Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эмнеге жолдогу чаар тилке “зебра” деп аталган?

№1189

Асфальт жолдун жөө адамдар өтүүчү атайын тилкесин “зебра” деп атайбыз. Бул аталыш кандайча, эмне себептен пайда болгон? Жообун төмөндө айтып беребиз. 

 

Алгач Улуу Британияда пайда болгон

Өткөн кылымдарда көчөлөрдө автоунаалардын көбөйүшү менен жол кыймылын тескөө маселеси жаралган. Ошентип алгачкы “зебра” Улуу Британияда коопсуздук куралы катары пайда болгон. 1930-жылдары аталган өлкөнүн транспорт министри Хор-Белиша жөө адамдар өтчү тилкесине кызыл-сары фонарлар тагылган   ак ала түркүктөрдү орнотууга буйрук чыгарган. Андай түркүктөр ошол министрдин фамилиясынан аталчу. Кечинде фонарлар күйүп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылып турчу.

Бара-бара британиялыктар жолдо кайталанып чийилген ак-кара сызыктар айдоочуларга да, жөө адамдарга да даана көрүнөрүн байкашкан. 1951-жылы аталган өлкөдө жолдордун көзөмөлдөнбөгөн бөлүктөрүндө “зебра” сызып чыгууга буйрук чыгарылган. Мындай жол белгиси башка өлкөлөргө да тарай баштайт. 1947-жылы Испанияда, 1953-жылы Германияда, 1955-жылы СССРде, тагыраагы, Москвада пайда болгон.

Эмне үчүн “зебра”? Анткени ак-кара сызыктар зебранын терисиндеги темгилдерге окшош болгону үчүн ушинтип аталган. 

 

Кытайда “жолборс” деп аталат

Испанияда алгач асфальттын үстүнө параллель ак сызыктар тартылган. Жөө адамдар алардын ортосу менен өтүшкөн.

Орусия, АКШ, Швейцария, Италия, Кытайда ак-кара сызыктардын ордуна сары сызыктарды да колдонушат. Кытайда алар “зебра” эмес, “жолборс” деп аталат.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда проекциялуу “зебралар” да колдонулат. Мында проекторлордун жардамы менен “зебралар” күйүп тургандай жаркырап, алыстан көрүнөт да, жол кырсыктарынын алдын алат. Көбүнчө коркунучтуу бурулуштарда, мектеп жана бала бакчалардын тушунда, кыймыл көп жолдордо кездешет.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо