АЙТМАТОВ ЖАЗЧУ МАХАБАТ БАЯНЫ

№435 4-10-март, 2011-жыл


Бул окуя кокусунан колубузга тийди. Арадан көп убакыт өтсө да аны жазып чыгуудагы биздин максат – кимдир бирөөнүн жарасын чукуу эмес, суктанарлык сүйүү баянын элге жарыя кылуу, руханий азык тартуулоо. Анда кеп башынан болсун.

Фотоновелла бул баяндын гезитке жарыяланышына түрткү болду.

ТЕЛЕФОН ЧАЛУУ
Гезитибизге жарыяланып жаткан “Тагдыр оюну” фотоновелласы эсиңиздедир. Эгерде эсиңизде болбосо, айта кетейин. Анда жигиттин дартынын оор экенине карабай сүйгөн кызы аны менен бирге болууну чечет. Редакцияга телефон чалган Жеңиш байке дал ошондой тагдыр чыныгы турмушта болгонун, ал тагдырдын ээси өзүнүн бир тууган агасы экенин айтты. Жеңиш байкеге жолугуп, ал окуя тууралуу өз оозунан уктук:
– Гезитиңерди окуп отуруп окуянын окшоштугуна таң калдым. Бул окуя көптөн бери жүрөгүмдү өйүп жүргөн нерсени эске салды. Менин агам Турарбек Жумалиев өзгөчө таланттуу жигит эле. Эгерде өмүрү узун болсо, элдин сүймөнчүк уулдарынын бири болмок. 8-класста эки өпкөсүнө суук тийип, кургак учук дарты жабышты. Тагдырына да, өнөрүнө да балта чапкан ушул оору болду,- дейт Жеңиш ага.

ОКУУЧУ КЕЗИНЕН СҮЙҮП...
Окуянын каармандарынын бири Жеңиш байкенин агасы Турарбек болсо, экинчиси кыргыздын чыгаан актёру, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун карындашы Насихат экен. Насихат бул жылдары агасы Намырбектин үйүндө жашап, борбордо окучу. Ал эми Турарбек ошол жердеги жатаканалардын биринде жашачу. Анын көңүлү күндө портфелин колуна көтөрүп өтүп бараткан кызга бурулат. Кыз дүйнөсү сезимтал келет эмеспи, көңүл буруп жаткан жигитке күндөн-күнгө тартылып, көз менен сүйлөшүүлөр күчөйт. Ал көз караштар бара-бара ысык мамилеге айланат.
Негизи, Чокморовдордун үй-бүлөсү спортко жакын келишет. Кыргызстандагы алгачкы футболчулар Алмаз менен Марс Намырбек аганын балдары эмеспи. Ал эми Насихат волейболду жакшы ойночу экен. Анын топ ойноп жаткан учурун тиктеп отуруп, агам мындай ыр чыгарыптыр:

Жайдын кечи көрккө бөлөп асманын,
Кызыл-жашыл түскө бөлөп баштарын.
Салкын желге саамай чачың багынса,
Сага карап сан ойлорго батканмын.
Эсиңдедир ошол сонун күүгүмдө,
Сен топ ойноп, мен куттуктап жатканым.

Эркин күлкүң жамалыңдан төгүлүп,
Мага кетет оюнуңдан бөлүнүп.
Толуп жаткан топ ойногон кыздардан,
Өзүң гана, өзүң жалгыз көрүнүп.

Оюңдадыр менин балкып турганым,
Карай салсаң зор бакытка чөмүлүп.
Жүгүрүүдө ойноп жатып туйбадың,
Жүрөгүмдүн ыр чыгарган кылдарын.

Ах, умтулган колдоруңдун кыймылы,
Айт дегенсийт ак тилектин сырларын.
Сездиң бекен ошондогу жүрөктүн,
Оо, Насихат! Сен дегенин сырларын?

Ажырашсак улам-улам жазып кат,
Көрүшсөк деп турчу элек кайра бат.
Сагынышып түн койнуна бөлөнсөк,
Сааттар өтүп күбө болчу кара бак.
Жакшы элесин калтырып жок болобу,
Жаш жүзүмдөй аймалашып турган чак?

ООРУНУ ЖЕҢГЕН СҮЙҮҮ
Жаштардын тилегине каргаша болгон нерсе – оору эле. Турарбек оорусу өтүшүп баратканын сезип айылга кетип калат. Насихатка дартын да, дарегин да, кайда кетип жатканын да айтпайт. Оорулуу жанын Насихатка арткысы келбей, анын бактылуу болушун каалап жашоосунан кетүүнү чечет. Болгону, экинчи адам ошол кадамына макул эмес экенин эске албаган.
Агам алыскы совхоздордун бирине барып иштеп калат. Насихат ар кимден сураштырып отуруп өзү таап, артынан барат. Кичине болсом да ошол кездер эсимде,- дейт Жеңиш байке. Турарбек өзүн издеп келген кызга: “Сени канчалык сүйгөнүм менен, бактылуу кыла албасым белгилүү болуп калды. Бул дарт менен көпкө узабайм. Кеч болуп кала электе жолуңду тап”,- деп абалын жашырбай айтат. Ошондо кыз аны тиктеп туруп “эгерде мен ооруп калсам, таштап кетет белең?” деп сураган экен. “Жок, мен сени эч качан, эч кандай абалда таштабайт элем” десе, “мына, бардык суроого өзүң жооп бердиң, сен таштабасаң, мен да сени таштай албайм. Демек, бул биздин тагдырыбыз” деген экен Насихат.
Чыныгы сүйүүнүн далили ушунда болсо керек, окурман.

КИЙИН ЭМНЕ БОЛДУ?
Ошентип, Турарбек менен Насихат үйлөнүшөт. Маркум Дооронбек Садырбаев Турарбектин досу экен, ал күйөө жолдоштук милдетти аткарат. Бирок Турарбек начарлагандан начарлап, үйлөнгөнүнө 1 жыл 5 ай болгондо көз жумат.
Экөө өтө ынтымактуу турушту. Уулдуу да болушту. Мен алар менен бир аз жашап калдым. Менимче, мындай окуялар аз болуш керек. Апам “Чыңгыз Айтматовго жолугуп ушул окуяны айтып берсем, укмуш чыгарма жазмак. Уулумдун сүйүүсү тууралуу чыгарма жаздырсам арманым бөксөрмөк беле?” деп кейип калчу. Ал кишиге деле көп жолу жолум бирикти, бирок негедир айта албагам. Насихатка баарыбыз ыраазы болдук, агамдын ашына чейин отурган. Кийин төркүндөрү келип башына азат сурашты. Атам, апам, баары коштошуп жатып ыйлашты. Апам небересин таштап кетүүсүн өтүнгөндө Насихат ал өтүнүчүн да жерге таштаган жок. Агамдын уулун апам тарбиялап чоңойтту.
Ушундай эскерүүлөр менен Жеңиш агай сөзүн жыйынтыктады. Ал эми Насихат эже кийин турмушка чыгып, энелик, аялдык бакыт тапканын да айта кетпесек болбостур.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(22)
04.03.2011. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйуу жалындаган оттойго
Суйбой журуп отуп кеткен болбойтго
Суйуп журуп жетпей калсан арманго
Суйуунун баркын билгин адамзаат
04.03.2011. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы суйуу деп ушуну айт.
04.03.2011. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul okuya koptogon suyushkondorgo sabak bolotko.tunuk suyuu
04.03.2011. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуунун кандайдыр бир кучу бар! Суйгон адамын кандай шарт койсо баарына макул болосун. Эх бул суйуу канча адамды ыйлатып, канча адамды бакытка салат!!!
05.03.2011. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nasihat eje abdan akylduu adam eken.....
05.03.2011. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу деп адам баласын эмнелерди гана кылбайт ээ.
05.03.2011. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен айылда окуп жургондо суйуу башкача сезилчуу
суйгон кызымдын колун кармасам озумду жоготуп койчуумун
азыр бишкектемин кучактап опсондагы окшошпойт кыздар повод бербеш керек экенда
05.03.2011. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен окуп алып ыйлагым келди,мен да суйуу учун курошуп келе жатам
06.03.2011. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам окуп жатып ыйладым, буюрса бул окуяны тасмага айлантыш керек
07.03.2011. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журокту титиреткен окуя экен.Менимче жетпеген суйуу гана чыныгы таза суйуу болсо керек
07.03.2011. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jurogum kysylyp ketti... emnege adamdarda baktyluu jashoo az bolot, men dagy bir adamdy jakshy korom,al adam kyrgyzstanda, men alysta, any siylaym, sagynam, keede iylaym, birok aytalbaym...
07.03.2011. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйуу жалындаган оттойго
Суйбой журуп отуп кеткен болбойтго
Суйуп журуп жетпей калсан арманго
Суйуунун баркын билгин адамзаат
31.03.2011. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
РахаТ сиз туура айтасыз.
Суйуусуно жеткен жандар,
Суйуусунон адашкандар деп ойлойм,
Суйуу деген орт-жалынды кечкенин.
Суйуу деген жетпестердин ыры экенин эстегин.
Ошон учун жетпеш керек жетпедим.
23.05.2011. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай сүйүү азыр жокко
10.06.2011. 06:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eh,suyuu-bul kandai sonun mahabat! Azirki zamanda da ushundai suyuulor koburook bolso! Menin da suygon jigitim bar.Azir men alis jakta bolgonduktan abdan saginip kettim! Birok meni kutup,tosup alarina ishenem!
02.07.2011. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйүү кандай көңүлдүү!Сүйбөй адам өткөрөбү өмүрдү.
Сүйүшкөндөр бири-бирин кандай күнгө туш болсо да таштабаса ал анда чыныгы сүйүү болот.
11.07.2011. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омур бою суйуусуз жон гана жашап откондон коро, бир аз убакыт болсо да чыныгы суйуунун даамын татуу башкача болсо керек...
21.07.2011. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бугун менин ыйлай турган кунум окшойт
01.08.2011. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демин кыстыгып,козундо жаш тегеренет.Чыныгы суйуу бар экендигине дагы бир далил! Ал эми мен болсо суйуунун бар экендигине шексинип журупмун?!
14.08.2012. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul oku9ny okugan saiyn kaira kaira okui berem,yilai berem.Antkeni menda balalyk alga4ky syiyymdon ajyragam.aradan 6 jyl otty.Birok bir sekundga da unuta elekmin.Kelbesin bilsemda,omyr boiu kytyp,syiyp otom...
13.06.2013. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдыр неге суйушкондорду бирге кылбайт...бул жашоонун буйругубу же..журогум сыздап, козумон тынбай жаштар куюлуп жатат.
27.11.2013. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуулук курмандыкты талап кылат дегендей сүйүү да курмандыкты талап кылат тура.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо