“КОНУУДА УЧАКТЫН ШАССИСИ ЧЫКПАЙ КАЛЫШЫ МүМКүН ЭМЕС”. Авиатехник менен маек

№1189

Аэропорттордо ар бир учактын коопсуз учуп-конуусунун артында дал ушул адистердин эмгеги жатат. Таң эрте башталган жумуш аба ырайынын “эркелигине” – ысык-суукка, ызгаарга же жамгыр менен карга моюн сунбайт, авиация дүйнөсүнүн көшөгө артындагы кыймылдаткыч күчү. Бул жолу аба каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылып, учактарды асманга көтөрүүгө даярдаган, жоопкерчилиги абдан чоң адистердин бири – авиатехник менен баарлаштык. Каарманымдын аты-жөнү – Бакыт Абдразаков. 

 

– Бакыт мырза, сиздин жумуш күнүңүз саат канчада, эмнеден башталат? Бир күндүк иш графигиңизди баяндап берсеңиз...

– Менин жумуш күнүм таңкы саат 5те башталат. Жумушка барып нөөмөттү кабыл алабыз. Учактардын статусу кандай, учууга жарактуубу, аткарылчу жумуштар толугу менен бүттүбү текшеребиз. Нөөмөттөгү кызматкерлердин жумуштарын бөлүштүрүп, андан соң учактарга барабыз. Ар бир учакты сыртынан бир сыйра айланып карап чыгабыз. Бардык тетиктери жайындабы, май, керосин же гидросуюктуктар аккан жокпу, дыкат текшеришибиз кажет. Андан соң учактын ичине кирип, ток берип бардык системдерин карап, текшерип чыгабыз. Анан борттук журналды окуп, маалымат алабыз. Андан соң учакка керектүү суу, керосинге буюртма берип, куябыз. Бардык жумуштар бүткөн соң документтерди толтуруп, экипажга даяр учакты тапшырабыз.

– Жакшы. Юрист, экономист, мугалим же дарыгер эмес, эмне үчүн дал ушул кесипти тандагансыз?

– Кичине кезимде апам айылда аэропортто кассир болуп иштеген. Үйүбүз дагы аэропортко жакын болчу. Апамдын жумушуна көп барчумун, ушундан улам кызыгуу жаралды окшойт.

– Иш тажрыйбаңыз канча жыл?

– 1993-жылы Бишкектеги окуу жайга тапшырып, 1996-жылы кызыл диплом менен бүтүргөм. 1996-жылдан бери өз кесибим боюнча иштеп келе жатам.

– Ар бир кесиптин оорчулугу болот, сиздин кесиптин оорчулугу эмнеде деп ойлойсуз?

– Биздин кесиптин оорчулугу деп аба ырайынын шарттарын айтат элем. Себеби катуу суукта же күн аябай ысыкта учактар дагы бат-бат бузула баштайт. Аба ырайы аябай оор шарттарды жаратат.

Ал эми маанилүүлүгү - тез жана туура чечим кабыл алууда. Ошондой эле англис тилиндеги бардык техникалык документацияны туура түшүнүү, туура талдоо маанилүү.

– Кыргызстанда бул кесипти аркалагандар көп элеби? Чогуу иштеген кесиптештериңиз тууралуу айта кетсеңиз...

– Өлкөдө бул кесипти аркалап жүргөндөр абдан көп. Тажрыйбасы мол техник-инженерлер жетишпегендиктен кээ бир авиакомпаниялар чет өлкөдөн техник-инженерлерди жалдап иштетишет. Себеби көпчүлүк учактар Батыштыкы – Боинг, Аэробустар. Алардын бардык документтери англис тилинде. Окуу жайды бүткөн кадрлар баарлашууда көбүнчө англис тилинен өтпөй калышат. Биздин компанияда чогуу иштегендер баары тажрыйбалуу, буга чейин башка компанияларда иштеген балдар. Баарынын аттарын атабай эле коёюн.

– Жумушта форс-мажор учурлар болсо керек, андайда атайын эреже, инструкциялардан тышкары эмнелер маанилүү?

– Форс-мажор учурунда компаниянын ичинде өзүнчө тартиптер, эрежелер бар. Биз ошол тартиптерди так аткарышыбыз керек.

– Кандай кызыктуу же адаттан тыш окуялар болгон сиздин иш тажрыйбаңызда? Мисалы, учак конууга жакындаганда шасси чыкпай калды дейли. Мындайда кандай реакция болот сиздер тараптан?

– Шасси негизинен көпчүлүк учактарда бир нече бири-биринен көз карандысыз гидросистемдер менен чыгат. Бирөө иштебей калса, экинчиси же үчүнчүсү сөзсүз иштейт. Такыр болбосо авариялык түрдө чыгат. Көбүнчө шасси өзү эмес, шасси чыкканын аныктап кабарлаган сигнализация системи кээ бир себептер менен толук иштебей калат. Биз тараптан учак конгондо аябай көп текшерүүлөр болот. Анын бардыгы кагаз түрүндө тастыкталып, журналга жазылат. Инспекцияга жана агенттикке кабар берилет. Ансыз ал учак кийинки каттамга жөнөтүлбөйт.

– Учактарды тейлөө жылдын кайсы мезгилинде кыйын?

– Учактарды тейлөө негизи жылдын бардык мезгилинде эле кыйынчылык жаратат. Себеби жамгыр, кар, муз, жылгаяк, ысык, суук, түн, шамал, ушулардын баары ишке тоскоолдуктарды жаратат. Себеби биз перрондо иш кылабыз. Ушул факторлор учактарды оңдогондо аябай таасир этет.

– Учактын кайсы деталдары учуу алдында сөзсүз текшерилүүгө тийиш?

– Учактардын бардык тетиктери учуу алдында биз тараптан жана экипаж тараптан учуу алдындагы чек-лист боюнча текшерилет. Учактын сыртында жана ичиндеги бардык нерсе толук жана бүтүн болушу керек. Ашыкча нерсе болбошу кажет. Бардык эшиктер, техникалык бөлүктөр (отсек), люктар толук жабык болушу шарт.

– Аэропорт кызматкери катары сиздерге ары-бери учууда кандайдыр бир жеңилдиктер берилеби?

– Азырынча эч кандай жеңилдик жок. Мүмкүн, биздин компаниядан мындай жеңилдик келечекте берилер деп ойлойм.

– Акыркы жылдары “Манас” аэропортунда жакшы иштер жасалып жатканы байкалууда. Сиздердин жумушта да бул нерсе сезилип жатабы?

– Ооба. Негизинен ушунча жылдан бери ички каттамдарга 3 учак сатып алуу бул аябагандай чоң иш. Буга эрк, каржы жана умтулуу керек болчу. “Манас” аэропортунун ичинде да, сыртында да курулуш иштери жүрүп жатат. Учуп-конуу тилкеси жаңыртылды, токтотмолор бетондолууда. Жаңы заманбап техникалар сатып алынды. Өлкө ичиндеги алыскы аэропорттор ачылып жатат. Биздин компаниянын материалдык базасы дагы акырындык менен чоңоюп жатат десек болот.

– Өзүңүз кайсы жактын кулуну болосуз?

– Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Шайдан айылынан болом. Төрөлгөн жерим – Чаткалдын Жаңы-Базар айылы. Балалыгым Чаткалда өттү.

– Үй-бүлөңүз, жакындарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

– Үй-бүлөм тууралуу айтсам, келинчегим экөөбүздүн 5 кыз, бир уулубуз бар. Бишкектин четиндеги жеке үйлөрдө турабыз. Балдар менен эң ыңгайлуусу эле жер үй экен.

– Авиация тармагына кызыккан жаштарга кандай кеңеш айтат элеңиз?   

– Жаштарга кеңешим: биздин муун авиациялык окуу жайда орус тилинен кыйналган, анткени сабактар орус тилинде өтүлчү. Азыркы замандын талабы – англис тили. Учактардын баары чет өлкөлүк De haviland DHC 8-Q400, Airbus, Boeing үлгүлөрүндө болгондуктан англис тилисиз жумушка кирүү абдан кыйын. Себеби учактын түзүлүшү, иштеши, кийинки техникалык кароолордун баары ушул тилде. Аны окуп, толук, туура түшүнүп, талдап, анализдеп, андан кийин иштей башташат. Ошондуктан англис тилин үйрөнгүлө дейт элем.   

 

Асел Нурбекова

    


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо