№1189
Дүйнө жүзүндө чычкандын 1100дөн ашык түрү бар.
Чычкандар күндүзгүгө караганда кечкисин, тагыраагы, караңгыда жакшы көрүшөт.
Чычкандар саатына 12-13 чакырымга чейин чуркай алышат жана 30 сантиметр аралыкка секирүү жөндөмүнө ээ. Ал эми кээ бир түрлөрү 100 метрге чейин уча алышат.
Жыт билүү сезими жакшы өөрчүгөн, алар 15 метр аралыктан жыт сезип, эмне экенин ажыратышат.
Кооптуу учурлар же болбосо тамак-аш тууралуу маалыматты бири-бирине түрдүү үн, керекпи жыт аркылуу кабарлай алышат.
Эске тутуусу мыкты, 60-70 метр аралыкка чейин тамагына барчу жолду эстеп калуу жөндөмүнө ээ. Жолун унутуп калбаш үчүн атайын жыт чыгаруу менен белгилеп коюшат.
Бири-бирин жыт аркылуу таанышат. Тагыраагы, түгөйүн, балдарын, туугандарын жыт аркылуу таанып-билет.
Кээ бир чычкан түрлөрү 7 жылга чейин жашашат.
Чычкандардын жашоосунда үн да маанилүү роль ойнойт. Үн аркылуу таанып-билүү, “коомдогу” статусун, күчүн ажырата алышат.
Чычкандардын иммунитети, метоболизми күчтүү болгондуктан, көп ооруга туруштук беришет, жаракаттары бат айыгат жана тамак-ашты адамга караганда 2-3 эсе бат сиңирет.
Адамга тиешелүү ооруларга (рак, жүрөк оорулары) илимий изилдөө жүргүзгөндө көбүнчө чычкандарды колдонушат.
Үй жаныбары катары багылган чычкандар жапайы табиятта жашаган чычкандарга караганда 5-10 эсе көпкө жашашат. Анткени жапайы жаратылышта чычкандар көптөгөн жаныбарлардын тамагы болуп эсептелет.
Көп тараган үй чычкандары төрөлгөндөн 3 айдан кийин жыныстык жактан жетилип, тукум улоого даяр болот. Алар жыл бою төлдөй (5-6 жолу) беришет. Курсагында 19-21 күнгө чейин көтөрүп, 1-15ке чейин балалуу болушат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |