№1190
Катуу дүбүрт менен ырчылыкка аттанып, бирок орто жолдо сахнадан алыстап кеткендер көп. Алардын бири – “Атага кат” ыры менен элге таанылган Сапар Эркебаев, эсиңиздеби?! “Күттүм сени”, “Унутам”, “Жалдыратпа” сыяктуу бир топ ырлары менен күйөрман топтоп калган эле. Учурда эмне менен алек? Эмнеге сахнадан алыстап кетти? Ушул жана башка суроолорго өзүнөн жооп алдык.
– Кандайсыз, Сапар мырза? Чыгармачылыктан алыстап кеттиңиз, учурда кайда, эмне жумуш менен алексиз?
– Жакшы, рахмат! Ооба, чыгармачылыктан алыстадык, учурда соода тармагында жүрөм. Тагыраагы, “Дордой” базарында бут кийим сатам.
– Ырчылыкты таштабай, чыгармачылыкты да, бизнести да чогуу алып кетүү мүмкүн эмес беле?
– Ырчылыкты таштаганымдын себеби – үй-бүлө кургандан кийин олуттуу иш менен алек болуу керек болду. Балдарым кичине кезде өзүмдү материалдык жактан камсыздап алайын дедим.
– Ырчылыкты сагынасызбы?
– Чынын айтканда, сагынуу сезими жок. Бирок ырдагым келгенде ырдап, соцтармактагы жеке баракчама жүктөп калам.
– Көпчүлүккө “Атага кат” деп ырдап таанылдыңыздар да. Бул ырдын күйөрмандары коңшу Казакстан менен Өзбекстанда да көп дешет...
– Туура, чет жакта бул ырдын күйөрмандары көп. Айрыкча Өзбекстанда көбүрөөк деп ойлойм, өзбек тилинде ырдалып жүрөт. Кыргыз ырларынын коңшу мамлекеттерде да ырдалып жатканы биз үчүн сыймык.
– Заманбап жашоо көбүрөөк эркиндик берүүдө. Эмнеге соцтармакта активдүү эмессиз?
– Ооба, башында соцтармакта активдүү эмес элем. Азыркы учурда активдүү элемин деп ойлойм. Укмуш блогер болбосом да, күнүмдүк жашоомду видеого тартып жарыялап турууга аракет кылам. Мисалы, кайда барсам, кандай иш кылсам, бардыгын жеке баракчама жүктөп турам.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз, балдар чоңоюп калышкандыр...
– Үй-бүлөмдө баары жакшы. Балдарым – бактым. Менин бардык аракетим балдарымдын татыктуу, бактылуу жашоосу үчүн. Жогоруда айткандай, чыгармачылыктан кеткенимдин себеби да ушул. Бирок жеке жашоомду эл көзүнө көп көрсөткүм келбейт.
– Кайрадан ырчылыкка кайтсам деген оюңуз барбы?
– Жок, андай ой жок. Эргүү келгенде ырдап калам, күйөрмандарым соцтармак аркылуу көрүп турушат. Соода тармагында эле калууну чечтим.
Мээрим Дербишалыева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |