Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДҮЙНӨДӨГҮ БАШ КОШУУГА БАЙЛАНЫШТУУ КЫЗЫКТУУ САЛТТАР

№1198

Шотландия

Шотландияда жаңы үйлөнгөн түгөйлөргө акыр-чикир ыргыткан салт бар. Жубайлар жетелешип алып көчө бойлоп басышат, аларды курчап турган эл акыр-чикир, таштанды ыргытышат. Бул жөрөлгөдөн өткөндөн кийин түгөйлөрдүн жашоосунда жамандык болбойт, бардык тоскоолдуктарга чыдай алышат деген ишеним бар.

Ирландия

Айымдарда жакшы мүмкүнчүлүк бар. Төрт жылда бир келчү 29-февралда ирландиялык айымдар каалаган ирландиялык мырзага баш кошуу сунушун айта алышат. Эркектерде баш тартуу укугу жок, үйлөнүшү керек. Эгер такыр эле үйлөнгүсү келбесе, анда ири суммадагы айып пул төлөшү керек. Ошондо айымдар күйөөлүү же бай болуп калышат.

Дания

Бул өлкөдө да кызыктуу ырым-жырымдар кездешет. 25 жашка чейин үйлөнбөй же турмушка чыкпай калган жаштарга татымалдар жардам берет дешет. Ал үчүн улан-кыздарды көчөгө чыгарып, ачуу калемпир жана башка татымалдарды чачышат. Бул салт даниялык татымал саткан соодагерлерден улам жаралган. Соодагерлер айлап-жылдап деңиз бойлоп көрүнгөн жерге барып татымал сатып жүрүп, жашы 25тен ашып кеткен учурлар көп болгон. Анан соодагерлер батыраак үй-бүлө күтсүн деп ырымдап татымал чачып, бул ырым бара-бара калың элге жайылып кеткен.

Финляндия

Фин мончосуна барып көрдүңүз беле? Финдердин өзүндө мончо сыйкырдуу жай деп саналат. Мончодо коргоочу-рух бар деп эсептешет жергиликтүү эл. Эгер финдерди санаага салган ой болсо, сүйүүдө түгөй таппай жатса же тапкан адамына үйлөнө берсе болобу, ал адам менен бактылуу боло алабы деген сыяктуу суроолорго жооп тапкысы келсе, мончого барышат. Рух кандай ыкма менен жооп берет ким билсин, бирок мончодон чыккандан кийин адам суроолоруна жооп алып, ишенимдүү чечим кабыл алып калат дешет.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо