1000 салыкчы кыскартылып, алардын ишин жасалма интеллект аткарат    

№1197

Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык тармагындагы реформанын биринчи этабы аяктаганын, эми экинчи этабы башталарын билдирди. Ал реформанын алкагында 1000 салык кызматкеринин жумуш орду жоюларын белгиледи.

Реформанын экинчи этабы 2026-жылдын январында башталат. Анын негизги элементи – KEZET жаңы электрондук эсепке алуу модулун ишке киргизүү болмокчу. Анда салык инспекторун жасалма интеллект модулу алмаштырат. Адам факторун толугу менен жокко чыгарууну көздөөдө мекеме.

KEZETтин жардамы менен биз ар бир товардын жүгүртүлүшүн – өндүрүштөн же импорттон тартып кассадан чек чыкканга чейин байкай алабыз. KEZET мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында мыктылардын бири катары таанылган эстониялык чечимдердин негизинде түзүлгөн. KEZET инспектордун ишиндеги субъективдүүлүктү четтетүүгө, отчёттогу айырмачылыктарды автоматтык түрдө аныктоого, текшерүүлөрдүн санын болушунча азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктерди толугу менен жоюуга мүмкүндүк берет,- деп билдирди Шыкмаматов.

Адаптациялоо, окутуу жана процесстерди жөнгө салуу жарым жылга созулмакчы. Май айында инспекторлордун саны кыскартыла баштаары айтылды. Адегенде 500 кызматкер, жарым жылдан кийин дагы 500 кызматкер кыскартылат. Расмий маалымат боюнча, учурда өлкөдө 3400 салык кызматкери бар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо