17 ЖАШТАГЫ КЫЗ КИШИ КОЛДУУ КАЗА ТАПТЫ. ЗОМБУЛУК КАНТКЕНДЕ ТЫЙЫЛАТ?

№1190

Зомбулуктун айынан дагы бир өмүр кыйылды, 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын денеси Чүйдүн айылдарынын биринен табылды. Шектүүнү жергиликтүү сот 2 айга камакка алганы 1-октябрь күнү маалымдалды. Бул окуяда бир топ күмөндүү жагдайлар бар.

 

ОКУЯ ТУУРАЛУУ   

27-сентябрь күнү 17 жаштагы Айсулуу Мукашева Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунан дайынсыз жоголгон. Тагыраагы, Барскоон айылынан Жеңиш айылындагы курбусунун үйүнө кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Кийин видеобайкоо камераларынан кыздын Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаага отуруп кеткендиги, унаа 1984-жылы туулган А.К. аттуу жаранга таандык болгону аныкталды. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жаш кызды Жеңиш айылына жакын жердеги бакка алып барып, күч колдонуп зомбулук көрсөткөндөн кийин өлтүргөн. Шектүү кыздын сөөгүн алгач көл жээгине көмүп, кийинчерээк кайра Боом капчыгайына алпарып таштаган. Ошол аймактан 3 күндөн кийин, 29-сентябрда табылды.

ШЕКТЕНҮҮНҮ КҮЧӨТКӨН ЖАГДАЙЛАР 

Бул арада өзүн Айсулуу Мукашеванын агасымын деп тааныштырган Сыймык Нарынбек уулу каргашалуу окуя боюнча ЖМКларга маек берип, кылмыштын чоо-жайы тууралуу айтууга жетишти. Кызыгы, көп өтпөй Ички иштер министрлиги Сыймык Нарынбек уулу ЖМКларга жалган маалымат таратты деп шектелип кармалганын билдирди. Алтургай “ал Айсулуу Мукашеванын агасы эмес, ага эч кандай тиешеси жок. Окуядан хайп жараткысы келген шылуун” деп маалымат таратты. Мындан кийин Сыймык Нарынбек уулунун соцтармактагы жеке баракчасында “мен чынында эле байкесимин, Кудай көрүп турат. “Тиешем жок деп айт, болбосо 6 жылга кетесиң деп милиция кызматкерлери коркутушту” деген билдирүү пайда болуп, көп өтпөй кайра өчүрүлдү.

Ал эми маркумдун апасы “Сыймык Нарынбек уулуна өзү кайрылып, үнүбүздү коомчулукка жеткирип бер деп өтүнгөнүн” айтып чыкты. Дал ушул жагдай азыркы тапта көпчүлүктө шек жаратып жатат. 

МАРКУМ ЖАНА ШЕКТҮҮ ТУУРАЛУУ

Айсулуу Мукашева бир үйдүн жалгыз кызы болгон, эки иниси бар. Жакындарынын айтымында, ал абдан активдүү эле, мектепте жакшы окучу, келечекте милиция кызматкери болом деген тилегине жетпей калды. Классташтары аны ачык мүнөз, боорукер, мээримдүү жан болчу деп эскерип жатышат.

Ал эми кылмышка шектүү мурда тоноо жана киши өлтүрүүгө аракет кылмыштары үчүн соттолгону айтылды. Айсулуунун телефонун Бишкекке алып келип сатып жиберүүгө дагы жетишкен. Жети-Өгүз райондук соту аны 2 айга камакка алды, териштирүү уланат. 

ИШ ПРЕЗИДЕНТТИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ

Бул резонанстуу окуяны өлкө президенти Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганы маалымдалды. Президент алтургай балдарды зордуктагандарга жана аялдарды зордуктап, өлтүргөндөргө өлүм жазасын киргизүү маселесин кароо боюнча тийиштүү органдарга тапшырма бергени белгилүү болду.

КАЙГЫЛУУ ОКУЯЛАРДЫ ЭСКЕРТСЕК...

Бул аялдар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн биринчи окуя эмес. 2019-жылы Бурулай Турдали кызы ала качуунун курмандыгы болгон. 2021-жылы ушундай эле тагдырга Айзада Канатбекова аттуу мекендешибиз туш болгон. Мындай окуяларды санай берсе, аз эмес. Бул көрүнүштөр кылмышкерлерге жетиштүү деңгээлде катаал жаза берилбей жатат деген сын-пикирлерди күчөтүүдө.

 

Асел Нурбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо