Ак-Ордо конушунда 2 адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды

№1191

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушундагы оор кылмышка шектүү кармалды. Маалыматтарга таянсак, кармалган жаран 2006-жылы туулган, учурда 19 жашта. ИИМ бул боюнча расмий маалымат тарата электе саясатчы Феликс Кулов кылмышка шектүү кандай жагдайда кармалганы тууралуу коомчулукка маалымат жарыялоого жетишти. “Шектүүнү кармоодо “Коопсуз өлкө” системинин каражаттары негизги ролду ойногон. Кармалган жаран эки кишини өлтүргөнүн моюнга алган”,- деди Кулов ИИМ башчысы Улан Ниязбековго шилтеме берүү менен. Ушундан улам коомчулукта “Кулов ИИМдин маалымат катчысы болуп иштеп жатабы?” деген тамаша аралаш билдирүүлөр жазылды. Мындан кийин шектүүнүн кармалышы боюнча президенттик администрациянын өкүлдөрү да комментарий беришти. ИИМ бул учурда деле расмий маалымат берген жок. Интернет желесинде “кармалган жаран шектүү деп видеодо көрсөтүлгөн жаранга окшошпойт” деген пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрүүдө. 

Окуя тууралуу: 3-октябрга караган түнү Ак-Ордо-3 конушунда эки бир тууган бычакталып каза тапканы боюнча маалымат тараган. Каза болгондор эже-ини болушкан. Каргаша учурунда каза болгон кишинин аялы балдарын алып үйдөн качып кетүүгө үлгүргөн.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо