Президент: “Электр энергиясын “Чексиз” тарифинде колдонуу токтошу керек”

№1195

Президент Садыр Жапаров “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын калкты электр энергиясына болгон “Чексиз” тарифке өтүү чакырыгын сындады.

Жапаров электр кубаты тартыш болуп жаткан азыркы учурда мындай демилгелерге жол берилбеши керектигин, бул коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Ошондуктан бул тарифти колдонууну тез арада токтотууну жана кышында элге электр кубатын адилеттүү жана бирдей жеткирүүнү тапшырды.

Буга чейин “Улуттук электр тармактары” ишканасы эртең менен жана кечинде электр энергиясынын кубаты 5 киловаттан 3 киловаттка чейин азайтыларын билдирген эле. Тагыраагы, саат 07:00дөн 09:00гө жана 18:00дөн 21:00гө чейин көмөк чордондорго күч келип жатканын, авариялардын алдын алуу үчүн кубаттуулук азайтыларын билдирген. Мындан кийин ишкана эгер электр энергиясы жетишсиз болуп жатса, анда эл “Чексиз” тарифине өтүшү керектигин маалымдаган эле. “Чексиз” тарифи – электр жарыгын каалаганча пайдаланууга жол берет. Тариф 2022-жылы өкмөттүн токтому менен киргизилген, баасы 1 киловатт-саат үчүн 5 сом 4 тыйын болчу. 2023-жылы тариф 3 сом 28 тыйынга түшкөн. 2025-жылы 1-майдан тарта светтин баасы кымбаттап, “Чексиз” тарифи кайра 3 сом 81 тыйын болгон.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо