Бир бүркүм. Бишкекке майда көмүр киргизилбейт...      

№1191

Кадамжайдын Боз айылына мамылар орнотулуп, электр жарыгы тартылды.

Бишкекте 41 жаштагы киши 6 жашар кызга ыдык көрсөткөн деп шектелип жатканы кабарланды.

Өлкөдө 2028-жыл – Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды.

“Манас” аэропортунун жаңы аэровокзалы 2026-жылы жайында ишке киргизилери айтылды.

“Кыргыз индустрия” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Жарасул Абдураимов каза болду.

Бишкекте жана Чүйдө майда көмүр колдонууга тыюу салынды.

Токтогул шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы пара талап кылууга шектелип кармалды.

Бектен Бекболотов айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды.

Бишкекте УКМКнын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү.

Быйыл 5-ноябрдан 9-ноябрга чейин мектеп окуучулары күзгү каникулга чыгышат. 

Гүлчөдө Алай райондук прокуратурасынын жаңы имараты курулары айтылды.

Баткенде чек ара талашын чечүүдө алмашылган айылдардын эли 1-ноябрга чейин көчүрүлмөкчү.

Токтогул, Базар-Коргон, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана Киров суу сактагычтарында балык уулоого 3 жылга тыюу салынды.

 Агартуу министрлиги: Өлкөдө Япониянын STEM долбоору сыноодон өткөрүлөт.

 ЖРТга кышкы каттоо 15-октябрда башталары маалымдалды.                


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо