ИЧ КАТУУДА ЖАРДАМ БЕРЧҮ КӨНҮГҮҮЛӨР

№1199

Физикалык да, моралдык да дискомфорт жараткан абалдардын бири – ич катуу жана ич көбүү. Бул абалдын жаралышынын себептери көп: туура эмес тамактануу, активдүүлүктүн аздыгы, диетанын кайсы бир түрү, сууну керектүү өлчөмдөн аз ичүү, ичегилердеги инфекция же паразиттер, курттар, же болбосо ичегидеги түрдүү оорулар жана башка. Ич эмнеге катып жатканынын себептерин врачтын көзөмөлүндө билип алган туура. Макалада ич катуу жана көбүүдөн көнүгүүлөр аркылуу арылуу ыкмаларын сунуштайбыз. 

Түрлөрү

Врач-проктолог Виталий Ильин ич катуунун атоникалык жана спастикалык эки түрү бар дейт. Атоникалык түрүндө ичегилердин кереге булчуңдары жакшы иштебей калат. Башкача айтканда, ичеги өзүндөгү тамак-аш калдыктарын (заңды) түртүп чыгууга күчү жетпей баштайт. Бул маселе ички органдардын бирине операция жасалгандан кийин, жалпы наркоз алгандан улам же аз кыймылдуу жашоо образынан улам жаралышы мүмкүн. Атоникалык формада заңдагысы келген учурда оорутуу жаралат, катуу жана көп өлчөмдөгү заң чыгат.

Ал эми спастикалык түрүндө ичегилердин моторикасы бузулат. Бул учурда ичегилердин айрым аймактарында спазм жаралып, ичиндегилердин андан ары жылуусу токтоп калат. Белгиси: катуу жана кичине-кичине бөлүктөргө бөлүнгөн заң чыгат. Баары бир учурда чыгып кетпей, дагы калып калгандай дискомфорт сезим жаралат. 

Дарылоо гимнастикасы

Ич катуунун эки түрүндө тең жардам бере турган дарылоо гимнастикалары бар. Алардын айрымдары менен бөлүшөбүз. Жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн көнүгүүлөрдү үзбөй күнүгө жасоо керек. Ай сайын көнүгүүлөрдүн санын көбөйтүү зарыл. Көнүгүүнү күнүгө ач карын (эртең менен) жасоо сунушталат.

Эскертүү! Эгер көнүгүү жасап жатканда жүрөктүн кагышы тездеп, ич ооруп, жүрөк айланып же башка терс таасирлери байкалса дароо токтотуп, врачка баруу керек. Андан сырткары жогорку температура абалында, ашказан-ичегилердин жарасы барлар жана ич өтүп жаткан мезгилде көнүгүүлөрдү жасаганга болбойт.

КӨНҮГҮҮЛӨР

Чалкасынан жатуу

1. Түз жерге чалкабыздан жатабыз. Колду ичке коюп, терең дем алабыз. Дем алганда курсакты ичке тартпай, тескерисинче, томолок кылып сыртка түртүү керек. Демди чыгарганда акырындан ичти тартып, кол менен басып коёбуз. (5-6 жолу кайталанат).

2. Терең дем алган учурда шашпай эки колду өйдө көтөрөбүз, курсакты ичке тартабыз. Акырындан дем чыгарган учурда кол кайра дененин эки капталына келүүсү керек.

3. Бир бутту тизеден бүгүп, курсакка жабышкан абалда 3-4 мүнөт жатуу керек. Тизени кол менен кармап жардам бериңиз. Белгиленген убакыт өткөндөн кийин бүгүлгөн бутту сунуп, экинчи бутту тизеден бүгөбүз да, курсакка алып келип дагы 3-4 мүнөт жатуу керек. Анан эки бутту түз сунуп, 1 мүнөт терең дем алып, дем чыгарып жата турабыз да, эми эки бутту тең тизеден бүгүп, курсак тушка жабыштырабыз. Бул абалда да 3-4 мүнөт жатуу керек.

4. Чалкасынан жаткан абалда эки тизени бүгөбүз, эки таман жерге тийип турсун. Анан оңго-солго алмак-салмак эки бутту таштоо керек. 1 мүнөт жетет. Анан тизелер бүгүлгөн абалда, бирок таманды жерден көтөргөн абалда кайрадан алмак-салмак оңго-солго буттарды таштоо керек.

5. Эки буттун таманы жерде, ортодо 30 сантиметр аралык бар. Терең дем алуу учурунда башты көтөрбөй далыга жана тамандарга таянып дененин ортоңку бөлүгүн жогору көтөрөбүз, дем чыгарганда түшүрөбүз. 8-10 жолу кайталоо зарыл.

6. “Велосипед” ыкмасы. Жатып алып тизе бүгүлгөн абалда 1 мүнөт велосипед тебиңиз. Андан кийин бутту көтөргөн абалда түздөп, кайчы абалына келгидей кайчылаштыруу көнүгүүсүн да 1 мүнөт жасоо керек.

Капталдан жатуу

Алгач оң капталдан жатабыз, оң кол башты көтөрмөлөп турат. Эки тизе тең бүгүлүп, курсак тушта болушу керек, сол кол менен буттарды кармасаңыз болот. Ушундай абалда терең дем алган учурда курсакты сыртка карай чыгарып, дем чыгарган учурда ичке тартабыз. 15-20 жолу дем алып, дем чыгаргандан кийин сол капталга бурулабыз да, дагы 15-20 жолу дем алып, дем чыгарабыз.

Көмкөрөсүнөн жатуу

1. Көмкөрөбүздөн түз жатабыз. Анан алмак-салмак алгач оң бутту, анан сол бутту алыбыздын келишинче полдон өйдө көтөрүүгө аракет кылабыз. 10 чакты жолу кайталоо керек.

2. Эки тизе, эки кол жерде болсун, жөрмөлөгөндөй абал. Белди ылдый түшүрбөңүз. Ушундай абалда 3-4 мүнөт терең дем алып, кайра дем чыгарып туруу керек.

Укалоо

Эртең менен ойгонгондо жаткан абалда курсакты сааттын жүрүшү менен айландырып укалайбыз. 5-10 мүнөт тынбай жасоо керек. Андан кийин бир колду эки тараптагы кабыргалардын бириккен жерине (ашказан туш) алып келебиз да, экинчи колду оң капталдагы кабыргалардын тушуна коёбуз. Колду кабыргалардын астына киргендей абалда 5 мүнөттөй массаж жасалышы керек. 

Турган абалда

1. Турган ордуңузда өзүңүзгө ыңгайлуу темпте 5-10 мүнөт басуу керек.

2. Эки таман жерге толугу менен тийип, өйдө көтөрүлбөшү керек. Терең дем алып, дем чыгарган учурда отурабыз. Кайра дем алганда туруп, дем чыгарганда отуруп 10-20га чейин жасаса болот.

3. Түз туруп, дем алган учурда эки колду жогору көтөрөбүз, дем чыгарганда ылдый эңкейип эки колду түшүрүү зарыл. Бул көнүгүүдө да дем алганда курсак сыртка түртүлүп, дем чыгарганда ичке тартылышы керек.

4. 1-мүнөттө бир орунда туруп басуу керек да, 2-мүнөтүндө буттун учуна, анан таманга айландырып ылдый-өйдө денени көтөрөбүз.

Туура тамактануу

Курамында клетчатка көп азыктарды: жашылчалар (кызылча, сабиз, ашкабак, помидор, бадыраң), жемиштер (кара өрүк, өрүк, алма, шабдалы), кактар (кара өрүк, өрүк, инжир) жана буурчак түркүмүндөгүлөрдү көп жеңиз. Андан сырткары гречка, сулу, арпа, буудай кебектери, грек жаңгагы, бадам, зыгыр уругу, кошулмаларсыз кефир, йогурттар жакшы.

Тамакты шашпай, майдалап чайнап жеген жакшы. Айрыкча кечке маал оор, майлуу, туздуу, ышталган, ачуу, фаст-фуд тамак-аштардан качуу керек. Суунун балансын сактаңыз, күнүнө 1,5-2 литр таза суу ичүү жакшы.

Асыл Орозбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо