№1186
(Башы өткөн сандарда)
... Барып карасам, короодо өңү караңгыдан анча көрүнгөн жок, Мерседес үлгүсүндөгү унаа туруптур. Мына! “19 жашымда канча деген нерсеге жеттим” деп өзүмө-өзүм кубанып турдум. Терезеде турган абалымда көйнөгүмдү чечип... Телефонумдан музыка коюп, бийлеп кирдим. Акбар билсин дедим. Эгер ал мени канча ыраазы кылса, ошончо мен ага ырахат тартуулаарымды. Сезди. Ал өтө куу жан эле. Ач аюудай моюнумдан тиштей, көтөрүп кетти. Калганы эсимде жок. Азыр түн. Мен сенин барактарыңды толтуруп жатам, күндөлүгүм. Мен бул жакта отуруп алып көп нерсеге жетишип жаткан убакта, менин курбум 500 сом үчүн жанын карч уруп, телпилдеп чуркап иштеп жүрөт. Ал акчасы эртең эле жол кире, тамак-аштан артпайт. Эми айтчы, күндөлүгүм? Ким туура жашоодо жашап жатат?
xxx
03.05.ХХХХ. Кандайсың, күндөлүгүм? Мен келдим сага. Бүгүнкү күн окуяларга бай болду. Чекесинен баштай берейин. Мен сабакка катуу көңүл буруп баштагандан тарта сени менен сырдашканга убакыт таппай калдым. Ооба, мени Айым сабакка үгүттөп, түрткүлөп жатат. Барган сайын окууга кызыгуум артып бара жатат. Бизде ысык. Желбиреген көйнөктөрдүн мезгили келди. Айлана жашылга боёлгон, күн чайыттай ачык. Кыскасы, керемет жашоо! Акбар белек кылган унаа дагы деле короодо турат айдалбай. Айдаганды билбесем. Кээде Акбар келип калганда, кечинде мени рулга отургузуп, айдатып үйрөтүп калат. Болбосо өзүм чыгына элекмин. Бирок күндө кыпкызыл унаамдын ичине кирип алып музыка угуп жатканды адатка айландырып алдым.
Дагы бир жаңылык. Эжем... Бир күнү сабакка келип калыптыр. Жантайды алып алыптыр. Менин иним Жантайчик чоңоюп, тыпылдап басып калганын бери жакка кой, сөз байлыгы көбөйүп калыптыр. Аны өпкүлөп көпкө турдум. Экөөбүз жолугуп, учурашкан соң кафетерийге барып отурдук. Ал-акыбалымды сураган соң эжем кеп баштады. Кыскасы, Мирзат менин колумду сураптыр эжемден. "Сиңдиңизди бактылуу кылып алам, мага бериңиз" деп. Анан эжем мага келиптир да.
– Жашың деле келип калды, анан да баары бир өзүнчө жашап кеткениңден баштап ушул күнгө чейин сени ойлоном бассам-турсам. Кандай болду экен? Курсагы ток бекен? Аман бекен деп ойлончу болдум. Мени ойлонтпой күйөөгө эле тийип кетчи, алтыным. Мирзат аябай жакшы бала, оокатка тың, ичпейт, чекпейт. Эң башкысы, сени сүйөт,- деп көпкө мени көндүрмөкчү болду. Мен карандай гана каршы турдум. Бир топтон кийин “жигитиң барбы?” деди. “Ооба” дедим. Башка аргам жок эле. Айтор, эжеме баарын ачык айтып бердим. Үй, машина, Акбар жөнүндө. Чогуу жашап жатканыбызды айтканда эжемдин көзүнө жаш тегеренип кетти. Анан акырын көз жашын аарчып алды. Кыязы айланадагы отургандардан уялды окшойт.
– Сени бапестеп эне ордуна эне, ата ордуна ата болуп жүрсөм... Сенин кылган кылыгың ушулбу? Акмак кыз экенсиң го! Нике кыйбай туруп жашап алдыңбы, акмак!- деди титиреп.
– Ал чоң эле киши сени алмак беле? Үй-бүлөсү бар болсочу? Ал албайт сени, алдап жүрөт. Мынча эмнеге шаштың чоңойгонго? Акылдуу эле кыз элең го? Шашпай турсаң акылдуу, ишеничтүү эле балага байкең экөөбүз ак көйнөк кийгизип, той берип узатат элек го? Кандай макоо кыз болдуң...
Бетиме ушундай жини менен, бирок шыбырап айтып жатты. Албетте, катуу тийди. Байкем мени түшүнмөк эмес, аны даана билем. Бирок эжемден мындай терс жооп күтөм деп ойлогон эмесмин. Жаман болдум. Ичип жаткан кофелерибиз да муздап калды.
– Эмнегедир сенин кылыгың үчүн мен уялып жатам. Кантип намысыңды тепселеттиң?- эжем столдон шарт тура калып менин колумдан кармады.
– Үйгө бас! Мындан дагы көп ката кетирип коё элегиңде.
Көк беттенип ордумдан турбай койдум.
– Алдыма түшүп кал азыр, сыйың барда! Сен көчөдө калган кыз эмессиң. Сенин үй-бүлөң бар... Тур, бол!- улам менин колумдан тарткылап жатты. Айтпайын дедим, бирок чыдай алган жокмун. Айланабызда улам уурданып карап жаткандарды да уруп ойногон жокмун. Ордумдан тура эжеме бакырдым:
– Барбайм! Мени жайыма коюңузчу! Мен өз жашоомду өзүм билем! Экинчи Мирзаттын атын укпайын! Көргүм да келбейт! Мындан кийин силерди дагы көргүм келбейт!- шарт турдум да чыгып кеттим.
Артымды караган да жокмун. Жанымды чыгарып жиберишти! Мени ойлогон эч ким жок! Баары өздөрүн ойлошот! Тажадым мен, намысыңды сакта! Намысыңды тепселетпе! Эл эмне дейт? Элдин сөзү менен чатагым да жок. Эл менин жашоомо аралашпай эле койсун. Уфф... Албууттанып азыр үйгө келип отурам. Жиним кайнап жатат. Мени түшүнгүсү келбеген туугандын барынан жогу жакшы!
xxx
14.05.ХХХХ. Акбар акыркы күндөрү көп келбей калды. Аял катары сагынам. Кантсе да эркек да. Түп дайыны менен жок болуп кетет. Анан бир күнү пайда болуп калат. Бүгүн келди. Кеч кирип калган. Бетимден өөп, экинчи кабатка чыгып кетти. Бир аз убакыттан соң мени жанына чакырды. Адатынча “эмнеге көрүнбөй кеттиң? Каякта эле жүрөсүң?” деген суроомду жоопсуз калтырып, мени чечиндирип кирди. Баш ийип туруп бердим. Ал түнү Акбар мени уктаткан жок. Түнү менен мени аймалап, жаш денемди өзү каалагандай жырткычтай тиштеп, канымды соруп жатты. Таң атып бара жатканда туруп, душка түшөйүн деп биринчи кабатка түшүп бара жатсам, столдун чекесинде Айым отурат. Чочуп “эмне эрте?” десем, “жумуштан чыгып кеттим” деди.
– Мага бир чал "денеңди акчага сатпайсыңбы?" деди. Ызаланып, өзү буюртма берген коньяктын оозун ачып, таз башына куюп жибердим. Кыйратыптырмынбы? Анан албетте, иштен айдашты. Келсем, экинчи кабаттан экөөңөрдүн үнүңөр чыгып жатыптыр. Анан эч жакка кыймылдай албай, ушул жерде каткан бойдон таң атырдым,- деп мени карап аста жылмайды.
Анын жүзүнөн ушунчалык жашоодон тажаган, суз көздөрдү, бирок баарына чыдайм деген келбетти көрүп аны аяп кеттим. Жанына барып бетинен өөп, баары жакшы болот дедим. Өзүм дагы анын алдында уялып кеттим. Ушундай жоош, таза, жөнөкөй кыздын жанында өзүмдү ага татыксыздай сездим. Кучактап койсом, өңгүрөп ыйлап кирди.
– Жанагы чал “сенин түбүңө жетем! Бир күнү үйүңө жүзүң таанылгыс болуп барасың” деди. Коркуп жатам. Менин күнөөм эмнеде? Ата-энем байкуш алыста, кызыбыз кандай жүрөт болду экен деп ойлонуп жатышса керек. А мен аларды сагындым. Наристе болуп барып калсам алардын алдына... Чоң адам болуштан тажадым. Баары эле мени колдонгусу келет. Эч кимдин менин оюм, каалоом менен эсептешкиси жок. Эгер мени кимдир-бирөө кордосо, мен ага чыдай албайм,- деп буркурап ыйлап, арманын төгүп жатты. Аны кучактап сооротуп отурган мен аяп кеттим. Сыртымдан ыйлабасам да, ичимден ыйлап жаттым.
xxx
15.06.ХХ. Сүйүнчү! Эжем экөөбүз жараштык. Чыдай албай өзүм бардым үйүнө. Эжеме эркелеп отурдум.
Экинчи жаңылык – окуумду аяктап, акыркы экзамендерди өтө ийгиликтүү болбосо да, орто тапшырып алдым. Мурдагы күнү Айым Нарынга кетти. Жайкы каникулда ата-энесинин жанында болууну каалаптыр. Мен болсо заңгыраган чоң үйдө жалгыз калдым. Акбар кээде гана келет. Ал үйгө анда-санда эле барбасам, көбүнчө эжемдер менен болуп жаттым. Ошол. Машина айдаганды өздөштүрүп калдым. Атайын окууга барып жатам. Жакынкы аралыкта шаар ичинде айдап калсам керек. Азыр менде таң жаңыдан атып келе жатат. Көл жээгиндемин... Колумда дептер жана калем. Акбар алып келди. Жашоонун ырахатын жон терим менен сезип, бутумду жээкке агып келген таптаза көл толкунуна тосуп, таңдын атышын күтүп отурам. Эх! Бул жерде ар бир таңды тоскум келип кетти! Менде дагы бир максат пайда болду. Качандыр бир кезде ушул жерден үй алгым келет. Ар таңды шарпылдаган толкундун үнү менен тоскум келип кетти! Ушул жээкти кете элек жатып эле кызганып кирдим.
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |