“ЭКИ БАЛАБЫЗ АУТИСТ, ООР ОПЕРАЦИЯГА МУКТАЖБЫЗ”. Көп балалуу эне элден жардам сурайт   

№1190

Каарманыбыз 5 балалуу эне, эки баласы аутизм дартынан жабыркайт. Балдарынын тагдырына кошумча жүк болуп жашап жаткан үйү да талашка түшүп калганын айтат ал. Калганын өзү баяндап берсин.

 

“Кадимки балдардай эле төрөлгөн”                 

– Аты-жөнүм Рахат Саркарбаева, жашым 36да. Өзгөндүн Чымбай айылында туулуп-өскөм. 20 жашымда Алай районунун Аскалы айылынын кулуну, жолдошум Автандилге турмушка чыккам. Баш кошкондон бери Сокулуктун Биринчи Май айылында жашап жатабыз. Алгач батирлеп жашап, 2013-жылы азыр жашап жаткан үйүбүздү сатып алганбыз. Жолдошум экөөбүздүн 5 балабыз бар. 14, 10, 8, 4, кичүүсү 2 жашта. Эки балабызда аутизм дарты бар. 4 жаштагы балабыздын аты Султан. Кадимкидей эле дени сак төрөлгөн, эч кандай оору белгилери болгон эмес. 2 жашка чейин өзү теңдүү башка балдардай эле чоңоюп жаткан. Айткан сөздөргө түшүнүп, реакция кылып, үн чыгарып, кыска сөздөрдү сүйлөп калган. Эжелеринин аттарын, нан, суу, кел, кет деген сыяктуу сөздөрдү айта алчу.

“Султан 2 жаштан кийин өзгөрүп кетти”        

  – 2 жаштан кийин Султанда өзгөрүүлөр билинип, сүйлөбөй, таптакыр башка адамга айланды да калды. Ошол күндөн ушул күнгө чейин атын атап чакырсак жооп бербейт. Мимикасы жок, өзү теңдүүлөр менен мамиле түзө албайт. Тамакты өп-чап жейт. Гиперактивдүү болуп кетти. Маанайы улам өзгөрүп турат. Өзү тамак жей албайт, кийине албайт, дааратканага да бара албайт. Толугу менен биздин камкордукка муктаж. Бир нерсени алгысы келсе, мени жетелеп барып, менин колум менен көрсөтөт. Боюнун, салмагынын өсүшү калыптагыдай, бирок акыл-эси өспөй жатат. Стресс болгондо кыйкырып ыйлайт, башын ар нерсеге ургулайт. Оорутууну сезүүсү төмөн. Түндө уктабай басып жүрө берет.

Мунун баары балабызга АКДС (көк жөтөл, кептөөр, селеймеге каршы вакцина) эмдөөсүн алгандан 2 айдан кийин билине баштады. Өзгөрүү билинип баштагандан тартып азыркыга чейин врачтарга  текшертип, дарылатып келебиз. Алар башында “бир нерседен улам катуу коркуп калган жокпу, кулатып алган жок белеңер?” деп сурап жатышты. Биз аны эч качан жалгыз калтырган эмеспиз, жаракат алган эмес. 

“Аутизм деген диагноз коюшту”               

– 2024-жылы Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып барганыбызда неврологдор аутизм деген диагнозду коюшту. Бизди психиатрга жиберишти. Ал ЗППР (психикасы, сүйлөөсү, ойлоосу, көңүл буруусу артта калган) жана аутизм диагнозун койду.  Кийин дагы текшертсек, “баш сөөк астындагы басым деген да оору бар” деп айтышты. 2025-жылы Бишкектеги жеке клиникага Түркиядан врачтар келишкенде алып барып текшерттик. Балдар неврологдору башын компьютердик томографияга кайрадан тарттырышып, аутизм диагнозун тастыкташты.

Аталган жыйынтыктар боюнча балабызды майыптыкка чыгаруу керек болууда. Бирок врачтар "5 жаштан кийин гана чыгарууга болот" деп коюшту.

“Экинчи балабызда да илдет бар”

– 2 жарым жаштагы балабыз Расул да дени сак туулган. Эмдөөлөрүн убагында алганбыз. 6 айга чейин эмчек эмизип, анан сүт жакшы чыкпай калгандан жасалма тамактандырууга өткөргөм. Өзү теңдүүлөрдөй өсүп, үн чыгарып, талпынып, жөрмөлөдү. 1 жаш 2 айында басты. Расулдагы өзгөрүү баскандан кийин башталды. Атынан чакырсак карабай, тегеректе болуп жаткан нерселерге көңүл кош болуп, тамак аз ичип, ыйлактап, түндө уктабай баштады. Гиперактивдүү балага айланып, колуна тийген нерселерди тажабай айлантып ойной бермей адат тапты. Бир жерди теше тиктеп отурганы отурган.

Улуу балабыздан кийин коркуп калгандыктан бул балабыздагы өзгөрүү билинери менен невропатологдорго текшерттик. Алар “азырынча өнүгүүсү жакшы эле, байкоого алып туралы” дешти. Күттүк, бирок сүйлөгөн жок. 

“Аутизмден тышкары 8 оору табылды”

– 2 жашка чыккандан кийин тынчсызданып кайра врачтарга алып бардык. Башын компьютердик томографиядан өткөртүп, анализдерди тапшыртышты. Жыйынтыгында биздин оюбузга келбеген оорулар табылды. Алар: анемия, ашказандын төмөн түшүүсү, вегето – кан тамыр дистониясы, өт баштыкчасынын дискензиясы, баш сөөк астындагы басым, энцефалопатия (баш мээнин жабыркашы, киста бар), аутизм, гепатоз (боорду май басуу), панкреатит (уйку безинин сезгениши), жалпы 9 оору аныкталды. Врачтар диета дайындап, курамында глютен бар азыктарды, сүт азыктарын берүүгө тыюу салышты. Камыр турушка кара ундан жасалган нанды гана аз-аздан берүүгө болот. 

“Операцияга Түркияга барышыбыз керек”  

– Түркиядан келген врачтарга Султанга кошо Расулду да текшерткенбиз. Алар Түркиянын Стамбул шаарындагы клиникага алып барып экөөнө тең операция жасатып, дарылатууну сунушташкан. Кетчү чыгымдарды эсептеп беришкен, Расулга 25 миң доллар, Султанга 23 миң доллар кетет экен. Эгер операция жасатпасак акыл-эстери өспөй, оорулары тереңдеп кетет дешти. Ошого каражат таппай карайлап, замандаштар, сиздерге кайрылып жатабыз.

Түркиялык врачтар татаал операция жасашы керек экен. Ошондо акыл-эстери 60-70 пайызга өсүшү мүмкүн экен. Өтө оор, абдан чеберчиликти талап кылган операциялар деп айтышты. 

“Үйүбүздүн акчасын бербей соттошуп жүрөбүз”

– 5 баланы карап, үйдөмүн. Оорукчан 2 балабызга тең врачтар жазып берген дарыларды, витаминдерди үзбөй берүүгө мажбурбуз. Жолдошумдун тапканы тамак-ашка жетип-жетпей калат. Туугандарыбыздын тапкандары өздөрүнөн ашпайт. Ошого элге кайрылып жатабыз. 2 балабызды дарылатып, айыктырып алсак дегенде эки көзүбүз төрт. Эки балабыздын азабын тартканыбыз аз келгенсип, үйүбүздү сатып алам деген аял да абдан күйгүзүүдө. Анткени 2022-жылы биз үйүбүздү сатмак, кара-көлдүк аял алмак болгонбуз. Биздин баёо, ак көңүлдүгүбүздөн пайдаланды окшойт, акчасын мына берем деп туруп үйдү өзүнө мыйзамдуу түрдө жаздырып алды да, акчасын бербей койду. Мындай болгондон кийин биз үйдөн чыкпай жашап жатабыз. Тигил аял үй меники деп улам талашат. Бирок тергөөдө акчаны бербегенин айтып моюнуна алган. 3 жылдан бери соттошуп келебиз. Сот дагы биздин арызды адилеттүү карап, туура чечим чыгарып бербей келе жатат. Биз үйүбүздү кайра өзүбүзгө өткөрүп берүүнү талап кылып жатабыз.

 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

МБанк: 0502 504 554 (Рахат С.)

МБанк: 0709 590 175 (Автандил А.)

О! Деньги! 0703 889 776

Оптима банк: 4269 5853 5226 5268

 

Канымжан Усупбекова

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо