Элзар Тиленбаев, ырчы: “Матизби, Хаммерби, мага айырмасы жок” 

№1186

Кезектеги “Рулдагы жылдыз” рубрикабыздын каарманы ырчы Элзар Тиленбаев. Ал темир тулпарынын “мүнөзү” да өзүнүкүнө окшоп бир калыпта экенин айтат. Элзар мырза кандай айдоочу? Техниканы канчалык сүйөт? Жол эрежесин бузбайбы же көп бузабы?

 

– Элзар мырза, бул жолу сиздин темир тулпарыңыз тууралуу сүйлөшсөк деп турабыз. Айдоочулук тажрыйбаңыз канча жыл?

– Машинени алгач 6-7-классымда айдадым окшойт. Анда атамдын Ауди 100 деген унаасы бар эле. Дароо эле үйрөнүп кеткен эмесмин, улам өчүрүп алып, кайра от алдырып жүдөп жүргөнүм эсимде. Үйдөгүлөр “строгий” болгон үчүн унааны короодон уурдап чыгып айдаган учур болгон жок, атам уруксат бергенде гана айдачумун. Анын үстүнө бир окуядан кийин коркуп калгам. 8-класста үйдөн машинени айдап чыгып бир Жигули менен сүзүшүп алгам. Күнөө тиги айдоочуда болчу, бирок менин жашым жете элек болгон үчүн күнөөлүү болуп калгам.  

Биринчи унааңыз эсиңиздеби?

– Эң алгачкы автоунаамды 21 жашымда сатып алгам. Үлгүсү – Тойота Виндом эле. Орусияда жарым жылдан ашык мигрант болуп иштеп чогулткан акчама келип ошол унааны сатып алгам.

– Адатта биринчи машинесин алганда  көптөр сылап-сыйпап жакшы карашат эмеспи. Сиз деле ошенткенсиз да?

– Ооба, жаңы алганда ошенткем. Биринчи алган машинең балаңдай жакшы көрүнөт да. Үйгө айдап келсең баары куттуктап, дөңгөлөгүн майлап, тим эле башкача болушат. Кийинки машинелер эмнегедир көнүмүш болуп калабы, андай деле сезимдер болбойт. Биринчи машинемди чаң болуп калса сүртө калып, жышып жууп, абдан жакшы карачумун.

Унаасын бат-баттан алмаштыргандардын катарына киресизби же...

– Жок, көпкө айдагандарга кирем го дейм. Азыркы айдап жүргөн унаам үчүнчүсү. Айгерим (ред.: жубайы, ырчы Айгерим Эшим) экөөбүз бирге Лексус алганбыз. Аны сатып жиберип, азыр айдап жүргөн машинемди алганбыз.

– Байкашымча, унааны жогорку ылдамдыкта айдоо сиз үчүн эмес...

– Жок, ылдамдыкты сүйгөндөрдөн эмесмин. Адреналин деп катуу айдагандар болот го, Кудай сактасын, мен андай кылбайм. Бир калыпта жай эле айдайм. Корком, анткени бул техника да, ишенич жок. Кээде тойго шашып калган учурлар болот, мисалы, Балыкчы шаарынан тойго буюртма алып, кайра Бишкектеги тойго жетишип келүү керек болот. Ошондо гана бир аз катуураак айдашым мүмкүн. Үйдөн чыгып жатканда дайыма сапар намазын окуп, дубаларды айтып чыгам. “Аман-эсен барып келейин, Кудайым, жардам бер” деп чыгам, жолум дайыма шыдыр болот.

– Унааңыз бузулуп, жолдо калып көрдүңүз беле?

– Жолдо кала элекмин. Бирок бир жолу машинени көргүм келбей калган бир окуя болгон. Ал мындай: Миграцияда жүрүп, Кыргызстанга унаа менен келмей болдум. Ал кезде учакка билет кымбат болуп турган, анан жол улаш унаа чыга калып ошого отургам. Кыргызстанга 3 жарым күндө араң жеткенбиз. Элестетсеңиз, мындай узак убакыт унаада болсоң аябай жаман абалда калат экенсиң. Казакстанга келгенде чыдабай ыйлагым келип калган. Анткени арткы орундукка үч киши алыптыр, кысылып отурабыз. Же бутту суна албайсың, дем жетпейт. Унааны көрөйүн деген көз калган эмес ошондо.

– Жубайыңыз сураса унааңызды ишенип бере аласызбы?

– Айгерим унаа айдабайт, анткени айдоочулук күбөлүгү жок, бирок айдаганды билет. Жакында айдоочулук күбөлүгүн колуна алса, ага да унаа сатып алабыз деп турабыз. Азырынча үйдүн айдоочусу менмин.

– МАИ кызматкерлери менен мамилеңиз кандай?

– Мамилебиз жакшы, эрежени көп бузгандардын катарына кирбейм. Көз тийбесин, кесир сүйлөп алып бүгүн МАИчилерге кармалып калбасам болду (күлүп). Ушунча унаа айдап жүрүп, бир-эки эле жолу МАИ токтоткон. Биринчисинде унааны туура эмес жерге токтотуп алыптырмын, айып пул төлөгөм. Экинчисинде ылдамдык чеги 60 деген жерден 80 менен айдаганым үчүн кармалгам. “Тойго келип кызмат кылып коёсуң да” деп коё беришкен.

– Учурда унааны багуу деле кыйын болуш керек, тетиги, бензини кымбат дегендей...

– Жол тандабас Лексус айдап жүргөндө каражат көп кетчү. Азыркым үнөмдүү эле, бензинди азыраак ичет.

– Темир тулпарыңызга кандай кам көрөсүз?

– "Дөөтү таарынып калат" деген сөзгө ишенем. Салонду таза кармаганга аракет кылам. Ата-бабалар деле минген атын аздектеп, жакшы карап, жууп-тазалап турушкан эмеспи. Ошондой эле нерсе да. Азыр ишибиз унаасыз бүтпөйт. Ошондуктан буга да жакшы кам көрүп, ылайыгы менен “ден соолугун” каратып туруш керек. Кээде эркелетип “бейби жаным” деп коём. Темир тулпарымдын “мүнөзү” жакшы, кежирленбейт, жолдо калтырбайт.

– Автоунаанын үлгүсү, баасы, популярдуулугу сиз үчүн мааниге ээби? 

– Азыр кымбат унаа менен бирөөнү таң калтырчу заман эмес. Байкасаңыз, азыр элди таң калтыруу кыйын, адамдардын баалуулуктары өзгөрдү. Ооба, мурун кымбат унаа, эки кабат үй мактана турган нерсе эле. Азыр башка нерселер баалуу боло баштады. Андыктан мага Матиз минсем деле, Хаммер айдап жүрсөм деле бирдей. Дүнүйөкор эмесмин, колумда эмне болсо ошого ыраазы болом.

– Маегиңизге рахмат! Темир тулпарыңыз бузулбай, эл кызматында жүрө бериңиз!

 

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо