Динара Тилекеева, ырчы: “ЖАШООМДУ АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА ӨЗГӨРТТҮ, ЫРААЗЫМЫН”

№1190

Ырчы Динара Тилекеева “эки жүздүү болуп жашабайм, жашоодо кандай болсом, экранда да, маектерде да ошондоймун” дейт. Ырчы айымдын жан дүйнөсүн ачууга аракет кылдык. Дос-душман, жакындар, чыгармачылык тууралуу кызыктуу пикир алышуу болду.   

 

– Динара айым, маектеше элегибизге бир топ убакыт болуптур. Жаңылыктар топтолуп калды болуш керек...

– Жаңы эки ыр жаздырганы турам. Учурда өзбекстандык аранжировщик менен сүйлөшүп жатам, жакында ырдап чыгам, буюрса. Негизи үйлөнүү үлпөт тойлорунда тексти, мааниси өзгөчө "Жар-жар" ырын ырдап келе жатам. Аны ырчымын деген айрымдар “минусовкасы” менен, алтургай уялбай көчүрүп алып менин үнүм менен эле ырдап келин киргизип жүрүшөт. “Тексти мыкты ыр болсо...” деп ойлонуп жүргөн учурда казак композиторунун “Келинге насаат” деген ырын угуп, жактырып калдым. Анын уруксаты менен ырдап чыктым, эл дагы жакшы кабыл алууда. Өзгөчө мага жаккан жери: “Сени алган азамат, бир өрөөндүн жакшысы” деген жеринде күйөө бала кайын журтуна жүгүнүп салам берет.

– Негедир ата-эне тууралуу ырларды көп ырдайсыз, мунун кандайдыр бир сыры барбы?                                       

– 2005-жылдан бери шоу-бизнесте жүрөм. Мурун эл кандай ырларды жакшы кабыл алса, ошондой ырларды эле ырдап жүрө берчүмүн. Жан дүйнөм каалаган ырларды ырдайын дебептирмин. Менин жашоомду ырчы Алтынай Нарбаева эже өзгөрттү. Анда Жалал-Абаддын филармониясында иштеп жүргөн кезим эле, эже концерт коюп калды. Апамды ээрчитип, эженин чыгармачылыгын сыйлагандыктан торт көтөрүп алып концертке бардык. Алтынай эже ата-эне тууралуу ыр ырдап жатканда экрандан атасынын сүрөтү көрсөтүлүп калды эле, ыйлагысы келип, үнү буулуп кетти. Көз жашын зорго кармап турганы билинип жатты. Ошондо ыраматылык атамды эстеп, отурган жеримден токтоно албай ыйладым. Эже ырдап бүтүп сахнанын артына кетти, артынан барсам ыйлап жатыптыр. Учурашып, жубатуучу сөздөрдү айтсам, мени кучактап алып ыйлады. Экөөбүздүн арманыбыз окшош болгону үчүн кучакташып бир топко ыйладык. Ошондо телефон номурун берип “Бишкекке барсаң үйгө кел” деди. Кийин Бишкекке барганда 3 күн эженин жанында жүрүп, көп кеңештерин уктум, ыраазымын. Ошондо адам жан дүйнөсү каалаган ырларды ырдашы керектигин сездим. Эженин сунушу менен тушоо кесүү концертимди бермек болуп, афишаларды, билеттерди чыгартып, жарым ишимди бүтүрүп салдым. Концерт өткөрүп, элдин батасын алдым. Чыгармачылыктагы алгачкы жеңишим ушул болду. Негизи ата-энебиздин көзү тирүү кезде колдон келген сыйды көрсөтүп, алпештеп багууга аракет кылышыбыз керек экен. Антпесең көзү өткөндөн кийин “каап, минтип койсом, антип койсом болмок экен” деп бармак тиштейт экенсиң. Атам жаш кетти. Ошентсе да аны студент кезде жакшы окуганым, колдон келген сыйым менен кубантып калдым.

– Келечекте өзүңүздү чыгармачылыктын кайсы бийиктигинен көрө аласыз?

– "Генерал болууну самабаган жоокер жоокер эмес" дегендей, өзүмдү өлкөбүздүн Эмгек сиңирген, Эл артисти наамдарынын, “Манас” орденинин ээси катары көргүм келет. Эмгегибиз бааланып, ошолордун баарына жетебизби, аны убакыт көрсөтөт. Сыйланып калсам, сүйүнүчүмдү сөзсүз “Супер-Инфо” жана эл менен бөлүшөм. 

– Сөз баккан, сөз кадырын билген адам экениңиз байкалат. Китепти көп окуйсузбу?

– Ушундай баага татыктуу болгонума сыймыктанам. Бала кезде, студент кезде китепти көп окучумун. Анын үстүнө мектепте бизди окуткан мугалимдер мыкты билим, тарбия беришти. Китеп окуган адам көптү билип, сөз байлыгы кенен болорун, дүйнө таанымы кең болорун көп айтышчу. 2 жылдай тамадалык кылып да жүрдүм. Бирок аял кишиге шиш така кийип тойдо тикесинен тик туруу кыйыныраак экен. Ар кандай адамдар болот да, кээде атайын жиниңе тийгендер чыгат. Ушундан улам тамадалык жумуш эркек адамга ылайыктуу экен деп жыйынтык чыгардым.

– Айрым инсандар чыныгы жан дүйнөсүн жашырып, эл алдына бет капчан чыкканды туура көрүшөт. Сиз азыр бет капсыз эле маектешип жатасызбы?                         

 – Менде бет кап жок. Эфирдеги, гезиттеги интервьюларымды көрүп, окугандар “жашооңдо кандай болсоң, дал ошондой жасалмасыз сүйлөпсүң” деп калышат. Элге башкача көрүнүп, жашоодо башкача жашагандын эмне кереги бар? Мен андайды жаман көрөм. “Жакшылык кыла алсаң кыл, кыла албасаң, жок дегенде жамандык кылба” деген принцип менен жашайм. Өткөндө бир кино көрдүм. Бир киши бетине жасалма сакал чаптап, молдого окшоп кийине баштайт. Жанындагылардын бири “минтпей эле барып кылмыш кылып келсек болбойбу?” десе, “молдого окшоп кийинип барсак, бизди таза адамдар экен деп ойлошот. Кылмыш кылсак да, бизден көрүшпөйт” дейт. Жашоодо ушинтип түрүн өзгөртүп алгандар көп. Андай эки жүздүү адамдардан башка адамдар чарчайт.  Ошого андайларга “бет кабыңарды чечкиле” деп айткым келет.

– Сиздин турмушта дос-душман дегендердин орду кандай?                                       

 – Жашоодо ак-кара, жакшы-жаман жанаша жүрөт. Досторум көп, душмандарым да бар. Душман алыстан келбейт, достордун арасынан чыгат экен. Ичи-коюнуңа кирип, сырыңды билип, анан душманга айланышат тура. Акыркы убакта өзүмдү катуу көзөмөлдөп калдым. Көңүлүмдү оорутуп, мени баалабаган адамдар менен кош айтыша баштадым. Кээ бирлер бар, экинчи жүз көрүшпөй тургандай мамиле жасайт да, эртеси уялбай кечирим сурап коёт. Жаныңды оорута бербей, андай адамдар менен коштошуу керек, антпесең ал адатын кайра карматат. Аз өмүрдө жакшы адамдардын жанында жүрүүгө не жетсин.

 – Интернет жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланды, убактыңыздын канчасы соцтармакка кетет?

– Интернетке анчалык көп убакыт коротпойм. Негизи азыр коомдогу кыбыр эткендин баары интернет желесине чыгып калбадыбы. Ошондуктан жаңылыктардан артта калбайын, өзүмө керектүү маалыматтарды алайын деп маал-маалы менен карап турам.

– Ырчылар талаа-түздө көп жүрүп, үйдө балдарга жетиштүү көңүл бурбай каларын айтышат. Сизде да болдубу мындай маселе?

– Бул чындык. Эки балам бар, эс тартып калышты. Кызым 2-курста окуйт, кичүүсү уул. Үйдө балдар менен өткөргөн убакыт эң бактылуу мүнөттөр дейт элем. Бирок жумуш, той деп эки жакка чыгууга туура келет. Андайда балам “кетпечи” деп калат. Келгиче жетип турсун деп балдарымды мээримге бөлөп кетем. Алыстан келгенимде балдарымды унаама салып алып апама жөнөйм.

– Кандай кожойкесиз үйдө?                

– Аялзатына тийиштүү иштердин баары колумдан келет. Тамакты жакшы жасайм. Бирок кызым чоңоюп, мени жасатпай деле калды. “Мээрим, сүйүү кошуп жасаган тамак таттуу болот” деп калам.  

– Кайсы бир күнү ырчылыкты ташташыңыз мүмкүнбү?                    

  – Ырыскымды ырдап таап, ошону менен балдарымды багып келем. Башка иштерде да иштеп көргөм. Ырчылык – жан дүйнөм каалаган кесип, картайгыча ушул кесипте болом го. Ырчы ырдаш үчүн, эл ыр угуш үчүн өлкөдө тынчтык болушу керек. Кыргызстаныбыз тынч, элибиз аман болушун каалайм. 

 

Каныман Усупбекова       

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо