ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КУБОГУНДА “ДОСТУК” ЧЕМПИОН!

№1187

7-сентябрда Эгемендүүлүк кубогуна арналган көк бөрү мелдешинин финалы өтүп, анда Таластын “Ынтымак” жана Оштун “Достук” командалары бет келишти. Финал бүйүр кызыткан маанайда өттү. Макалада оюндун урунттуу учурларын баяндап беребиз.

 

Көптөн күткөн жеңиш

Финалдык таймаш Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өттү. Адаттагыдай күйөрмандар агылып келип, оюнду башынан аягына чейин кызуу сүрөөнгө алып турушту. Эки команда тең мыкты даярдыкта келгени оюндун жүрүшүндө ачык көрүндү. Жыйынтыгында “Достук” командасы “Ынтымакты” 5:4 эсебинде утуп, чемпион аталды.

Саналуу мүнөттөрдө абал өзгөрдү

Оюнда “Достук” командасы атаандашын 4:2 эсебинде утуп жаткан. Оомат келем десе, заматта. Беттештин аяктаарына 1,5 мүнөт калганда “Ынтымак” командасы катарынан 2 салым салып, эсепти теңеп кетти. Негизги убакыт тең чыгуу менен аяктап, кошумча берилген 10 мүнөттүк убакытта “Достуктун” оюнчусу чечүүчү салымды салып, командасын да, күйөрмандарын да кубанычка бөлөп таштады.  

Даярдыктын натыйжасы

Көк бөрү күйөрмандары жакшы билишет, көп жылдан бери маанилүү беттештерде “Достук” “Ынтымакты” ута албай жүргөн. Бул эки команда дайыма финалда кез келип, жеңишти таластык команда илип кетип жаткан. Акыры көптөн күткөн жеңишке жетти, “Достук" чемпион болууга оюнчу Кубаныч Султан уулунун салымы зор болгонун айта кетиш керек. Адистердин айтымында, быйыл “Достук” командага көп акча жумшап, келишим менен көп оюнчу алган. Ошондуктан жакшы даярдык өз жемишин берди деп баалап жатышат күйөрмандар. 

Тарых жаралды

Үчүнчү орун... Жогорку Лигада быйыл Нарын облусу биринчи жолу жеңишке жетти. “Намыс” командасы үчүнчү орунду алып тарых жаратты. Мындай жыйынтык командага дем-күч берери айтпаса да түшүнүктүү.

 

Манас Ниязов, “Достук” командасы: “Утпасак болбой калды эле”

Оюндан кийин атактуу Манас Ниязов комментарий берди.

– Жеңиш бизге буюрган экен. Жакшы даярданганбыз. Эмгектин үзүрү кайтты. Утпасак болбой калды эле, сүйлөшүп, уталы деп чыкканбыз. Салым көп сала албадым, оюнда мени катуу карашат негизи эле. Оюнду сагынып калдык эле, элдер дагы көрүп сүйүнүп кетти. Баары жакшы өттү, эң башкысы кырсыксыз,- деди Ниязов.

Рустам Тыналиев, “Достук” командасы: “Бул кубокту 20 жыл күткөм”

Улакчы Рустам Тыналиев дагы бул жеңиштин тарыхый мааниси зор экенин белгиледи.

– Бул кубокту 20 жыл күттүм, мен үчүн аябай кубанычтуу күн. Тарыхымда биринчи жолу Эгемендүүлүк кубогун уттум. Кыргыз элин майрамы менен куттуктайм. Жалпы элге чоң рахмат. Биздин күйөрмандарга ыраазычылык билдирем. “Достук” командасына чоң рахмат,- деди ал.

“Ынтымак” командасынын көк бөрүчүлөрү умрага жолдомо алышты

Талас элинин атынан “Ынтымак” командасынын улакчыларына умрага жолдомо тапшырылды. Бул тууралуу 8-сентябрда активист Билим Майнаев билдирди.

– Командага умрага жолдомо. Эгемендүүлүк кубогунда ипподромго “Достук” менен “Ынтымак” командасы 15 миңге жакын жан күйөрлөрдү жыйнады. Мыкты оюн болду. “Достук” командасы утуп, чемпион болду. Эки команданын тең балдары жүрөгүндө оту, ыйманы бар балдар. Буларды көргөн миллион деген өсүп келе жаткан жаштар үлгү алышат,- деди Майнаев.

Көк бөрү федерациясы Асылбек Өзүбековго аргымак белек кылды

Көк бөрү боюнча ар бир оюнда алып баруучулук милдетти аткарып жүргөн белгилүү ырчы Асылбек Өзүбековго аргымак мингизилди. Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев улуттук оюндун өнүгүшүнө салым кошуп жаткан адамдардын саны арбын экендигин белгилеп, жыл сайын аларга ушундай белектер берилерин кошумчалады.

Асылбек Өзүбеков 1996-жылдан бери ат майдандарында өткөн көк бөрү беттештеринде алып баруучулук кылып келет. Ал беттештерди абдан берилүү менен, тамаша аралаштыра кызыктуу баяндайт. 

Тыныгуудан кийинки жол...

Быйыл жыл башында көк бөрү ааламында күтүүсүз кырсык болгон. “Нооруз” турниринде белгилүү улакчы Мирлан Сраждинов оюн учурунда сокку тийип каза болгон эле. Бул окуядан кийин көк бөрү боюнча бардык турнирлер токтотулуп, коопсуздук маселеси күн тартибине чыккан. Узакка созулган тыныгуудан кийин Эгемендүүлүк кубогунда көк бөрү кайра жанданды. Оюнчулар гана эмес, күйөрмандар да оюнду сагынып калганын Чолпон-Атада өткөн финал даана көрсөттү.

 

Динара Акимова

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо