Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

№1186

(Башы өткөн сандарда)

Жалбырактар күбүлүп түшүп жатканын Айкөл тиктеп турду. Жашоосу дал ушу жалбырактардай саргарып, өз мыйзамын бүтүрүп, жок болуп бара жаткандай эле. Оорукананын короосундагы скамейкада отурган. Кимдир бирөө жанына басып келгендей сезилди. Карабай туруп ким экенин билди. Басып келген адам оор улутунуп алып жанына отурду.

– Сенин бул эмне кылганың?- кейиштүү жумшак коңур үн. Көп убакыттан бери жүрөгүнө жеткен биринчи үн эле. Көптөр көңүл айтышып, жанында болуп, алтургай чогуу ыйлашкан эле. Алардын эч биринин үнү ушул кишиникиндей жанына жакын болгон эмес. Муздаган жүрөгү дирилдеп кетти. Көзүн көтөрүп Акбарды карап калды. Айкөл ушул уйпаланган, ооруган абалында да ушунчалык сулуу болчу. Анын сүйүнүп турган көз карашы бул эркектин жүрөгүн биротоло багындырып алган, бирок ушул муң баскан  каректери бир жолу байлады. Чачынан сылагысы келди.

– Акыркы жолукканыбызда мага кандай абалда болсоң да телефон чал дегем, эсиңдеби?

– ...

– А сен чалбадың, эмнеге?

– Эмне деп чалат элем? Жалгыз калдым деп чалат белем? Сизге телефон чалганга укугум барбы?

– Бери дегенде ушундай абалда калтырбайт элем сени. Бир аз жетишпей калганымда сен...

Ары жагын айта албай терс бурулду.

– Атам менен апам... Жүрөктөрүм менин! Бул өмүрдү “мен” деп жашашты. Ата-эненин сүйүүсү акыйкат го, бирок баланын сүйүүсү да андан ашса ашат, бирок кем калбайт. Мен аларды ушунчалык жакшы көрчүмүн. Жакшы көрүү да эмес, алар менен жашачумун. Ала турган демим ошолор эле. Аларды кайсы бир күнү мени таштап кетип калат деп эч ойлогон эмесмин. Көз алдыма бир элестете алсам эмне. Жамандыкка эч качан даяр болбойт экенсиң. Ал босогоңо келгенде да кабыл ала албайт турбайсыңбы. Мен бул дүйнөдө жападан жалгыз калдым.

– Жалгызмын дебечи...

Жаш аралаш жалынычтуу ушинтип айтты Акбар. Үлп эткен желге ыргалып турган бул кызга жанын бергенге даяр экенин, өмүрүндө мындай сезимге эч качан туш болбогонун, ал үчүн бардык нерсени кыла ала турганын кантип айтып, түшүндүрөрүн билбеди. Сөз таба албады.

– Өлүмдүн чындыгынан ким качып кутулган. Жалгызмын, бирок ушундай тагдыр жазылса эмне кылмак элем. Мен өлбөйм. Билем, көпкө жашайм. Аларды эстен чыгарбайм, ар бир эстегенде көкүрөгүмө тикенек сайылгандай жашайм. Менин тирүүлүктө калган жазам да ушул.

Ушинтип шыбырап айтты. Ушул алсыз үндөгү  күчтүүлүктү сөз менен айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес эле.

– Сен күчтүүсүң, Айкөл. Муну да жеңесиң. Жаныңда болом. Сени бул жерден алып кетүүгө мажбурмун. Ден соолугуң аябай жабыркаган экен. Бишкекке алып барып жакшы врачтарга көрсөтөйүн. Суранам, макул бол. Алып кетейин.

Айкөл алсыз эле, ага күчтүү ийин керек болчу. Жардамын кабыл албай коё албайт эле. Башын ийкеди. Акбар кубанып кетти. Мындай абалында жалгыз таштап кетпейт болчу, бирок аны менен Бишкекке барууга оңой эле макул болот деп күтпөгөн. Ошол эле күнү врачтардын уруксаты менен алар жолго чыгышты.

ххх

– Атам кайда?

Белек Мариямды суроолуу карады. Канча убакыттан бери апасы кабагы бүркөө жүрөт. Атасы болсо акыркы учурларда ушинтип жоголуп кетчү адат тапты.

– Билбейм, Ысык-Көлдөмүн деген.

– Эмне иштер менен жүрүптүр?

Демейде такып сурабаган уулунун минтип турганына ачууланып кетти.

– Бир адамдын кайда жүргөнүн билгиң келсе телефон чал, сура. 19 жашка чыктың, ал кайда, бул кайда дебей өзүң көргөн-билгениңден жыйынтык чыгарып көн.

Апасы эшикти тарс жаап чыгып кетти. Мындайды күтпөгөн уулу таң калды. Ар дайым кабагы жарык, сабырдуу, бардык суроого  жооп таба турган апасы минтип турганын биринчи көрүшү. Деги эле алардын жашоосунда бир нерсе өзгөрүп жаткандай. Атасы мурунку атасындай эмес, өз жашоосу менен жашап жаткандай эле. Апасы болсо ачуулуу, көздөрү дайым ойлуу. Улуусу Наргиза Америкада, берки эки кичинекей эч нерсе менен иши жок ойноп жүрүшөт. Белекти ой басып отуруп калды. Бул баласынын мүнөзү аябай өткүр болчу. Дароо чарт-чурт деп кетет, беттегенин бербеген өжөрлүгү да бар. Атасына телефон чалды.

– Ассалом алейкум, ата?

– Алейкум, балам, бир нерсе болдубу?

– Жок, баары жакшы. Сиз кайда жүрөсүз?

Уулунун үнү өкүм чыкты. Акбар сестейип калды.

– Уулум, эмне болду?

– Деги дейм да. Жоксуз го бир жумадан бери...

– Иштерим бар дедим го.

– Ошо, эмне иштериңиз бар деп жатам?

Уулу да өжөрлөнө жооп күтүп туруп алды. Акбар эч нерсе дей албады. Телефондун кызыл кнопкасын басып өчүрүп койду. Чын эле бир жума болуп кетиптир. Өмүрүндө үй-бүлөсүнө айтпай минтип суроо-жоопсуз басып кеткени болгон эмес. Айкөлдүн жакшы болушун бир аз күтүүгө туура келди. Уулунун минтип телефон чалып өкүм сүйлөшүнө сестейип калды. Жолдо эле да, Айкөл анын токтоп, телефонун алып сыртка чыгып кеткенин байкады. Кабагы кирдей түшкөнүн да сезди.

– Мени ооруканага жайгаштырып эле коюңуз, анан кабатыр болбоңуз. Мен бир айласын табам.

– Жок, сен эч нерседен кабатыр болбо.  Жакшы болсоң эле болгону. Калганынын баарын мага кой.

Алсыз болчу өтө эле, жооп бергенге алы келбеди. Акбар абдан мыкты клиникалардын бирине жайгаштырды. Андан кийин жеңил дем алып, үйүнө жөнөдү. Кичинекей балдары чуркап чыгып моюнуна асылышты. Экөөнү эркелетип жатып көзүнүн кыйыгы менен аялын карады. Адатта алдынан чыкчу аялы суз гана баш ийкеп койду. Аны биринчи жолу ушинтип тосуп алышы. Белеги үйдө жок экен.

– Кандайсың?

Мариям башын ийкеп, аны тиктеп калды эле, Акбар көзүн ала качты. Аялынын жүрөгү “тыз” дей түштү. Эмне дей алат?

Үн катпай өз бөлмөсүнө кирип кетти. Жуунуп, кийимин алмаштырып, керебетине сунала жатты. Шыпты карады. Эмнегедир бир аз күндүн ичинде үйү, буюмдары, бала-чакасы, баары чоочундай сезилип калганын байкады. Жаткан керебети деле аны өгөйлөп тургандай, дубалдар таарына тунжурап карагандай сезилди. Куду үстүндө шып басып тургандай кысылып кетти. Шашып кайра кийинип, сыртка жөнөдү. Кичүү кызынын “аталап” бир нерсе деп жатканына да көңүл бурбай тез машинесине отурду да, айдап жөнөдү. Жалгыз калып ойлонушу керек эле.

ххх

Мариям күйөөсү чыгып кеткенин байкады. Ал босогону аттагандан баштап, аны карай албаган мокогон көз карашынан сезген эле. Ызасы алкымына такалды. Мындай учурларды курбуларынан, аяштарынан көп укту, көрдү. Бирок кайсы бир күнү өз башына келип калат деп эч ойлогон эмес экен. Акбардын жашоосунда башка бир адам бар экенин эч башына сыйдыра албай жатты. Ушунча жылдан кийинби? Эми бирге баарын жеңип, эмгегинин жыйынтыгын көргөнү жаткандабы? Ким бул? Акбардын акылын жоготтурган ким? Мындайда ким менен акылдашат? Оюна курбусу келди. Эң ишеничтүү, биринчи курстан берки тааныган жалгыз курбусу бар. Санияга телефон чалып жолугушуу керек экенин айтты. Экөө эс алуучу жайлардын биринде жолугушту. 

Мариям баарын төкпөй-чачпай айтып берди. Кызыгы, Сания эч таң калган жок.

– Сания деп жатам...

– Ии?

– Сага бүт баарын айтсам унчукпай турасың да, бир нерсе дебейсиңби?

– Эмне дейин, мунун баарын ачыктан ачык эле элдин баары сөз кылып жүрөт го. Сен эле эми ойгонуп...

– Эмне-е?

– Элдин баары эле билет дейм, абышкаңдын ашыгы ким экенин...

– Сен эмне деп жатасың?

– Раймаалы менен Бегимайга салыштырып жатышкан...

– Кимдерди?

– Сенин абышкаң менен тиги жаш кызды да. 

– Жаш кыз? Жаш бекен... Мариямдын көз жашы мөлт эте түштү. 

Сания ага боору ооруп карап турду.

 

(Уландысы кийинки санда)

 

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо