№1190
Тер бөлүп чыгаруу – адамдагы табигый физиологиялык процесс. Тер бөлүп чыгаруу менен дененин температурасы бир калыпта сакталышы камсыздалып, ошондой эле организмдеги ашыкча суу, туздар сыртка чыгарылып турат. Бирок өтө ашыкча тердөө же болбосо тердебей жүрө берүү организмде кайсы бир көйгөй пайда болгонунан кабар бериши мүмкүн...
Кайсы учурда тердөө нормалдуу деп саналат?
Тер – бул тер бездери бөлүп чыгарган туздуу, түссүз суюктук. Адам белгилүү бир сандагы (2 миллиондон 4 миллионго чейин) тер бездери менен төрөлөт. Ал бездер жыныстык жетилүү учурунда толугу менен активдешет. Тер чыгаруу менен организм дененин температурасын бир калыпта сактап, өмүргө коркунуч туудурган ашыкча ысып кетүүдөн коргоп турат. Дене температурасы көтөрүлгөндө нерв системи тер бездерине белги берет да, териден нымдуулук бөлүнүп чыгып, ал бууланып денени муздатканга жардам берет. Башкача айтканда, тердин негизги кызматы – денени муздатуу.
Кайсы учурда тердөө нормалдуу деп саналат? Ысык температурада, спорт менен машыкканда же башка физикалык жумуш жасаганда, эмоционалдык өзгөрүүгө байланыштуу (коркуу, толкундануу, сүйүнүү, ачуулануу жана башка), ооруп жатканда... Бул учурларда тердөө организмдин туура иштеп жатканынан кабар берет.
Патологиялык тердөө же гипергидроз
Патологиялык тердөө кайсы бир себепке байланбайт, каалаган учурда пайда болот. Айрым адамдарда тер бездери стресс гормондоруна (адреналин, кортизол жана башка) сезимтал келет да, организм кайсы бир “кооптуу” деген белги бергенде, тер бөлүнүп чыга баштайт. Адам уктап жатканда тердеши мүмкүн, жөн эле отурганда деле тердейт, тердегенде да көл-шал болуп ашыкча суу бөлүнүп чыгат. Кийимдери суу болуп, адамга физикалык, эстетикалык жактан дискомфорт жаратат, дерматологиялык көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн.
Гипергидроздун келип чыгуу себептери көп, алардын эң башкысы генетика деп саналат. Андан сырткары узакка созулган стресс абалы да аталган көйгөйдүн себепчиси. Туура эмес тамактануу, Д витамининин жетишсиздиги да түздөн түз таасир берет. Эркектерде тестесторон гормону көбөйгөндө ашыкча тердөө жаралат. Ал эми аялдарда климакс учурунда гипергидроз пайда болушу мүмкүн. Ашыкча тердөө же гипергидроз бар катар олуттуу дарттардан да кабар бериши ыктымал:
Нерв системиндеги бузулуулар;
Зат алмашуу бузулганда;
Кант диабети;
Подагра;
Ашыкча салмак;
Өнөкөт спирт ичимдигин ичүү;
Инфекциялык оорулар (кургак учук; СПИД, герпес жана башка);
Эндокриндик оорулар;
Ходжкин, Альцгеймер дарты;
Онкологиялык дарттар;
Кээ бир дары-дармектерди колдонгондо: антидепрессант, гормоналдык, бойго бүтүрбөөчү дарылар, инсулин, триптан жана аспирин, миотик, калий йод жана башка.
Гипергидроз аймактары
Ашыкча тердөөгө дененин кайсы аймактары көп кабылат: колтук, баш, бет, алакан, бут (таман), алаа.
Дарылоо
Гипергидрозду дарылоо комплекстүү жүрүшү керек. Бул процесске эндокринолог, терапевт, дерматолог, психотерапевт, невролог катышып, дарттын келип чыгуу себептерин биргеликте аныктагандан кийин гана туура дарылоого болот. Учурда гипергидрозду таблетка, тамчылатма дары, бутулотоксин, лазер, такыр болбой баратса операция жолу менен дарылап келишет.
Ал эми үй шартында жасала турган ыкмалар: күнүгө душка түшүү, шейшептерди бат-баттан алмаштыруу, табигый кездемелерден тигилген кийим кийүү, туура тамактануу (майлуу, ачуу тамактардан, спирт ичимдиктеринен баш тартуу), стресске алып келчү жагдайлардан качуу керектелет.
Ангидроз же тер чыкпаган учур
“Такыр тердебейм” деген адамдарды көрсөңүз, суктанбай эле коюңуз. Такыр тердебөө же өтө аз тердөө – ангидроз деп аталат. Бул патологиялык дарт май бездеринин иштешинин бузулушу менен байланыштуу же тубаса, же кийин пайда болгон болушу мүмкүн. Тубаса ангидроз менен төрөлгөн адамдын териси нормадан сырт кургак болот, ал эми кийин пайда болгон түрү функционалдык айрым бузулуулардын натыйжасы деп эсептесе болот.
Ангидроздун келип чыгуу себептери толугу менен изилденип бүтө элек. Кызыгы, айымдарга караганда мырзалар бул дартка көп чалдыгышат.
Белгилери
Ангидроз менен жабыркаган адамдардагы негизги белги – теринин кургактыгы. Кургактыгынын натыйжасында тери ичкерип, жаракаттарга көп кабылат: түлөө, майда жаракалар жана башка. Тери инфекциялык ооруларга туруксуз болуп, түрдүү дерматологиялык дарттар пайда болушу мүмкүн. Тер – адамдын денесиндеги ашыкча, керексиз токсин, туз жана башка заттарды чыгарып турат эмеспи. Бул кызмат аткарылбай калганда керексиз заттардын баары организмде топтолуп, уулануу процесси жүрүп, башка органдарды да сезгенте баштайт. Бул учурда баш оору өнөкөткө айланат, жүрөк айлануу, бат чарчоо байкалышы мүмкүн. Ангидроз менен жабыркаган адам күнгө чыкканда териси бат эле ысып кетет, кызарат, аритмия, тахикардия, дем кыстыгуу белгилери жаралат.
Келип чыгуу себептери
- Тер бездеринин патологиясы
- Тубаса генетикалык бузулуулар
- Авитаминоз
- Кант диабети
- Боор циррозу
- Тери оорулары: атопиялык дерматит, псориаз, склеродермия жана башка
- Неврологиялык оорулар: кант диабети, жүлүндөгү көйгөйлөр жана башка
- Инфекция: герпес, ветрянка, проказа
- Түрдүү жаракаттар: күйүк, теринин радиациялык сезгенүүлөрү жана башка
- Дары-дармектер: айрым антидепрессанттар, антигистаминдик, калтырап-титирөөгө каршы каражаттар
- Психикалык оорулар: стресс, депрессия жана башка
Дарылоо
Ангидрозду аныктоо үчүн атайын тест тапшырылат. Жыйынтыгына жараша адамдагы өнөкөт ооруларды дарылоо, организмди витаминдер менен каныктыруу (көбүнчө А витамини), тазалоо, антибактериалдык каражаттар, терини нымдандыруу жана башка керектүү процедуралар жасалат.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |