№1188
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жаңы ыкма киргизилүүдө – эми кылмышка шектүүлөргө электрондук билерик тагылат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу билдирди. Анын айтымында, учурда милиция коргоо ордерлерин берип келет. Бирок көп учурда аларды аткаруу жана көзөмөлдөө жетишсиз. Жаңы систем бул көйгөйдү чечүүгө жардам бермекчи. Электрондук билерикти жаран өз алдынча чече албайт. Ал мобилдик операторлордун системи аркылуу иштеп, шектүүнүн кыймылын көзөмөлдөйт. Эгер билерик тагылган адам жабырлануучуга жакындаса же белгиленген аймактан чыгып кетсе, маалымат дароо ички иштер органдарына түшүп турат.
Тактай кетсек, расмий маалыматка ылайык, акыркы жылдары үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны көбөйгөн.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |