№1187
Бул маек белгилүү жазуучу жана котормочу, кыргыздын чыгаан уулу Ашым Жакыпбеков тууралуу. Жакыпбековдун чыгармачылыгы, айрыкча Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кыргыз окурмандарына жеткирүүдөгү эмгеги зор экени чын. Ал эми анын “Теңири Манас” деген романы улуттук маданият үчүн баалуу мурас. Жазуучунун небереси Артур Исаев таятасын эскерип, анын адамдык бейнесин, чыгармачыл жашоосун ачып берүүгө аракет кылды.
– Артур мырза, таятаңыз, кыргыздын белгилүү жазуучусу Ашым Жакыпбеков тууралуу сүйлөшсөк деп турабыз. Ал кишини канчалык жакшы билесиз?
– Тилекке каршы, мен кичине кезде эле таятамдын көзү өтүп кетти. Жаңылбасам, ал киши каза болгондо 8-9 жашта болсом керек. Бирок мен таята-таенемдин колунда өскөндүктөн, таятамдын кулк-мүнөзү, кыял-жоруктары, айткан сөздөрү эсимде сакталуу. Неберелеринин ичинен таятамды мен көбүрөөк таанып-билип калдым окшойт.
– Анда эсиңизде калганы боюнча ал кишинин чыгармачылыгын кыскача сүрөттөп берсеңиз...
– Эсимде калганы – үйдө өзүнүн иш бөлмөсү бар эле. Балабыз да, ошол жакка кирип алып машинкасында бир нерселерди жазып жатса, бизге кызыктай көрүнөт эле. Таятам “апама арнаган чыгармам башымда даяр, ошону кагазга түшүргөнгө убактым болбой жүрөт” деп жүрүп өтүп кетти. Анан тагдыры оор болгонун, далай азап-тозокту көргөнүн бизге жомок кылып айтып берер эле. Ал кезде анча маани бербептирмин, кийин ойлосом, аябай эле оор жашоону башынан өткөрүптүр. Элестетсеңиз, таятам мектепте жогорку классты Фрунзеде окуп жүргөндө апасынын көзү өтүп кетет. Ошондо туугандар таятамды окуусун ийгиликтүү бүтүрүп алсын деп суук кабар айтышкан эмес экен. Энесине топурак сала албай калган, ушунун өзү эле канчалык оор...
– Айтматов жана Жакыпбеков... Ушул эки инсандын байланышы, чыгармачылык алакасы, тарыхый жагдайы тууралуу эмнелерди билесиз?
– Мен билгенден таятам Чыңгыз Айтматовду жазуучу катары эмес, адегенде бир айылдан чыккан агасы катары аябай сыйлачу. Анан гана чыгармачылыгына баа берип, сыймыктанып айтып калар эле. Көзү тирүүсүндө Айтматов баш болгон далай залкар замандаштары биздин үйгө бат-баттан келип турушар эле. Жакында таятамдын көзү өтөрдөн бир жыл мурунку интервьюсун окуп калдым. Ошол маекте журналист суроо берген экен, “Кыямат” романынан кийин Айтматовдун чыгармаларын эмнеге которбой калдыңыз? Чарчадыңызбы, көңүлүңүз калдыбы же дагы башка себептери барбы?” деп. Ошондо таятам Чыңгыз Айтматовду Чыке деп атап, “Чыкеден көңүл калды деш кесирлик болор, андай эмес. Ошол кишинин тапшыруусу менен “Манас” эпосун кара сөз түрүндө жазууга отургам” деп айтканын көрүүгө болот. Ушундан эле экөөнүн ортосундагы мамиленин тереңдигин түшүнсө болот го дейм. Бул боюнча азыр социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп жатпайбы.
– Айтматовдун көп чыгармаларын кыргызчага Ашым Жакыпбеков которгон, демек, Айтматовдун үнүн кыргыз окурманынын жүрөгүнө жеткирүүдө зор эмгек жасаптыр...
– Экөөнүн ортосундагы чыгармачылык алака мен билгенден ага-инилик мамиледен келип чыккан. Экөө жердеш болгондуктан Айтматовдун чыгармаларындагы кээ бир каармандардын чыныгы жашоодогу прототиптери биздин айылдаштарыбыз деп анча-мынча мисал келтирип айтып калар эле. Менин бул сөздөрүмдү ошол 1993-жылы “Кыргызстан Маданияты” гезитине жарыяланган таятамдын интервьюсу дагы ырастап турат. Таятам дээрлик 20 жыл убактысын Айтматовдун чыгармаларын которууга арнаптыр. Бир топ чыгармаларын кыргызчага которуп, бирок китеп чыкканда котормочу катары аты жазылбай калганы ортодогу анча-мынча адамдардын оюну болуп кеткендигин айтып “бул нерсени тарыхка калтырдым, тарых баасын берет” деп калчу. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин бул боюнча таенем дагы далай чуркап жүрдү, бирок жыйынтык чыккан жок, азыркыга чейин бир майнап чыга элек.
– “Теңири Манас” китебин сиз канча жолу окугансыз? Ал китептин өзгөчөлүгү, баалуулугу эмнеде деп ойлойсуз?
– Чынын айтсам, бул чыгарманы бир-эки жолу гана окугам. Азыркы учурда кайрадан окуп чыгайын деп, бирок кол тийбей жүрөт. Менимче, өзгөчөлүгү жөнөкөйлүгүндө. Албетте, мындай тариздеги чыгарма таптакыр жөп-жөнөкөй болушу мүмкүн эмес. Бирок ошондой болгон күндө дагы таятам жеткиликтүү болсун деп колдон келишинче чыгарманын маани-маңызын жеңил, жүрөккө жакын жугумдуу сөздөр менен жазууга аракет кылган.
– Таятаңыздын эмгеги бааланбай көмүскөдө калды деген өкүнүчүңүз барбы?
– Албетте, таятамдын 20 жылдан ашык убакыт коротуп жасаган эмгегинин элге көрүнбөй көмүскөдө калып бара жатканы бир аз өкүндүрөт. Бирок көзү өткөнүнө 30 жылдан ашып калса дагы, азыркы учурда анын талантын, чыгармачылыгын баалаган адамдардын чыгып жатканы жүрөк жылытып, кубантпай койбойт.
– Адам катары таятаңызды кантип сыпаттайт элеңиз. Анын мүнөзү, кылык-жоруктары, тамашалары эсиңизде болсо...
– Эгер салыштырып карай турган болсок, таятам цементтей болгон киши эле (күлүп). Кези келгенде жумшак, кези келгенде катуу. Ар бир сөзү, кыймыл-аракети орундуу киши болчу. Катуу тамашалаганды жакшы көрчү, илгеркилер айткандай, куйкум сөздүү куудул киши эле десек жарашат. Неберелерин болсо ашыкча эркелетпеген, бирок кези келгенде кучагына алып ойнотуп, жакшы сөздөрүн арнай билген жан болчу.
– Бош убактысында эмне кылчу?
– Кино көргөндү жакшы көрчү. Анын бул сапаты мага да өттү.
– Ал кишинин жолун улантчулар чыктыбы урпактарынан?
– Азырынча жок, балким, чөбөрөлөрүнөн чыгып калар. Таята-таенем экөөнүн көп балдары чарчап калып, эки эле бала буйрук болуптур, апам жана кичүү таякем. Апамдын айтымына караганда, апам алтынчы бала болуп төрөлгөн экен, ал эми таякем 11 же 12-болуп төрөлүптүр. Ким билет, балким, ошол чарчап калган балдардын арасынан таятамдын жолун жолдочулар чыкмактыр... Таякем чыгармачылыктан таптакыр алыс адам, ал эми апам сүрөтчү.
– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Кесибиңиз ким, ким болуп иштейсиз?
– Өзүм тууралуу айта турган болсом, бир кыз, эки уулдун атасымын. Чыгармачылыктан таптакыр алыс тармакта эмгектенип келем. Тармакты өнүктүрүү боюнча адисмин. Азырынча өзүмдүн купулума толгон иштемин десем болот.
– Таятаңызга окшош жактарыңыз барбы?
– Келбетибиз десем болот. Бирок таятам кара-тору киши болгон, мен таенемди тартып ак жуумалмын. Бирок таятамды тааныгандар биздин бет түзүлүштөрүбүздү окшоштуруп калышат.
Асел Нурбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |