Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөт. “Кайра эле “баягыларды” шайлап алып 5 жыл наалып жүрбөгүлө” деди президент

№1190

 

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленди. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Президент элге түз эфир аркылуу кайрылуу жасап, анда элдин жоопкерчилигин эскертти.

Мамлекет башчысынын айтымында, мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгондуктан шайлоо процессинин бардык мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскартылды. Планга ылайык, 5-октябрга чейин шайлоо аймактарынын чектери бекитилип, округдук комиссиялар түзүлөт. 14-октябрга чейин алдын ала шайлоочулардын тизмеси жарыяланып, маалымат тактоо мөөнөтү 14-ноябрга чейин уланат. Талапкерлерди көрсөтүү 30-октябрда аяктайт, ал эми документтерди тапшыруу мөөнөтү 2-ноябрга чейин деп белгиленди. Каттоо иши 10-ноябрга чейин жүрөт. Үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Негизги добуш берүү күнү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Ал эми шайлоонун расмий жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгууга тийиш.

Өлкөнүн шайлоо тутуму толук санариптештирилген, мурдагыдай эле автоматташтырылган урналар колдонулат. Добуштар ошол эле күнү эсептелип, натыйжа дароо жарыяланат. Президент шайлоо процессинде бурмалоого жол берилбей турганын белгиледи. Ошондой эле элдин жоопкерчилигин эскертти. “Добуш сатпагыла, сатып алам деп келгендерди уяткаргыла. Добуш сатсаңар, ал депутатты 5 жыл бою округдан көрбөйсүңөр. Жол, мектеп, бала бакча салып берем дегендерге ишенбегиле, анткени алар депутаттын жумушу эмес. Кайра эле “баягыларды” шайлап алып 5 жыл бою наалып жүрбөгүлө”,- деди Жапаров.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо