№1187
Ырчы Дайыр Исмадияров агынан жарыла кеңири маек куруп берди. Жашоо, сыноолор, жакын адамдардын колдоосу же колдобой коюшу, жан дүйнө тынчтыгы жаатында кызыктуу кеп кылып отурду каарманым. “Жашоомдун жаңы этабы башталды” дейт ал.
– Кандайсыз, Дайыр мырза? 40 жаштын кырына келип калыпсыз, жашоонун бул этабы кандай экен?
– Жакшы, рахмат! Мен үчүн төрт мезгилдей эле жашоонун да төрт этабы бар. Ошонун бир этабы мен үчүн жаңы жабылды. Турмуштун өйдө-ылдыйын, азабы менен жыргалын, айтор, баарын көрдүм. Абдан кыйын кырдаалдан өттүм. Толугу менен “перезагрузка” болдум.
– Ал кырдаал эмнелерден улам жаралды?
– Адашуудан улам десем болот. Адашып, көп жолу алдандым. Ушуга чейин терип-жыйгандарым бир күндө жок болуп кетти. Баракчамдан байкасаңыздар керек, ошол учурда 50 килограммга чейин арыктадым. Заманаң куруп калганда ата-энең, бир туугандарың эле жаныңда болот тура. Нан тиштеп антташкан досторуң деле эч нерсе кылып бербейт экен.
– Бир этапты жаапсыз, жашоонун жаңы барагы кандай башталды?
– Мурда адамдарга көбүрөөк таянып алчу экенмин. Азыр бир гана Кудайга таянам жана мунун эффекти укмуш экенин байкадым. Мисалы, бир идеяны ойлонуп коём. Бирок аны ишке ашырууга акчам да, эрким да жетпейт, негедир ошол идея эбепке-себеп болуп өзүнөн-өзү ишке ашып кетет. Бир жылда секирик жасап, батып калган саздан суурулуп чыгып кеттим. Финансылык, психологиялык жактан жаңы тепкичке көтөрүлө алдым. Буюрса, жашоонун жаңы барагы дилди тазартуудан башталды.
– Эркек киши сынганын билдирбейт эмеспи. Сиздей болуп алдангандар көп, аларга кандай кеңеш айтат элеңиз?
– Ооба, эркектер чын эле ушундай экенбиз. “Чоң акчага алданып калдым, ишенген адамдарым сатып кетишти” дей албадым мен деле. Ичимден сындым. Депрессия, стресстен чыгарабыз деген коуч, психологдордун көбүнө барып көрдүм. Алар айткандардын баарын кылып көрдүм, эч биринен жыйынтык болгон жок. Ошондуктан эркектерге айтарым, жашооңордо оор сыноо жаралып, кыйналып жатсаңар, эч кимдин акылын укпагыла. Өзүңүз менен сүйлөшүңүз. Ээн талаага барып, караңгыда өзүмдү тыңшаган, ыйлаган учурлар болду. Ошондо гана көп нерсени түшүндүм. Маселенин өзөгү эмнеде экенин сездим.
– Оор учурда жубайлардын бири-бирин колдоп турганы жакшы, сизде ушундай нерсе болдубу?
– Эркектин башына сыноо келгенде аялынын колдоп турганы жакшы нерсе экен. Ал тургай “сен мени ушул учурда колдоп койчу” деп суранып да айтат экенсиң. Тилекке каршы, учурунда андай нерсе болбой калды. Бирок оор учурда жанымдан кетип калгандардын баары кайтып келди, бул дос, жар, баарына тиешелүү. Азыр баары жакшы, бактылуу жашап жатабыз.
– Ырчылар арасында гана эмес, жалпы өлкөдө ажырашуулар көбөйгөнүн статистика тастыктап жатат. Мунун башкы себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Башкалардын ажырашууларынын себебин билбейм, а менин турмушумдагы ажырашууга алданып калганым себеп болду. Жогоруда айткандай, чогулткан бардык байлыгым бир күндө жок болуп кетти да. Буга келинчегим эле эмес, мен дагы даяр эмес болчумун. Бардар жашоого көнүп калган адам, башкача жашоону көтөрө албайт экен. Эмне деп сүйлөп, кантип жашап жатканыңды билбей калат экенсиң.
– Сизди кемчилик жана артыкчылыгыңыз менен кошо сүйгөн адам ким деп ойлойсуз? Адатта андай адамдар саналуу эле болот дешет...
– Апам эле го (ойлонуп). Мен айтар элем, эгерде ата-энеңизден сырткары, жубайыңыз сизди шарт койбой, болгонуңуздай сүйө алса, анда сиз бактылуу адамсыз. Андай аялдын баркына жетиңиз. Бирок бул нерсе көптөрдүн бактысына туш келе бербейт. Мени кандай болсом ошондой кабыл алып сүйгөн адам азырынча апам эле. Жылдар өтсө дагы бирөө пайда болуп калар, үмүт кылам (күлүп).
– Ар дайым күлүп жүрөсүз. Сизди депрессияга кабылган же андан араң чыккан адам деп эч ким ойлобосо керек...
– Шайыр жүрөм, жаркырап күлүп жүрөм, бул менин образым. Соцтармактагы баракчамда да жалаң позитив, ушул сапатым менен да оор жагдайдан чыгып кеттим деп ойлойм. Дайыр Исмадияров деген ат элге күлкү, позитив, жылмаюу чачып турса дейм.
– Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
– Улуусу мага окшоп шайыр, көп нерсени жеңил кабыл алат. Кичүүсү абдан олуттуу бала. Азыркы балдар башкача ойлонот. Мисалы, жакында баламдын туулган күнү болду, дүкөнгө кирсек “ата, бюджет канча бар?” деп сурайт. “Ушунча” десең, анан оюнчук тандап баштайт. Кичүү муун маркетингдин, жарнаманын курмандыгы болбойт, өзүнө керектүүсүн гана алат. Балдарымдын апасына ыраазымын, балдарымды туура тарбиялайт. Туура тамактанышат, гаджеттерди аз убакыт гана колдонууга уруксат берет, туура уктатат, зыян азыктарды жедирбейт.
– Нарцисс эмессизби?
– Жок, нарцисс эмесмин. Бирок эрке болушум мүмкүн. Бир үйдүн кенжеси болгондуктан эркелеп, эркин чоңойдум. Бирок абдан жоопкерчиликтүүмүн.
– Сизди кандай адамдар өзүнө тартат? Капчыгы калыңдарбы же руханий жактан бай адамдарбы?
– Жашырбайм, мурун ошондой укмуш кийинген, кычыраган кишилерге тартылчумун. Өзүм да жалаң бренд кийимдерди кийип, күн сайын стилимди өзгөртүп турууга аракет кылчумун. Адам өзгөрөт экен, мурда мага кызык сезилген нерселер кийин баасын жоготуп койду. “Эл көзүнө” деген нерседен арылдым. Жан дүйнөсү таза адамдарга тартылып калдым. Балким, бул 39 жаштан өтүп бараткан адамдын ой жүгүртүүсүдүр. Ызы-чуулуу, динамикалуу жашоого аябай тойдум окшойт, жан дүйнөм тынчтыкты каалап калды. Тойлордо деле көп отура албай калдым. Берчүмдү берип, кеткенге шашам.
– Жашоодогу эң чоң коркунучуңуз эмне?
– Акыркы жылдары мен корккон бардык нерселер башыма келди. Өлүмдөн башкасынын баарын көрдүм. Ошол нерселердин башка түшкөнүнө да шүгүр деп калдым, анткени азыр Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Мен дүнүйөгө аябай жабышкан экенмин, азыр көп нерсе тууралуу ойлонбойм, эркин жүрүп калдым.
– Дайыр деген мырзаны ырчы катары таанытууга кайсы сапаты көбүрөөк салым кошту?
– Биринчи кезекте – жөнөкөйлүгү жана адамдар менен тил табыша билген сапаты деп ойлойм. Албетте, харизма да бар, аны эми Кудай мага аябай эле берип коюптур (күлүп).
– Жакын досторуңуз шоу-бизнес тармагындабы?
– Шоу-бизнесте кесиптештерим, жакшы сүйлөшкөн инсандар бар. Бирок сырдашкан жакын досторум жок. Эң жакындары башка чөйрөдөн, шоу-бизнесте эмес.
– Кичинекей Дайырды көз алдыңызга элестетсеңиз...
– Ии, элестеттим.
– Ага эмне деп кеңеш айтат элеңиз?
– Ал кичинекей Дайыр өмүрү бирөөнүн акылын укчу эмес, азыр деле укпайт. Өзү анализдеп, башы менен бир сүзүп көрмөйүнчө болбойт. Ошондуктан ага унчукпай эле коём го.
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |