№1189
Көп ырчылар аткарып жүргөн хит ырлардын автору, ырчы, аранжировкачы Ильяз Абдыразаков бул аптанын каарманы болду. Ал ырчылык жолу, музыкалык билим, эл аралык сынактар, хайп, сындар тууралуу ой бөлүштү.
– Кандайсыз, Ильяз мырза? Жакында концерт бергени жатыпсыз, силердин муундагы ырчылар быйыл катуу кириштиңер окшойт?
– Жакшы, рахмат! Концерт берген себебим – кайда барсам да “концерт бер” деп көптөр суранып жатышты. Карасам, биздин муундагы бир топ ырчылар ушул жылы концерт беришти, бирок бул дал келүү гана. Алар “чыгармачылыгыма 20 жыл” деп концерт берип жатышат, меники анда 30 жыл болуп кетеби, билбейм (күлүп).
– Негизи сахнадан алыстап кеткендей болдуңузбу же жөн эле ошондой сезилип жатабы?
– Сиздерге ошондой сезилип жатат болуш керек, улам жаңы клиптерди тартып, ырларды чыгарып эле жатам. Мээнетибиз мурункудай эле. Болгону эл көзүнөн бир аз алыстап, интервью бербей калдым. Бишкекке чоң программада концерт бербегениме да 5-6 жыл болуп кетиптир. Азыр эл концертке көп кызыкпай калгандай сезилип чыгынбай жүрдүм. Анын үстүнө мурун концерт берүү жеңил болчу, азыр эл топтош кыйын. Айтор, кандай болор экен деп санааркап турган учурум. Эми көрөбүз. Концертке даярданам деп тойлорду да, студияда ыр жаздырууну, аранжировка жасоону да жыйыштырдым.
– Атабеков, Иманбеков, Примбердиев, сиз сыяктуу жарк этип чыккан бир толкун жаралбай жаткансыйт, буга эмне себеп деп ойлойсуз?
– Азыр социалдык тармактар популярдуу болуп кетпедиби. Ошондуктан чыныгы таланттуулар эмес, катталуучусу көптөр, хайпты катыргандар, жиндилиги менен элдин көңүлүн өзүнө бура алгандар “жылдыз” болуп жатышат. Түнү менен студияда жүрүп, ыр жаздырып мээнет кылгандар жүдөп эле артта калып жатабыз (күлүп). Талап болбосо сунуш жок дегендей, азыр укмуш таланттуу ырчы деле хайп жасагандардын чаңында калып кетчүдөй заман. Менимче, ушул себептүү топ жарып чыккан ырчылар көп болбой жатат. Биз хайп-сайпка жок экенбиз, кесипкөй музыкант болуп калып калдык.
– Кесипкөй деп калдыңыз, музыка жаатында атайын билим алдыңызбы?
– Расмий бир документим жок болсо да, өзүмдү кесипкөй музыкантмын деп эсептейм. Менде Жараткан берген табигый жөндөм бар. Табигый жөндөмү бар адамга сөзсүз окуунун деле кереги жок. Мөмөнүн деле химикат кошулбай, табигый жол менен бышканы таттуу жана пайдалуу эмеспи. Ошол сыяктуу мен эч бир химикат кошулбаган, таза музыкантмын. Окусам деле болот, бирок 6-класстагы баланы кайра 1-класска отургузуп койгондой кеп болот да. Кичинемден чыгармачылыктын казанында кайнап келатам, ырчылык жана турмуштук жолум мага окугандай эле чоң тажрыйба берди деп айта алам.
– Жакында Бек Исраилов баштаган ырчылар эл аралык сынактан 2-орунду алышты. Сиздин деле ушундай сынактарга катышкыңыз келеби?
– Ырчыларды ырдатып туруп эле “сен, Ильяз, жүрү фестивалга” деп алып кетип калбайт экен да. Фестивалга катышкан ырчылар бардык ишин токтотуп коюп, өздөрүн ошол жаатка арнашат. Мен, мисалы, той, студия, концерт дегендердин баарын токтотуп, фестиваль деп гана дегдеп калышым керек. Ошол чөйрөдөгүлөр менен таанышып, алака кылышым зарыл. Бул – ырчылыктын башка бир өңүтү, өзүнчө бир тармак. Ал жактагы ырчылар концерт коём дешпейт, хит ыр жаратам деп жулунушпайт, сынакты гана көксөп калышат. Ар ким өзү каалаган, өзүн көрө алган гана чөйрөгө умтулат эмеспи. Менде азырынча андай көксөө жок.
– Музыкант өзү эргип музыка угабы?
– Угат, баалайт. Бирок элдин талабына жараша иш кылат. Мисалы, классикалык музыканы жактырып уксаңыз деле, элге өзүнүн талабына жараша ыр жаздырууга туура келет. Көп ырчылар менен иштешип жүрөм, үнү кайсы ырга жарайт, стилине отурабы-жокпу дароо биле алам. Айрымдары “дуэт ырдайлы” деп сунуштап калышат. Эки-үч ыр даярдап, бирок ал чыгарма кайсы ырчынын үнүнө туура келет деп күтүп калам. Анан туура келгенине сунуштайм, көбүнчө мен күткөндөй жыйынтык болот. Ырчы Асел Кадырбекова менен да жаңы дуэт жаздырдык. Ырды башка ырчы үчүн жаздырган элем, бирок байкасам ага жарашчудай эмес. “Токтоп тур” дедим да, Аселге сунуштадым, ага жарашып эле калды. Музыканы сезүү боюнча табигый жөндөмүмдүн бир мисалы ушул.
– “Сыныктан башканын баары жугуштуу” дейт эмеспи. Жубайыңыз да музыканын тилин жакшы эле түшүнүп калса керек...
– Ооба, жылдардын өтүшү менен жубайлар бири-бирине окшошо баштайт экен. Жубайым азыр музыканы мендей болбосо да, жакшы сезе алат. Концерт уюштурууда анын салымы чоң. Мен программасын карап, ал шоу жагын уюштуруп жатат. “Элде жок, башкача бир жаңылык киргизсек” деп далалат кылып, дайыма жанымда болууда. Анын колдоосуна аябай ыраазы болуп жүрөм, анткени кичинекей жана мектеп жашындагы балдарыбыз бар. Аларга да, мага да убакыт таап жатат.
– Мурдагы кыялдарыңыздын баарына жеттиңизби?
– Жок, кыялдар улам жаңылана берет. Дагы көп кыялдарыма жете элекмин, буюрса, жетебиз.
– Сынга кандай карайсыз?
– Мурда айтылган сынды жакшы кабыл алчумун. Ар бир сындын үстүнөн иштеп, оңдогонго аракет кылар элем. Азыр бир аз башкача көз караштамын. Аша чаап сын айткандардан “өзүң эмне ийгилик жараттың эле?” деп сурагым келет. Кээде сын деп эле ой-тоонун баарын айта бергендер бар. Өзүнө жараша жооп айтып койсоң таарынат.
– Сиздин ийгилик мээнет менен келдиби же фортуна жылмайды деп ойлойсузбу?
– Мээнет менен келди дейт элем. Кенедей кезден ыр чөйрөсүнө аралаштым, гастролдоп жүрүп ысык-суукта калган, күнү-түнү уктабаган учурлар болду. Билинбегени менен, ырчылыктын түйшүгү көп.
Фортуна да жылмайды. Анткени мени менен чогуу ыр жаздырган, бир чөйрөдө жүргөн бир топ бала бар эле. Эмнегедир алар эмес, менин ырларым хит болуп чыгып кетти. Агымга илешип алдыга суурулган ырчылар болду, канча аракет кылганына карабай агымдан четтеп калгандар болду.
– Маегиңиз үчүн рахмат!
КАНЧА?
- Канча өлкөдө болдуңуз?
- Так билбейм, ондон ашык өлкөгө саякатка чыктым.
- Канча жаштасыз?
- 37 жаштамын.
- Канча жашыңызда ырчылыкка аралашкансыз?
- 6-класстан бери жүрөм.
- Канча жолу концерт бердиңиз?
- Болжол менен 16-17 жолу.
- Канча ырыңыз бар?
- Аткарып жүргөн 70-80 ырым бар. Башкаларга жазып бергендеримди санаш мүмкүн эмес, 500-800 болсо керек.
- Канча үйүңүз бар?
- Бир.
- Канча саат уктайсыз күнүнө?
- Ар кандай. Түнү менен иштеп, таңкы саат алтыларда уктайм.
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |