№1190
25-28-сентябрь күндөрү Москва шаарындагы ВДНХда Орусиянын атом өнөр жайынын 80 жылдыгына арналган “Дүйнөлүк атом жумалыгы 2025” (World Atomic Week 2025) эл аралык форуму өттү. Бул иш-чара атом энергетикасынын жана ага байланышкан тармактардын өнүгүүсү талкууланган эң ири аянтча болуп, ага мамлекеттердин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана эксперттер коомчулугу катышты.
Форумду “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачёв ачты. Ошондой эле ачылыш аземине МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Мариано Гросси жана Дүйнөлүк ядролук ассоциациянын башчысы Сама Бильбао-и-Леон катышты. Президенттик иш-чарада Орусия жана Беларусь өлкөлөрүнүн президенттеринин болушу форумдун эл аралык масштабын баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында көмүртексиз келечекти камсыз кылууда атом энергетикасынын ролуна, атом менен кайра жаралуучу энергия булактарынын айкалышына жана эл аралык кызматташтыктын өнүгүшүнө арналган пленардык жыйындар өттү.
Кыргызстандан бул форумда энергетика министринин орун басары Алтынбек Рыспеков өкүлчүлүк кылды. Ал “Компромиссиз энергия балансы: атом + КЖЭ = келечектин формуласы” аттуу пленардык сессияда сөз сүйлөп, өлкөбүздө гидроэнергетика жана кайра жаралуучу булактар активдүү өнүгүп жатканын, бирок өсүп жаткан керектөөнү камсыз кылууда атомдук энергетика да стратегиялык мааниге ээ болорун белгиледи.
Форумдун алдында “Росатом” кыргызстандык делегация үчүн атайын пресс-тур уюштурду. Программага реактордук жабдууларды чыгарган “ЗиО-Подольск” машина куруу заводуна жана 1954-жылы дүйнөдөгү алгачкы атомдук электр станциясы ишке кирген Обнинск шаарына баруу кирди. Делегация мүчөлөрү атом тармагынын тарыхы жана бүгүнкү күндөгү өнүгүү жолдору менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
“Дүйнөлүк атом жумалыгы 2025” алкагында энергетика жана жогорку технологиялык тармактардагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган меморандум жана келишимдерге кол коюлду.
“Росатом” мамлекеттик корпорациясы атом тармагынын дүйнөлүк лидери экендигин дагы бир жолу тастыктап, туруктуу энергетикалык келечек үчүн комплекстүү чечимдерди сунуштады. Кыргызстан үчүн бул форумга катышуу энергетика багытында кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө болгон маанилүү кадам болуп калды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |