Айтылуу ишкер Абдыкеримовдун 10 миллиард сомдук мүлкү мамлекетке алынды

№1188

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Аю Холдингдин” негиздөөчүсү, мурдагы депутат Шаршенбек Абдыкеримовго таандык 10 миллиард сомдон ашык суммадагы мүлк мамлекетке өткөрүлгөнүн билдирди. УКМКнын маалыматына ылайык, тергөө-оперативдик иш-чараларынын жүрүшүндө компаниянын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Атап айтканда, көп жылдар бою мамлекеттик органдарга жасалма каржылык отчёттор берилгендиги, салыктар менен милдеттүү төлөмдөрдөн качуу, ошондой эле кирешелерди мыйзамдаштыруу үчүн мүлктү аффилирленген адамдардын атына каттоо болгону аныкталды. Натыйжада соода-оюн-зоок борборлору, өнөр жай базалары жана коммерциялык жайлар мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Мындан тышкары Абдыкеримовго каршы “уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо” беренеси боюнча жаңы кылмыш иши дагы козголду. Анын тууганы жана компаниянын башкы директору Тыныбек Исаев кармалып, тергөө абагына камакка алынды.

Эске салсак, Шаршенбек Абдыкеримов 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин өлкөдөн чыгып кеткени айтылат. Ал спирт өндүрүшүнө байланыштуу мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн мурда да айыпталган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо