№1186
“Музыка – менин жашоом” дейт бул аптанын каарманы. Белгилүү ырчы Аксай Мукамбет уулу мамлекеттик иш-чаралардан бошобой калганын айтат. “Музаман” тобу тарап кеттиби? Ырчы кандай учурда толук чыгармачылыкка киришет? Ушул жана башка суроолорго маектен жооп таба аласыз, окурман.
– Аксай мырза, акыркы убакта мамлекеттик иш-чаралардан бошобой жаткандайсыз...
– Ооба, ушул жылдын 5-8-август күндөрү Түркмөнстанда өткөн БУУнун конференциясына Кыргызстандын делегациясы да катышты. Иш-чарага катышкан өлкөлөрдүн ырчы-чоорчулары концерт бердик. Мен “Булуттар”, “Мен кыргызмын” деген ырларды ырдадым. Андан мурда июлда Тажикстанда өткөн Кыргыздын маданият күндөрүндө да концертке катышкам.
– Бир топ арыктап калыпсыз, спорт менен машыгуунун жыйынтыгыбы?
– Ооба, спорт залга барып жатам. Салмак таштагандан бери өзүмдү жеңил сезип жыргап калдым.
– “Музаман” тобу сахнадан көрүнбөй калды. Топ иштеп жатабы же тарап кеттиби?
– “Музаман” тобу 2 жылдай болду, иштей элекпиз. Тараган жок, бирок иши “катып” эле турат. Топтун мүчөсү Алымкул Мамырбаев Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда эстрада кафедрасынын бөлүм башчысы. Тариэл Токмергенов өзүнүн бизнеси менен алек. Мен болсо мамлекеттик жумуштар менен убарамын. Ошентип топтун жумушуна убактыбыз калбай калууда. Албетте, жаңы ырларды жаздырып, топтун ишин жандандыруу планы бар.
– Билишимче, Орусиянын чек ара органдарынын ыр сынактарына бир нече жолу катышып, байгелүү орундарды алып жүргөнсүз. Мындай сынактар сизге кандай таасир калтырат?
– Аталган сынактарга 6 жыл катары менен катышып, 1-орунду ээледим. Сынактардан мыкты ырчылардын деңгээлин көрүп, өсүүгө умтуласың. Жаңы көп нерселерди билесиң. Таасири ушунда. Бирок кийин мамлекеттик ырчы болуп кетип, сынактарга барбай калдым. Мамлекеттик деңгээлдеги ири иш-чаралардын маданий бөлүгүндөгү концерттерге мени сөзсүз кошушат. Ага бир нече күн даярданабыз. Резиденциядан чыкпай калдым. Президенттердин алдында ырдап жүрөм. Сынактарга катышууга убакыт жок.
Убагында эл аралык музыкалык сынактарга, мисалы, “Сочи-2023” менен “Оренбург-2022де” 1-даражадагы, “Уфа-2016да” 2-даражадагы сыйлыкка ээ болгом. Топ менен Казакстанга барып, сынак-фестивалда лауреат болгонбуз. Айта берсем, ийгиликтер көп эле.
Кыскасы, музыка бул – менин жашоом. Өмүрүмдө эч нерсеге алмаштыргыс эң чоң сүйүү бар, ал – ырчылык кесибиме болгон сүйүүм.
– Кайсы өлкөлөрдүн сахнасында ырдап көргүңүз келет?
– Негизи классикалык музыкага, анын ичинде италия музыкасына, 80-90-жылдардагы орусча хит ырларга жакынмын. Учурда салттуу да, эстрадалык да, классикалык да ырларды ырдап жүрөм. Италиянын дүйнөгө белгилүү “Ла Скала” опера жана балет театрынын, Кремлдин залында ырдасам деген тилегим бар эле. Кудайга шүгүр, талантымдын аркасынан Италияда болбосо да, Кремлдин концерттик залында, даңазалуу Болот Миңжылкиев ырдаган сахнада ырдадым. Мүмкүнчүлүк берилсе италиялык тенор Андреа Бочелли менен дуэт ырдап чыкмакмын.
– Бек Борбиевдин “Аселдейим” ырын оркестрдин коштоосунда Элера Кабылжан кызы менен ырдадыңыз. Айрымдар “бул оркестр менен ырдай турган ыр эмес эле” деп сын айтышты. Негизи репертуарды ким тандайт?
– Оркестрдин репертуарын жаңылоо, элди жаңы нерселер менен кызыктыруу керек болгон. Аталган ыр ошондо тандалган. Ар кимдин өз ою, табити бар да. Бирок аталган ыр элде жакшы кабыл алынып, мактоолор көп айтылган. Ал эми репертуарды режиссёрлук курам, ырчылар чогуу тандайбыз. Симфониялык оркестрге да ырларды өзүбүз сунуштайбыз. “Муну ырдашың керек” деп кыйнагандар боло элек.
– Дайыма күлүп жүрөсүз. Жашоодо бул сапаттын пайдасы көп тиеби?
– Өзүмдү ачык-айрым, шайыр алып жүрөм. Көйгөйүм болсо да кээ бирлерге окшоп кабакты карыш салып, үңкүйүп калбайм. Ар нерсенин өз убагы болот. Кайгырсаң да, башка кылсаң да убагы келмейинче бүтпөйт. Жайдары мүнөзүм элге бат аралашып, тил табышып кетүүдө пайдасы тиет.
– Ырчыларды тойдон ажыратып кароо кыйын болуп калбадыбы. Бирок тойлор ырчыны чыгармачылыктан алаксытат, изденүүсүнө жолтоо болот дешет...
– Жолтоо болушу мүмкүн. Бирок акчасы жакшы болуп жатпайбы. Азыркы учурда концерт берип акча тапкандарга Гүлжигит Сатыбеков, Султан Садыралиев, Мирбек Атабеков кирет. Калгандары акчаны тойдон табышат. Мен, мисалы, каражатымдын көбүн мамлекеттик иш-чараларда ырдап табам. Ырчылар материалдык байлыкка жетишип, кем-карчын бүтөгөндө гана 100 пайыз чыгармачылык менен алектенип калышы мүмкүн. Ансыз кыйын.
– Ашканада мыкты окшойсуз. Балык кууруган видеолоруңузду соцжелеге жүктөп каласыз...
– Өкүл атам – Камчы Сарыбаев. Ал эттен түрлөп тамак жасаганды жакшы көрөт жана даамдуу бышырат. Казанга кууруп, чокко кактап дегендей. Ал киши менен чогуу жүрүп шишкебек, балык бышырганды үйрөнгөм. Өз колум менен жасап жегенден ырахат алам.
– Бир маегиңизде “келинчегим Айчүрөк экөөбүз катуу тамашалашабыз” деп айткан экенсиз. Демек, жубайыңыз да юморду жакшы түшүнөт...
– Айчүрөк мектепте хореограф болуп иштеп, өз жанын өзү багат. Менден акча сурабайт. Чогуу жашаганыбызга 11 жыл болду. Мен 35те, Айчүрөк 32 жашта. Карыгыбыз келбей, дале бала кыял бойдон жүрөбүз. Тамашалашканы го тамашалашабыз. Айчүрөктүн калбаган бир адаты бар – үйдү жышып эле турат. Бир жерден чаң көрсө “нерв” болот. “Эртең деле аарчып-тазалайсың” десең деле болбойт. Иш бир жакка качып бараткандай уктабай бүтүрөт. Бир сөз менен эле “абдан сапаттуу жубай, оригинал, көчүрмөсү жок” деп коёюн. Мен өзүмдөгү жөнөкөйлүктү, адамдар менен бат тил табышып кеткен сапаттарымды баалайм. Эки кызыбызга, Даткайым менен Айданекке көбүрөөк убакыт бөлгөнгө аракет кылабыз. Мен үчүн балдарымдын бактысы баарынан кымбат турат. Көр оокат деп жүрө берсең сүйүү тарап кетет деп ойлойм. Ошондуктан биз өзүбүзгө көңүл буруп, сүйүүбүздү багып турабыз. Бат-баттан жетелешип, кыздарыбыз менен эс алууга убакыт табабыз.
– Үй-бүлөдө лидерликке умтулган аялдарга көз карашыңыз кандай?
– Айрым аялдар акчаны көбүрөөк таба баштаса эле чакчырылып, күйөөсүн башкарганга аракет кылышат экен. Мен ушул нерсени түшүнбөйм. Ар бир үй-бүлөнүн кыймылдаткыч күчү, коргоочусу – бул эркек. Илгерки эски кишилер эркектин баш кийими жерде жатса аттап өтүшчү эмес.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |