Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

№1189

(Башы өткөн сандарда)

Акбардын ага эч ашык сөзү болбоду. Ашык мамилеси болбоду. Колун да кармабады. Камкордугу, колдоосунан тышкары сүйүү темасына ишарат да кылбады. Ушундай башкача мамилеси менен Акбар Айкөлдүн жан дүйнөсүнөн орун ала баштады. Мындай мамиле акыры бир чекитке барып такалышы керек эле. Бул тууралуу Айкөл биринчи сөз баштады.

– Биздин минтип жүргөнүбүз туура эмес. Шарият алдында да, эл алдында да бул мамиленин бир аты болушу керек.

– Элге жооп бергенге эч эле милдеттүү эмеспиз. Шариятка келсек, биз бир күнөө иш кылган жокпуз. Мен болгону...

– Мен экинчи аялыңыз болууга макулмун!

Акбар андан мындай чечкиндүүлүктү күткөн эмес эле, сестейип карап калды.

– Айкөл, чырагым...

– Мен көпкө ойлондум. Башка жол көрбөй турам, сиз көрүп жатсаңыз, анда айтыңыз. Биздин мындай мамилебиз туура эмес. Ачык бололу бири-бирибизге...

Адатта бул чечимди эркек киши чыгарышы  керек эле, бирок Айкөл анын тапшырмасын жеңилдетип койду. Ачыгында Акбар эмне кыларын билбей жүргөн.

– Экинчи аял... Кызык, ушул сөздү эң жаман көргөн адам мен элем. Тагдырдын тамашасын карачы. Мындай болбош керек эле. Аттиң...

– Мен сиздин үй-бүлөңүзгө болгон камкордугуңузду билем. Жакшы билем. Аларды таштап, мага үйлөнүңүз десем адилетсиздик болот. Менин акылыма башка эч нерсе кирген жок. Эгерде андай болбойт десеңиз, анда мен кетейин. Өз жашоомдун камын көрөйүн. Мен кыйынчылыктан деле коркпойм. Коркконум – жалгыздык. Мага кымбат адамдардын мени таштап кеткенинен оор нерсени көргөн жокмун. Кыйынчылык башыма келгенде сиз жанымда болдуңуз. Мени саздан сууруп алдыңыз. Сизден кетиш да мага оор, ачыгын айтсам...

– Айкөл, сен кандай жансың? Сени карап отуруп, Кудай адамды ушундай эч кемчиликсиз да жаратабы деп ойлонуп кетем. Акылың, сезимталдыгың, адилеттүүлүгүң, чечкиндүүлүгүң... Мен сенден эки эсе улуу болсом да бул нерсени жасаганга эмес, айтканга даай албай жүргөм. А сен...

– Бир гана шартым бар. Мен тууралуу үй-бүлөңүздөн эч нерсе жашырбаңыз. Сиздин жашооңузда мен дагы бар экенимди алардын билишин каалайм. Мейли, экинчи орунда болсом да, бар экенимди билишкени туура. Башка эч нерсе сурабайм.

– Макул.

Бул “макул” деген сөз ооздон оңой чыкканы менен, аткарылышы оор. Акбар муну ошол убакта билген эмес. Машинесин зуулдата айдап, так 18 жаштагы баладай өрөпкүп, толкунданып кеткен. Эң мыкты делген алтын саткан дүкөндөн Айкөлгө арнап бриллиант комплект алды. Дагы кандай сюрприз кыларын  ойлонуп жатты. Эркек кишинин деле жаш баладай болуп кеткен убактары болот эмеспи. Акбар дал ошондой шадыраңдаган кичинекей балага айланып, буту жерге тийип-тийбей жүрдү. Маселенин эң оор, орчундуу бөлүгүнө келгенде бир сестейип алды. Мариям аны бир карап эле эмне болгонун билди. Кубанычын олуттуулук менен жашырайын деген менен болбой, колун кайда катарын билбей, ичиндеги бир толкундун шаңы турганын сезди. Муну өспүрүм кезинде ушул абалында бир көргөнү бар. Жашоосунда унуткусу келген, а балким, унуткан жылдарда ал элес калып кеткен эле.

– Мариям, балдар уктагандан кийин кабинетке кирип сүйлөшөлүчү,- деди кечки тамак учурунда акырын гана. Мариям башын ийкеди. Ичинде кандай жалын көтөрүлүп кеткенин эч ким байкабады. Балдары эч нерседен кабарсыз, көңүлдүү тамак ичип жатышты. Алар уктаганы кам ургандан кийин Мариям менен Акбар маңдай-тескей отурушту.

– Мариям...

– Ии?

– Мен... Сага бир нерсе айтышым керек. Кантип айтарымды да билбей турам. Бул чечим биздин жашообуздун нугун өзгөртчү агым болушу да мүмкүн. Бирок жашообуздун агымы мурункудай калышы үчүн колумдан келгендин баарын кылам. Мен... Мен бирөөнү сүйүп калдым, Мариям.

Мариям ага таң кала тиктеп калды. Бул сөздү күйөөсү бетине түз айта алат деп эч күткөн эмес эле. Акбар сөзүн улантты.

– Сен билесиң, сага эч бир убакта кыянаттык кылган жокмун. Колумдан келишинче жакшы күйөө, балдарыбызга жакшы ата болууга аракет кылдым. Оңой болгон жок баары, эмнеге жетсек, сен мени колдоп жанымда турдуң. Кээде мени оор абалдардан, сыноолордон сен куткардың. Азыр бир грамм дагы сенин кадырыңды түшүргүм келбейт. Эгерде эң мыкты аялдын үлгүсү ким десе, мен үчүн дайыма сенсиң. Бирок бул башка...

– Акбар, айтпа, унчукпа. Уккум келген жок.

Акбар аялынын алсыз үнүн укпагандай кызуулана сүйлөй берди. Бул сөздөр Мариямдын канчалык жанын кыйнап жатканын билбеди, аңдаганга да чамасы жок эле.

– Мындай күчтүү сезим болорун билген эмесмин. Акылыңды алган, эч нерсеге баш ийбеген бир күчтүү агымдын алдында калгандаймын. Ал мени кайсы тарапка бурса, ошол тарапка кетүүгө мажбурмун.

– Өтүп кетет!- деди тиштенген Мариям.

– Эмне дедиң?

– Өтүп кетет, мага болгон сезимиң деле өтүп кетиптир го. Бир азда өтүп кетет. Анчалык чоң маани бербе буга...

– Жо-ок, бул башка... Мен ансыз жашай албайм, Мариям.

– Анан? Бизди таштайсыңбы? Бизсиз жашай аласыңбы? Мага көп жолу айткансың, “кандай болгон күндө да үй-бүлөм биринчи орунда болот” дегенсиң. Эсиңе кел, Акбар.

– Айткам. Силерди таштайын деген оюм жок. Ал экинчи аял болгонго макул болду.

– Эмне-е?

– Ооба, өзү сунуш кылды. Ал дагы биздин үй-бүлөбүздүн бузулуп кетишин каалабайт. Ал башкача кыз...

– Жок! Мен тирүү турганда андай болбойт. Мен буга жол бербейм. Өлсөм өлөм, бирок жол бербейм.

Мариямдын көздөрү чакчайып коркунучтуу эле. Акбар бир нерсе дегиче бакырып, колуна эмне тийсе ошонун баарын ыргытып баштады. Балдары анын ачуу үнүнөн чочуп чуркап келишти. Акбар ордунан ыргып туруп эшикти жаба берди.

– Ата, эмне болду?

– Эч нерсе. Уулум, бөбөктөрүңдү үстүнкү кабатка чыгар. Коркушпасын. Биз жөн эле сүйлөшүп жатабыз. Кана, балдар, бөлмөңөргө чыккыла. Мен азыр... Азыр...

Карбаластап кетти Акбар. Мындай абалга биринчи жолу түшүшү, Мариямда жер огунан жылып кетсе да солк этпеген сабыр бар эле, анын мындай абалга түшөрүн эч күтпөгөн. Чыңырып, ыйлап, баарын талкалап жаткан аялын айласыз карап тура берди. Токтотууга мүмкүн эмес эле. Бир кезде чарчаганда өзү токтоду. Үнү бүтүп калган эле. Шыбырай берди.

– Эч качан үстүмө аял албайсың.

– Мариям, андай кылбачы.

– Сен мени билбейсиң, Акбар. Ушул үйдү, өзүмдү, балдарыңды кошуп туруп өрттөп жиберишим мүмкүн, бирок үстүмө аял алышыңа уруксат бербейм.

– Анда ажырашалы. Эгерде сага ошол ыңгайлуу болсо...

– Ажырашпайм, сен токтотосуң. Сен ал шуркуяңды унутасың.

Акбар башын чайкай берди. Аялы анын жанына келди да, тике карады.

– Эгерде мен Мариям болсом, аныңды тирүү жашатпайм. Ооба, сулуу экен, жаш экен, көзүң күйүп кетиптир. Түшүнөм, ар бир эркекте кырктан кийин ошондой абал болот экен. Бирок болбогон бир неме үчүн үй-бүлөңдү буза албайсың сен. Кадырыңды тебелетпейсиң. Сен бул абройду жылдап жыйнадың. Сен бир күндө эле Акбар боло калган жоксуң. Акмагыңарды чыгарып, элге абийириңерди төктүрүшүмдү каалабайсың. Сен акылдуусуң, Акбар.

– Хм, ушундай де.

– Ушундай.

– Биздин үйлөнгөн күндү эстечи.

– Акбар, суранам...

– Бир жолу да муну эсиңе салган жокмун. Бирок сен мени да чектен чыгарып жатасың. Мариям, сен чечимимди кабыл аласыңбы же албайсыңбы, маанисиз. Билесиңби, анын жанында бардык нерсе маанисиз. Азыр мага Айкөлдү колунан жетелеп, ач-жылаңач дүйнө кезип кет десе, ыраазы болуп колунан кармап кете берем. Мага топтогон байлыгымдын да, элге таанылган атымдын да бир тыйынчалык кадыры жок. Мен Айкөлсүз дем ала албайм. Сен билесиң бул сезимди, сен да бир кезде “сенсиз дем ала албайм” дегенсиң. Эсиңдеби?

 

(Уландысы кийинки санда)

 

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо