Дамира Кулуева, 46 жашта: “Жайкы ысыкта алачыкта жашадык, балдарга убал болду” 

№1185

Бул жолку каарманыбыз Дамира Кулуева, жолдошу экөө ден соолугунан сыноого кабылып, операцияга муктаж болуп жатканын айтат. Алар жакында батирден чыгарылып, ээн талаада шейшептерден чатыр жасап баш калкалоого аргасыз болушкан. Учурда бирөөнүн эски үйүндө күн өткөрүшүүдө. Мындай оор тагдырга кантип туш болушканын Дамира айым өзү айтып берди. 

 

“Мектепте 2 жыл гана окугам, жаза албайм”

– Аты-жөнүм Дамира Кулуева, 46 жаштамын. Учурда үй-бүлөм менен Бишкекте жашайм. Жолдошум экөөбүздүн 3 балабыз бар, жаштары 15, 13 жана 12де. Кичинемде Кара-Суу районунда ата-энемдин кашында чоңойдум. 10 бир тууган элек, кийин үчөөсү каза болуп, жетөөбүз калдык. Башка бир туугандарым эл катары мектепте окуп, бүтүштү. Мен 2-класстан кийин окубай калдым. Анткени денемди, башымдан бери туташ жара каптап кеткен. Ал жара азыркыга чейин кетпей, мени азапка салып келет. Бир жагынан элден ошол жаралардан тартынып, кысылсам, экинчи жагынан ата-энем мени айыктырабыз деп тынбай улам бир ооруканага алып барып, алардан эм болбогондо молдо, табыптарга ташып жүрүштү. Ошентип окубай калдым. Жаза албайм. Атымды жана фамилиямды гана жазганды билем. Айылда ата-энеме үй тиричилигине каралашып жүрүп, кийин өзүмдү өзүм багайын деп Бишкекке келип, тигүү цехтеринде иштеп жүрдүм.

“Жолдошумдун бир көзү көрбөйт”

– Жолдошум менен таанышып, сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ал дагы Кара-Суу районунан болот. Анын атайы билими жок болгондуктан ар кандай жумуштарда иштеп келет. Учурда курулуш тармагында эмгектенет. Бир көзү көрбөйт. Былтыр врачка барып текшерилип, операция жасаталы десек, алар “кан тамырлар өтө ичкерип, нервдердин иштөөсү бузулган. Мындай ооруга операцияны чет өлкөлөрдө жасашат, ошол жактарга барып көргүлө” дешти. Бир көзү менен көрүп, иштегенге күч келет экен. Көзү катуу ооруганда кызарып, шишип, оорутуп, ачылбай, айлап үйдө жатып калат.

“Оорумдун айынан туруктуу иштей албайм”

– Мендеги жаранын так диагнозу азыркыга чейин жок. Врачтар болжолдуу түрдө гана диагноз коюшкан. Жаралар денеме, башыма чыкандан кийин канча бир убакыт жүрөт да, анан орду агарып так болуп калат. Кайра жаңырып чыгып баштайт.  Ошентип биротоло кетпей жүрө берет. Андыктан денемде жыш ак тактар бар. Стресс болгондо, чаңда жүргөндө жаралар көбөйө түшөт. Кулагымдын артына чыккан жаралар жайында эзилип кетет. Ушул оорумдун айынан толук кандуу иштей да албайм. Алар азая түшкөндө гана тигүү цехинде иштеп калам. Чаң, пыр-сырлардан жаралар күчөп баштаганда кайра үйдө отуруп калмай. Акыркы 6 айдан бери иштей элекмин.

“Аңгектен качсаң дөңгөккө” деп коюшат го, эптеп күн өткөрүп келе жатсак, оорумдун үстүнө башка оору да кошулуп калды. Былтыр оозумдун сол капталынын ичкери жагынан өсүндү өсүп чыккан. Тоголок болуп, көлөмү улам чоңоюп отуруп, азыр диаметри 3 сантиметр. Жөн турганда оорутпаганы менен тамак, нан чайнаганымда кошо чайналып, оорутат. Былтыр врачтарга барып текшерилсем, "азырынча байкап туралы, болбосо операция кылабыз" деп кетиришкен. 2 ай мурун барганымда "операция кылбасак болбойт экен" дешти. Бирок күйөөмдүн, менин операцияма, дарылануубузга кетчү каражатыбыз жок айлабыз курууда.

“Шейшептерден алачык кылып да жашадык”

– Өзүбүздүн үйүбүз жок. Ар кайсы батирлерге көчүп жашап күн көрүп келебиз. Врачтар ар кандай шылтоо айтып, күйөөмдү майыптыкка чыгарышпай келишет. Балдарга жөлөк пул албайбыз. Күйөөм экөөбүз оорубай иштеп калгандагы акчага жашайбыз. Буга чейин айына 18 миң сомдон төлөп, шарты жок бир батирде жашап келдик. Анан үй ээси батирди оңдоп-түзөйм деп бизди көчөгө чыгарып койду. Батир табылбайт, акчабыз болсо жок. Айла жок буюмдарыбызды алып, өкмөттүн жаңы резиденциясы жактагы бактуу бир жерге көчүп бардык. Клеёнка, шейшептерден алачык жасап, ошол жерде 16 күн ачык асман алдында күн ысыкта кыйналып жашадык. Өзгөчө балдарга убал болду.

Биздин ошентип жашап жатканыбыз тууралуу кабар жеткен экен, социалдык коргоонун кызматкерлери келип, "балдарды балдар үйүнө алып кетебиз" деп чыгышты. Мен балдарды ал жакка бербейм деп чырылдап ыйладым. Анткени 6 балам туулуп эле чарчап калып, жерге бергенбиз. Алардын үчөөсү 3 эм кыздар, калгандары уул балдар болчу. Ошого балдарды жоготуп алуудан катуу коркуп калганбыз. Ошентип бербей алып калдым балдарымды.

“Бирөөнүн эски үйүндө баш калкалап жатабыз”

– Социалдык коргоо кызматкерлери бизди буюмдарыбыз менен кошо Алтын-Казык конушу жакка, таштанды полигонуна жакын жердеги бир контейнерге алып барышты. “Ушунда жашап тургула” дешти. Анда 3 күн жашадык. Биз тууралуу бирөөлөрдөн уккан экен, бир келин чалып, “Бишкекте Чоң Чүй каналы жакта 3 бөлмөлүү үйүм бар. Ошондо убктылуу жашап тургула” деди. 25-августта анын үйүнө көчүп келдик. Буюмдарыбыздын жарымы контейнерде калды. Аны алып келүүгө портер жалдаш керек, ага болсо акчабыз жок.

Бул үй эски. Кире бериштеги бөлмөсүнүн айнектери сынык, ичинде кышта от жагып жылына турган меши жок. Бирок ушундай болсо да бекер жашаганга жер табылды деп сүйүнүп, үй ээсин миң алкап отурабыз. Кыштан эптеп чыгарбыз.

“Ачка калган күндөрүбүз болот”

– Элге жардам сурап чыгып жатканыбыздын себеби түшүнүктүү болду окшойт. Мага, жолдошума операция жасатканга каражатыбыз жок. Мен да, жолдошум да ооруп иштебей калган учурларда ачка калган күндөрүбүз болот. Каражат жок балдарыбызга окууга кийим-кече, окуу куралдарын эмдигиче алып бере элекпиз. Кыздарымды талаага жашылча чогултууга чыгарып иштетейин десем, учурда ар кандай криминалдуу окуялар көп. Кандай болуп кетет деп корком. Өзүм кошо барайын десем жараларым чаңдан күчөйт.

Улуу кызым менен балам келечекте милиция кызматкери, кичүү кызым врач болобуз деп кыялданышат. Балдарыбыз чоңоюп бизди, өздөрүн баккан учур да келер. Ага чейин бизди кыйынчылыктан чыгарып коюуңуздарды суранабыз.

Туугандар, бир туугандар деле башында жардам беришет экен да, анан бара-бара жардамы токтойт тура. Ар кимдин өз жашоосу, маселеси бар дегендей. Эл-журт, сиздер жардам берсеңиздер, мүмкүн, үйлүү же жер тилкелүү болуп каларбыз. Операция жасатып айыгып кетүүгө да салым кошосуздар деген үмүттөмүн.

 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

МБанк: 0706 14 58 14

 

Канымжан Усупбекова

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо