Кыргыз-Тажик чек арасынын 116 чакырымына зым тартылды

№1196

Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов Лейлек районунун аймагындагы Кыргыз-Тажик чек арасын демаркациялоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Облустук башкармалык учурда чек араны тосуу жумуштары Лейлек районунун Максат айылынын аймагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Жалпы Баткен облусу боюнча 115 чакырым 958 метр аралыкка зым тартылган. Анын ичинен Баткен районунда 84 чакырым 806 метр, Лейлек районунда 31 чакырым 152,5 метр аралык тосулган. Мындан сырткары чек ара тосмосун бойлой 176 чакырым жол салынганы айтылды.

– Чек араны демаркациялоо иштерин илгерилетүү максатында жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чек ара сызыгы өткөн аймактарды турак үй, короо-жай, бак-дарактардан тазалоо жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып келет. Лейлек району боюнча 108 объект бузулуп алынган. Анын ичинде турак үй, мал сарай, ашкана, мончо сыяктуу кыймылсыз мүлктөр жана коммерциялык багыттагы объекттер бар. Бул багытта көз карандысыз эксперттер объекттерге баалоо жүргүзүүдө. Жарандар бул иш-аракеттерге түшүнүү менен мамиле жасоодо,- деп кабарланды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо