ИНФАРКТ: Жүрөк булчуңун эмнелер өлтүрөт?

№1189

"Дүйнөдө кеңири жайылган оорулардын бири – миокарддын инфаркты. Жыл сайын миллиондогон адамдар кыймылдын аздыгы, ашыкча салмак, стресс, туура эмес тамактануунун айынан аталган оорунун курмандыгы болууда. Туура маалыматка ээ болсоңуз, өзүңүздү жана жакындарыңызды дарттан сактай аласыз",- дейт кардиолог Гүлкайыр Белекова.

 

Булчуң иштен чыгат...

Миокард бул – жүрөктүн булчуңу. Инфаркт – латын сөзү, кыргызча “толтуруу” деген маанини берет. Медицина илиминде инфаркт органдын же ткандардын кычкылтек жетишсиздигинен улам кескин түрдө өлө башташы деп түшүндүрүлөт. Демек, миокарддын инфаркты – кычкылтек жетишсиздигинен жүрөктүн булчуңунун толук же жарым-жартылай бөлүгүнүн ткандарынын өлүп башташы. Кан өзүнө кошо кычкылтекти, керектүү азык-заттарды кошо ташыгандыктан, кан жетпей калган жерге кычкылтек да, керектүү заттар да жетпей калды деп түшүнүү керек. Миокарддын иштен чыккан бөлүгү канды иштете албай калат да, аталган оорунун белгилери күтүлөт. Убагында туура чара көрүлбөсө адам көз жумушу ыктымал

Оорунун келип чыгышын шарттаган факторлор

• Атеросклероз – бул эң башкы фактор. Башкача айтканда, жүрөккө кан ташыган артериалдык кан тамырлардын биринин же бир нечесинин май түйдөкчөлөрү менен бүтөлүп, кандын андан ары өтпөй калышы. Эгерде атеросклероз жарылып кетсе, тромб пайда болот да, ал кандын жолун бууп калат.

• Стресс. Мында адреналин гормону көп бөлүнүп чыгып, жүрөктүн кан тамырлары спазм болуп, канды миокардга өткөрбөй калат.

• Жогорку кан басым. Басым улам көтөрүлүп, түшө бергенден  артериянын керегелери сезгенет,  ичкерет да, ал жерге май түйдөкчөлөрү туруп кала баштайт. Түйдөкчө чоңойгондо кандын жолун бууп, инфаркты жаратат.

• Кант диабети жана кандын курамындагы канттын өлчөмүнүн нормадан көптүгү. Аталган оору инфаркттын жаралышын 5 эсе жогорулатат. Анткени ооруда кан тамырлар катуу жабыркайт. Диабетиктерде инфаркттын толук белгилери күтүлбөйт. Демигүү, көңүл айлануу менен гана белги бериши мүмкүн.

• Ашыкча салмак. Денеде ашыкча 5 килограмм май, эт жаралганда ага кан жеткирүү үчүн организмде узундугу 5 чакырымга жеткидей майда кан тамырлар жаралат. Мынча кан тамырларды кан менен жабдып иштөө үчүн жүрөккө күч келтирет да, ифарктка жетиши мүмкүн.

• Кыймылдын аздыгы, туура эмес тамактануу. Майлуу, күчтүү тамактарды, малдын майын, чучукту көп колдонуу. Булар ашыкча салмакка, ал болсо жогоруда айткандай, инфарктка жеткирет.

• Тамеки чегүү. Никотин кан тамырларды жабыркатып, ичкертет да, ал жерлерде май түйдөкчөлөрү же тромб туруп калышы ыктымал.

• Тукум куучулук. 

Чоң жана кичине очоктуу миокард

Миокарддын кан жетпей калган бөлүгүнүн чоң же кичинесине карап, чоң жана кичине очоктуу инфарт деп экиге бөлүнөт. Чоң очоктуусунда кээ бирде булчуңдун өлгөн бөлүгү басымга туруштук бере албай жарылып кетиши мүмкүн. Мындай болгондо кан жүрөктүн баштыкчасына куюла баштайт да, жүрөктүн иштеши ого бетер начарлайт. Шашылып жардам берилип операция жасалбаса, адам кайтыш болот. Кичине очоктуусун дарылап айыктыруу оңоюраак.

Диагноз үчүн...

Бейтаптын кардиограммасы тартылат. Инфаркттын белгилери болсо, дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылат. Коронардык ангиография да керектелет. Мында жүрөктүн коронардык артериалары тартылып, абалы байкалат. 

Дарылоодо стент, шунт коюлат

Эгер кан тамырларда тромб болсо, уюган канды эритип жиберүүчү дары-дармектер берилет. Уюган кан эрип кетсе, кандын агышы калыпка түшөт. Кандын кайрадан уюп калышынын алдын алып, атайын дарыларды да куюшат.

Эгерде артерия кан тамыры май түйдөкчөсүнөн улам 75 пайыз бүтөлгөнү билинсе, дарылардын таасиринен кан тамыр калыпка келе албайт. Бүтөлгөн жерин калыпка келтирүү үчүн ангиопластика жасалат.

Ангиопластика – кан тамырдын май түйдөкчөсү менен бүтөлгөн жерине стент (тирөөч) коюу. Тирөөч кан тамырды бир калыпта кармап турат.

Айрым учурларда май түйдөкчөсү кан тамырды узатасынан бүтөп же май түйдөкчөсүнүн көлөмү абдан чоң болуп кетет. Андайда кан тамырдын ошол жарабай калган бөлүгүн шунт менен алмаштыруу керек болот. Шунтту жасалма кан тамыр десек болот. Андай кан тамыр көбүнчө буттан алынат.

Операциядан кийин көп кыймылдабоо, диета кармоо, врач сунуштаган дарыларды ичүү керек. Май түйдөкчөлөрүн жок кылып туруучу, канды суюлтуучу дарыларды өмүр бою ичүү талап кылынат. Бейтап ооруканадан чыккандан кийин врачтын каттоосунда болуп, маал-маалы менен текшерилип турат.

Дарттын алдын алуу

• Көп кыймылдоо.

• Туура тамактануу. Малдын майын колдонбоо, семиз эт, майлуу тамактарды кескин азайтуу. 

• Тамеки чекпөө, стресстен качуу.

• Үй-бүлө мүчөлөрүндө стенокардия, инсульт, инфаркт оорусу болсо, сиз да убагында текшерилип турушуңуз зарыл.

• Кандын курамындагы канттын, холестериндин өлчөмүн текшертип туруу жана башка.

 

Статистика боюнча, Кыргызстанда 1 жылда 18 миңдей киши, башкача айтканда, күн сайын 50 чамалуу адам инфаркттан көз жумууда.

Оорунун белгилери

• Жүрөктүн кагышы ылдамдап, аба жетишпей баштайт.

• Көкүрөк ысып, жүрөк сайгылашып, кысылып чыгат.

• Муздак кара тер басат.

• Кыймылдоо кыйынга туруп, өлүм коркунучу элестейт. Кескин түрдө алсыроо, шалдыроо жаралат.

• Оорутуу сол колго, жаактын ылдыйкы бөлүгүнө, далыга, моюнга, айрымдарда курсакка берилет.

• Кээ бирлерде баш жана көңүл айлануу, кусуу же муунуп жаткандай абал сезилет.

Эскертүү: Жүрөктүн стенокардия оорусунан айырмаланып, оорутуу 15 мүнөттөн узакка созулат. Оорунун белгилери күтүлгөндөн 3-6 саат аралыгында жардам берилбесе, адам каза табышы мүмкүн.

• Дарттын белгиси билинбеген түрү да бар. Оору бар экендиги кардиограммадан гана билинет. 

Эмне кылуу керек?

• Оорунун белгилери билинер замат “Тез жардам” кызматын чакыруу керек.

• Адамды түз жерге жаткызып, алкым топчуларын чечип, терезелерди ачып бөлмөгө абанын жакшыраак жетишин камсыздоо кажет.

• Тонометр таап, кан басымын өлчөө зарыл.

• Канды суюлтуп, анын уюшуна бөгөт койгон аспириндин 0,5 таблеткасын ичирүү же кардиомагнилдин 1 таблеткасын тилдин алдына салуу зарыл.

• “Тез жардам” келгиче кыймылдабай, баспай, тамак ичпей тынч жатуу сунушталат

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо