№1199
Бул жолу редакциябызга жапжаш кезинде бүкүрөйүп басып калган жигит кайрылды. Албетте, абалы оорунун айынан ушундай. Сол бутунун таманы да жерге тийбей бутунун учу менен басат экен. Эмне деген дарттан жабыркайт? Оорусу качан башталган? Айыктырууга мүмкүнбү?
“2 жыл мурун жол кырсыгына кабылдым”
– Аты-жөнүм Шералы уулу Мырзалы, учурда 25 жаштамын. Туулуп-өскөн жерим Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жоон-Күңгөй айылы. Кичинемде өзүм теңдүү башка балдардай эле чоңоюп, мектепте окудум. Эч жерим ооручу эмес. Кийин колледжде окуп, экономист-бухгалтер кесибин алып чыктым. 20 жашымдан тарта оң бутум суук мезгилде ооруп калчу болду. 2023-жылдын январында Орусияд иштеген жездемдин чакыруусу менен Москвага барып, анын жардамчысы болуп иштей баштадым. Жездем курулушта бригадир эле. Менин кызматым – жумушчулардын ишке канчада келип-кеткенин, иштин сапатын көзөмөлдөө болчу. Ошентип иштеп жүрүп, 2023-жылдын май айынын аягында жолдун жөө адамдар өтүүчү тилкесинен өтүп бара жатканымда унаа сүзүп кетти. “Тарс” дей эле түштү, эс-учумду жоготуп коюптурмун. Көзүмдү ачсам “Тез жардам” унаасында баратыптырмын.
“Врачтарга пара беришкен окшойт, милиция келген жок”
– Ооруканага жаткырышты. Врачтар "катуу сокку болуптур, ошого денең ооруксунуп калган" дешти. Алгачкы 4 күн мени карашкан деле жок. “Ооруп чыдабай жатам” десем, оорутууну басаңдатуучу укол жасап гана тим болуп жатышты. Сыягы, менде Орусиянын медициналык камсыздандыруусу жок болгондон ошентишти. Эжем да Москвада иштейт эле. Ошол келип палатага жатканыма, дарыларга деп акча бергенде гана карап, дарылап башташты. Өздөрү рентгенге тарттырышкан жок. Качан гана мен “ооруган жерлерим, өзгөчө бел, чычаң тарабым басылбай жатат, рентгенге салбайсыңарбы?” дей бергенимден акыры тарттырышты. Мени дарылаган врач рентгендин сүрөтүн карап “баары жакшы эле экен, этиң эле жанчылып калган” деп койду көңүл кош. Эжем 2 балдак алып келип берди, ошону менен эптеп басып жүрдүм. Адатта жол кырсыгы менен адам жаракат алып ооруканага түшкөндө врачтар милицияны чакырышат го. Менде антишпеди. Кийин ойлосом, мени сүзгөн жарандар врачтарга пара берип, милицияга чалбагыла деп сүйлөшүп, аларды колго алып коюшкан окшойт. Ошого дарыланды кылып, мени ооруканадан чыгарып жиберишти.
“Сыныкчыдан кийин 2 бутум иштебей калды”
– Ооруканадан чыгып, сыныкчыга (костоправга) бардым. Ал “чычаң чыгып кеткен, салыш керек” деп жаткызып, аркама колу менен катуу уруп, баскылады. Ошого бекер барыптырмын. Анткени ошондон кийин оорум күчөп, 2 бутум тең иштебей калды. Элдин айтуусу боюнча, чычаңым чыкпай эле, машина сүзгөндө омурткам жылышып, нерв кыпчылып калган окшойт. 20 күн кыйналдым. Врачтарга барсам, “Орусиянын жараны эмессиң” деп карабай коюшту. Кыргызстанга келдим. Жеке клиникага көрүнүп, дарыланып, балдак менен азыраак болсо да басып баштадым. Мамлекеттик ооруканага да көрүнүп, томографияга тартылдым. Врачтар “өзүң жашаган районго барып дарылан” деп Сузакка жөнөтүштү. Ал жактан "аймактык ооруканага бар" дешти. Ал жакка барсам, "орун жок" деп коюшту. Ошону менен врачтардан түңүлүп, ооруканага барбай койдум.
“Диагнозду угуп стресс болдум”
– Мурун түз эле басчумун. Бирок оорум акырындап күчөп, денемдин белимден өйдө бөлүгүн көтөрүүм оорлоп, белим, тизелерим бүгүлүп баштады. Ошентип быйыл 1 жыл болот, эңкейип, бүкчүйүп басып калдым. Акыркы 6 айда өтө эле бүкүрөйүп кеттим. Учурда сол бутумдун таманы жерге тийбейт, бутумдун учу менен басканга аргасызмын. Бир жерде узакка тура албайм, белим, чычаң тарабым, бутум ооруп кыйнап жиберет. Отурушум же жатышым керек болот. Минтип бүкүрөйүп баскандан моюнума, башыма, ички органдарыма күч келип, ылдый тартылып оорутат. Бир нерсени кароо үчүн өйдө карап түзөлүү өтө кыйын. Көчөдө элдин карай бергени да оңтойсуз кылат. 3-топтогу майыпмын.
Оорутууну басаңдатуучу дарылар менен жашап келем. Бишкекке келгениме 1 ай болду. №4 шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына барып текшерилсем, компьютердик томографияга түшүрүштү. Жыйынтыгында “Бехтерев оорусу” деген диагноз коюшту. “Дарылап айыктырууга мүмкүнбү?” деп сурасам, врачтар “операция жасап көрөбүз. Омурткалардагы өсүп кеткен сөөктөрдү кырабыз. Кемирчектер жешилгендиктен омурткалар кармалбайт, аларды темир менен бекитебиз. Бирок операциядан кийин басып кетишиңе кепилдик бербейбиз. Операциядан чыкпай калышың да мүмкүн” дешти. Муну угуп абдан нес болдум, ыйладым, стресске түштүм.
“2 операцияга 40 миң доллар керек”
– Бирок ыйлагандан пайда жок. Жашоо үчүн күрөшүүм керек. Ошого үйдөгүлөр менен акылдашып, элден жардам сурап чыга баштадык. Минтип сиздердин редакцияга да келдим. Тааныштар аркылуу Стамбулдагы бир клиниканын врачтары менен байланыштык. Алар 2 этап менен операция жасап, айыктырууга болорун айтышты. Операциялардын ар бирине 20 миң доллардан керек экен. Эгерде организмим көтөрө алса, анда 2 этапты бириктирип 1 эле операция жасаша тургандыгын да билдиришти. Алар деле болот темир менен омурткаларды бириктирип, анан реабилитациядан өткөрүшөт экен.
“Элден жардам суроого аргасызмын”
– Биз 7 бир тууганбыз. Апам үй кожойкеси, иштебейт. Атам 9 жашымда каза болуп калган. Апам жетөөбүздү жалгыз багып чоңойтту. Айылда турабыз. Бир туугандарымдын иштеп тапканы менин операцияма жетпейт. Анын үстүнө ар кимдин өз үй-бүлөсү бар, аларды да багышы керек дегендей.
Оорумдан айыгып, үй-бүлө күтүп, иштеп, эл катары жашагым келет. Кыйналып багып чоңойткон апамдын, мага жардам берип колдоп келе жаткан бир туугандарымдын эмгегин актасам дейм. Сиздер мага жардам берип, Кудай буюруп айыгып кетсем, кайрымдуулук фонддорунун биринде иштеп, элге жардамымды тийгизем.
Бехтерев оорусу тууралуу
Бехтерев оорусу же спондилоартрит – омурткалардын ортосундагы кемирчектердин, жамбаш, тизе, ийин муундарынын жана алардын тегерегинин сезгенүүсү. Кемирчектердеги сезгенүү омурткаларга да өтүп, алардын ылдый жана өйдө жактарында сөөктөр өсүп, жыйынтыгында омурткалар кыймылсыз болуп биригип калышат. Омурткалардын формасы өзгөрөт. Бүкүрөйүү жаралып, адам эңкейип басып калат. Дарт өтүшүп баштаганда ички органдарды (жүрөк, бөйрөк, ичеги), терини да жабыркатат.
Ооруга көбүнчө 20-40 жаштагылар туш болушат. Окумуштуулар дарт тукум кууй турганын, ооругандардын көбүндө HLA-B27 гени табыларын айтышат. Аталган ген иммундук системдин жаңылыштыгын жаратып, ал өз ткандарды “бөтөн” деп кабыл алып, жок кылууга өтүшөт. Ошентип оорунун белгилери жаралат.
Организминде HLA-B27 гени жок бейтаптар тукум куучулук боюнча аталган ооруну алып жүрүшөт, бирок дарт билинбей жүрө берет. Качан гана адам инфекциялык ооруга, катуу жаракат менен стресске туш болгондо ачыкка чыгат. Убагында туура дарылануу менен ооруну өтүштүрбөй калууга болот.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
МБанк: 0501757525
МБанк: 0777813006
Альфа-банк: +79365550905
Т-банк (мурун Тинькофф Банк): +79533418716
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |