№1187
Корей киночуларынан кезектеги хит дорама – “Тирандын ашпозчусу” экранга чыкты. Алгачкы серияларында эле көрүү боюнча рекорд койгон сериал эмнеси менен көрүүчүнү өзүнө тарта алды? 90 өлкөнүн ТОП-10дугунан орун алган долбоор тууралуу маалыматтарды макаладан окуп алыңыз. А сиз бул дораманы көрүп баштадыңызбы?
Тарткан өлкө: Түштүк Корея
Чыккан жылы: 2025-жыл, 23-август
Жанры: тарыхый драма, романтика, фантастика
Режиссёру: Чан Тэ Ю
Канча серия: 12
Канал: tvN
Башкы ролдордо: Ли Юн А, Ли Чэ Мин, Кан Хан На, Чве Ги Хва жана башка
Юн Жи Ён – Ли Юн А
Заманбап ашпозчу Юн Жи Ёндун ролун актриса Ли Юн А аткарды. “Өзүм кулинарияга башынан эле кызыгам, анан сценарий ашканага байланганын көргөндө макул болдум. Мурда ашпозчулук хоббим болсо, бул дораманын аркасы менен профессионалдык көндүмдөргө аз да болсо ээ болдум окшойт” деп күлөт актриса. Азыктарды туура кесүү, даярдоо ыкмаларын үйрөнүү үчүн тартылуу иштери башталгыча 3 ай кулинардык курска барган. Андан сырткары француз тилин үйрөнүүгө туура келген.
Заманбап жашоодон 500 жылга артка кайтуу...
Өткөн чакка же келечекке “саякаттаган” тасма, сериалдарды көрүп эле жүрөбүз. “Тирандын ашпозчусу” дорамасынын сюжети да ушул идеяга байланган. Тагыраагы, башкы каарман өткөн чакка сапар алат. Дорама “Учурдун мыкты ашпозчусу 500 жыл мурунку доордо жашаган тиран жана гурман адам менен жолукса эмне болот?” деген суроо менен башталат. Мыкты ашпоз Юн Жи Ён Францияда өткөн кулинардык сынакта жеңишке жетип, Мишлендин 3 жылдызын алат. Үйгө кайтарда атасы “бир профессордон баалуу китеп ала кел” деп табыштайт. Учак менен мекенине кайтып бараткан жолдо Жи Ён баягы китепке кофе төгүп алып, аны тазаламак болуп дааратканага кирет. Эски китепти барактап жатканда кыз сыйкырдуу жол менен 500 жыл өткөн чакка – Чосон дооруна түшүп калат. Анан астынан тарых сабагынан окуп жүргөн тиран падыша Ли Хон чыгат. Экөөнүн таанышуусу алгач кастык маанайда өтөт. Экөө тең бири-биринин ким экенин, кайдан пайда болгонун билбей ыңгайсыз болушат. Ашпозчу өткөн чакка түшүп калганын сезгенде жашоо үчүн күрөш башталат. Ага жардам берген ашпозчулук өнөрү эле. 500 жыл артка түшсө да таланты менен ал жашоого да ыңгайлашып кете алат. “Дорамада негизги каарман – тамак”,- дейт режиссёр. Ашпозчу айымдын көзүн тазалоо максатын көздөгөн падышанын көңүлдөшү Кан Мок Жу да бар... Заманбап жашоо менен өткөн чактын кагылышуусу кандай өңүттө уланары кызык болуп турган чак.
tvN’дин рекорду
Актриса Ли Юн А жана актёр Ли Чэ Мин башкы ролдогу “Тирандын ашпозчусу” же болбосо “Тамагыңыз даамдуу болсун, улуу урматтуум” аталышындагы дорама веб-романдын негизинде тартылган. Алгачкы 4 сериянын жыйынтыгы менен сериал көрсөтүлүп жаткан tvN каналында 2025-жылдын эсебинен көрүүлөр боюнча эң жогорку рейтингге жеткен долбоор болду. Ал эми Netflix платформасында 190дон ашык өлкөнүн арасынан 93үнүн ТОП-10дугуна киргени үчүн алдынкы сапка чыккан. Бул көрсөткүчтөр дораманын динамикасынан, кызыктуу сюжет, баш каармандардын ортосундагы химия, мыкты деңгээлдеги кулинариялык көрсөтмөлөр тууралуу кабар берет.
Режиссёр Чан Тэ Ю
– Буга чейин бир нече тарыхый дорама тарттым. Бир карасаң тарыхый тасма тартууга идея калбай бараткандай сезилет. Бирок мүмкүнчүлүк барда дагы бир жолу тартып калайын дедим. Анан тамак-аш, кулинария тууралуу идея келди. Кулинария аркылуу хан сарайдагы интригалар, романтикалык мамилелер ачыкталат. Тамак-аштардын даамын, жытын экран аркылуу жеткирүүгө болбойт да. Андыктан биз визуалдык көрүнүшүнө, дизайнына басым жасадык. 12 серияны менюдагы 12 жаңы тамак деп билип, сериалыбызды аягына чейин көрөсүңөр деген ишенимдемин,- дейт буга чейин “Терең тамырлуу дарак”, “Түнкүсүн гүлдөгөн гүл” аттуу тарыхый сериалдарды тарткан режиссёр.
Алмашуу жана ката
Тартуу иштери мына башталат деп турганда эле кыйынчылыктар башталган. Тагыраагы, падыша Ли Хондун ролун актёр Пак Сон Хун (“Ый канайымы”, “Кальмар оюну-3”, “Атак” дорамаларында ойногон) аткармак. Бирок авиакырсыктан каза болгондорду эскерүү күндөрүндө, өлкө траурда турган маалда актёр соцтармактагы баракчасына “Кальмар оюну” сериалына пародия болгон күлкүлүү видеону бөлүшүп койгон. Натыйжада элдин терс сынына кабылып, “Тирандын ашпозчусу” дорамасынан аны кетирүүгө аргасыз болгон тартуучу топ. Анын ордун “Иерархия” сериалы менен таанымал болгон жаш актёр Ли Чэ Мин басты.
Андан кийин дорама ийгиликтүү экранга чыкты. Бирок 1-сериясын көргөн көрөрмандар тартуучу топту сынга алышты. Анткени ашпозчу Чосон дооруна жаңы түшкөн эпизоддо арткы планда кытайча иероглиф менен жазылган жазуу турат. Ал жазууда “эра/доор” деген маанини бере турган иероглиф туура эмес жазылып “чоң” деген маанини берип калган. Бул ката белгилүү болгондон кийин продюсерлер кечирим сурашып, катаны оңдоп чыгышкан.
Ли Хон – Ли Чэ Мин
Чосон доорундагы саясат, башкаруу, интригалар, апасынын өлүмү, өч алуу... Мунун баары тиран атыккан падыша Ли Хондун моюнунда. Тарыхта жазылгандай ал чынында эле тиранбы же кара мүртөз адамдын артындагы чоң трагедияны, драманы жабуу үчүн атайын маскабы? Анан да жеген тамагынын даамын ажырата билген гурман монархтын олуттуу ролу актёр Ли Чэ Минге буюрган. “Канткенде каарманымды жакшы ачып бере алам деген ой болду. Башкысы харизма керек, харизманы өзүңө болгон ишенимдүүлүк жаратат деди режиссёр. Анан монархка тиешелүү ишеним, өктөмдүк бергенге аракет кылдым каарманыма. Тамакты кантип “сулуу” жеш керек, кандай мимика, кол жаңсоолорду кошуу керектигинен бери үйрөндүм” дейт актёр. Баса, Ли Чэ Мин актриса Ли Юн Адан 10 жаш кичүү. Бирок экрандан ортолорундагы жаш айырма деле билинбейт. Негизгиси, химия бар.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |