№1190
Жакында өткөн “Кыргызстан сулуусу-2025” сынагынын тегерегинде кызуу талкуулар уланууда. Сынактын жыйынтыгына нааразы тараптар дагы бар. Ушул себептүү аталган сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбековага бир катар суроолор менен кайрылып, жооп алдык.
– Саламатсызбы, Рыскүл айым? Быйылкы “Кыргызстан сулуусу” сынагы мурдагы жылдардагыдан эмнеси менен айырмаланды?
– Саламатсыздарбы, сынакты жакшы өткөрүп алдык. Быйыл эң сонун деңгээлде өттү. Сынакка кыздардын мыкты даярдыгы көрк берди. Башка жылдарга салыштырсак, быйыл бизде төрт кыз жеңишке ээ болду. “Кыргызстан сулуусу-2025”, “Кыргызстан сулуусу Интернейшнл, “Кыргызстан сулуусу Универс” жана “Кыргызстан сулуусу Гранд интернейшнл” деген титулдарга кыргыздын сулуу кыздары ээ болушту.
– Бул сынакты канча жылдан бери уюштуруп келе жатасыз?
– Расмий түрдө 2013-жылдан бери өткөрүп келе жатам. Бардык ишти жакшы билүү үчүн анын ысык-суугуна күйүш керек эмеспи. Ошондуктан бул жаатта быштым деп айтсам болот.
– Коомчулукта “сынак адилетсиз өтөт, тааныш-билиш аркылуу жеңишке жетишет” деген пикирлер айтылууда, буга сиздин жообуңуз...
– “Бүткөн ишке сынчы көп” дегендей эле кеп. Албетте, ар бир адамдын өз оюн айтканга укугу бар. Экинчи тарабын алып карасак, ар ким көрүнгөндү айта беришет. Адамдар ар жыл сайын сындарды айтып келе жатышат. Кана факт? Фактысы жок сөздөр... Көрбөй туруп эле интернет желесине чыккан кыска видеолордон улам жыйынтык чыгара берген болбойт, сынакка келген адамдар өз көзү менен көрүшөт жана баа беришет. Уткан кыздар даярдыгы эң мыкты деңгээлде болгон үчүн жеңишке жетишти.
– Сынакка катышкан кыздардын боюнун кыскалыгы боюнча да сын айтылууда. Стандарт барбы сынакта?
– Стандарт бар, бою 160 сантиметрден ашкан гана кыздар сынакка катыша алышат. Моделдик сынактар бар, алар башка форматта өткөрүлөт, мисалы, бою 170 сантиметрден кем болбошу керек деген талап бар. Биздин өзгөчөлүгүбүз – бардык кыздарга мүмкүнчүлүк беребиз. Бул ыкма эл аралык сынактарда да бар. Мисалы, 2023-жылы Непал мамлекетинен 120 килограмм салмакта бир айым сынакка катышты. Толуктук менен деле сулуулар сынагына катышып жеңсе боло турганын далилдей алды. Көп өлкөлөр кирбей калган алдыңкы ондукка кирди. Сынакта айымдардын боюна эмес, харизмасына, даярдыгына, жан дүйнөсүнө, акылына баа берилет. Мага “ушундай семиз кыздарды деле катыштыра бересиңби?” деген суроолор менен кайрылышат. Ар бир кызга мүмкүнчүлүк бериш керек. Сулуулук сырткы келбет гана эмес, ал жан дүйнөнүн да сулуулугу эмеспи. Биз кыздарды даярдап жатканда 3-4 ай бою байкайбыз, канчалык адептүү, тарбиялуу экенине баа беребиз. Сырты жылтырак, ичи калтырак кыздар толтура. Бирок биз баскан-турганын, адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн да байкап, анан баа беребиз.
– Мындан кийинки этап кандай болот?
– Сынактын жеңүүчүсү Аяна Расул кызы быйыл Кыргызстандын атын коргоп эл аралык сулуулар сынагына барат. Негизи Аянанын мындай планы жок болчу. Биздин сынак өткөндөн кийин Японияда өтө турган эл аралык сулуулар сынагына катышууга чакыруу алдык. Аяна жакшы жыйынтык алып келет деп ишенем. Былтыр жиберген кызыбыз улуттук кийим боюнча алдыңкы ондукка кирген. Аяна быйыл алдыңкы бештикке кирет деген үмүттөмүн.
– Жыйынтыктоочу сөзүңүз...
– “Кыргызстан сулуусу” – бул ийгиликтүү кыздардын клубу. Бул жерден жаңы жылдыздар жаралат. Сынак ар бир кыргыз кызынын кыялын орундатат демекчимин.
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |