жыттары өзгөрөт. 

• Кара амбра – жаңы, жумшак, өңү кара, кара-көк, жыты заңдын жытына окшоп кеткен масса.

• Күрөң амбра – катууланып жана жыты “жумшарып”, жагымдуу тарта баштаган масса.

• Көк амбра – бул көк, күмүш сымал өңдөгү катуу, жыты мускуска окшош амбра.  

• Ак амбра – катуу, өңү ак жана алтын сымал, адамды дүүлүктүрүүчү касиети бар жыттуу масса (бир эле мезгилде таттуу, упа, токой, деңиз, тамеки жыттуу дешет адистер). Бул түрү чанда кездешет жана абдан кымбат бааланат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо