“НЕБЕРЕМДИН БИР БУТУ КЫСКА, ОПЕРАЦИЯГА ШАРТЫМ ЖОК”

№1188

65 жаштагы каарманыбыз Айтиниса Бегматова оорукчан кызы жана анын 6 баласын өзү жалгыз багып, оор түйшүк тартып келе жатканын айтат. Үстүндө үйү жок. Бир небереси оор операцияга муктаж экенин, ага да каражат таппай карайлап турганын баяндап берди. 

 

“Күйөөм сабай бергенинен ажырашкам”

– Мен Айтиниса Бегматова, 65 жаштамын. Учурда оорукчан кызым жана анын балдары менен Бишкекте батирде баш калкалап жатабыз. Өзүм Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айылынан болом. Мектепти бүткөндөн кийин эсепчилик адистиги боюнча 1 жылдык курсту окудум. 22 жашымда Ала-Буканын Ак-Там айылына турмушка чыктым. 11 жыл бирге жашап, 2 кыздуу болуп, 3-балам боюмда бар кезде ажыраштык. Күйөөмдүн эки күндүн биринде ичип келип уруп-сабаган зөөкүрлүгү көкөйүмө көк таштай тийди. Кош бойлуу кезде оң колумдан кармап бийик тепкичтен түртүп жибергенде кулап, колум ийинден чыгып кеткен. Ошол колум азыркыга чейин оорутат.

Бирге жашап турган убакта айылга 4 бөлмө үй салган элек. Эки башка жолго түшкөндөн кийин кайын журтум мени ал үйгө ээ кылган жок. 2 балам менен ата-энемдикинде жашап калдым. Ошол жактан төрөдүм. Балдарымды багайын деп эсепчи, санитарка болуп иштедим. 2011-жылы Бишкекке келип, батирлеп жашап баштадык. Кийин кыздарым бой жетип,  турмушка чыгып кетишти.

 

“Оорукчан кызымды балдары менен кошо кароого аргасызмын”

– Чоң кызым Ала-Букада күйөөсү менен ыр-чыр болуп жашап жүрүп 6 балалуу болду. Балдары учурда 14, 12, 9, 6, 3 жана 1,5 жашта. Күйөө балам кызым менен жашап жатып жашыруун башка аял алып, андан 1 кыздуу болуп калганы кийин билинди. Мунусу аз келгенсип оор кылмыш кылып, ошонун айынан камалып кетти. Ошого кызымды азыр балдары менен кошо багууга аргасызмын. Бишкекте кафелердин биринде пол жууп иштейм. Эч шарты жок кепедей батирде акча төлөп жашайбыз. Тапканым эч нерсеге жетпейт. Балдарга дары-дармек, мектепке кийим-кече, окуу куралдары керек экен. Жашообуз кыйын эле. Кызым оорукчан. Ур-тепкилердин айынан окшойт, башым ооруйт дейт, кусат. Анемия, жогорку кан басым оорусунан жабыркайт. Бөйрөгү көп ооруйт, ооруганда шишип кетет. Аталган дарттарынын айынан ишке жарабайт.

 

“Неберемдин бир буту кыска”

– Быйыл 4-класска бара баштаган 11 жаштагы неберем 1-топтогу майып. 5 жашында оң бутуна мык кирип кетип, Ала-Буканын ооруканасына алып барып дарылатышкан. Бирок жакшы болбой Бишкекке алып келип, ооруканага жаткыздык. Уколдорду жамбашына да сайышкан. Ошондо туура эмес дарылашканбы же башкабы, айтор, азыр оң буту кыска. Бир буту жерге 5-6 сантиметрдей жетпейт. Кыйшаңдап басканга көкүрөгү алдыга чыгып, сколиоз болуп, ички органдары жылышып баратат.

Жакында ортопеддерге кайра көрсөтсөк, мурда айткандарындай эле 2 этап менен операция жасап, бутуна темир кадайбыз дешти. Каражат жок, эмне кыларыбызды билбей отурабыз. 14 жаштагы неберемдин өнөкөт баш оорусу бар. Күн ысыганда, бир нерседен кыйналганда мурду канай берет. Дарыларын ичирсек токтоп калат.

 

“Жардам берер эч кимибиз жок”

– Кичүү кызым өз турмушу менен. Тапкандары бала-чакасынан ашпайт. Уулум жакында Москвага барып иштей баштады. Батир акысынан, жол киремден ашты деп кээде азыраак акча салып калат. Ал деле чогулбай, балдардын бир нерсесине тыгынчык болуп кетет. Бизге жардам берчү башка эч ким жок. Неберемдин бутуна жасалчу операцияга каражат жагынан жардам сурайбыз. Өзүбүздүн үйүбүз болгондо да мынча кыйналбайт элек.

 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

МБанк: 0507 061060

Канымжан Усупбекова

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо