Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мектептер электр жарыгын үнөмдөй башташат

№1196

Билим берүү мекемелеринде электр жарыгын үнөмдөө чаралары көрүлүүдө. Агартуу министрлиги 12-ноябрда билдиргендей, мындай чара өкмөттүн 2025-жылдын 5-ноябрында чыккан “Электр энергиясынын дефицитин азайтуу чаралары жөнүндө” токтомунун негизинде киргизилип жатат. Мындан ары окуу процесси аяктагандан кийин (бардык сабактар бүткөндө) 60 мүнөттүн ичинде, классты тазалоо ишин эске алуу менен, электр жарыгы өчүрүлүүгө тийиш. Мындай чектөө имараттын ишке жарактуулугун камсыздаган жабдыктардын жана инженердик системдин ишине тиешелүү эмес. Ошондой эле мындай талап окугандардын жашоосун камсыздаган мекемелерге, анын ичинде жатаканаларга колдонулбайт.

Агартуу министрлиги мектептерде сабактар кыскартылбай турганын кошумчалайт.

Азыркы учурда өлкөдө электр жарыгын үнөмдөө зарылдыгы жаралууда. Буга Токтогул суу сактагычындагы суунун жылдагыдан аз топтолгону себеп катары айтылууда. Учурда үнөмдөө ишинин алкагында бир топ айылдарда көчө жарыктары да өчүрүлүп жатат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо