ТУУРА ТАМАКТАНУУГА ДААМДУУ, ПАЙДАЛУУ РЕЦЕПТТЕР 

№1199

Туура тамактануу – бул эт, май, камырдан баш тартуу дегендик эмес, бул азыктарды өлчөмү менен жеп, аларды майдалоо, сиңирүүгө жардам берген жашылча-жемиштерден рационго кошуу деп түшүнүү керектигин нутрициологдор айтып келет. Организмге керектүү бардык микроэлементтерди камтыган, балансталган, ошол эле учурда тамшандырган рецепттер сиздин бир күндүк менюңуз болуп берет. 

ТАҢКЫГА: ШАКШУКА

Керектелүүчү азыктар (2-3 порция үчүн):

Жумуртка – 4 даана

Болгар калемпири – 1 даана

Помидор – 2 даана

Пияз – 1 баш

Кумшекер – жарым чай кашык

Зайтун же өсүмдүк майы – 3-4 аш кашык

Туз, кара мурч – татымына жараша

Ашкөк – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач жашылчаларды жууп-тазалап, майда чарчы туурайбыз.

2. Көмөч казанга майды куюп, ысыган соң пиязды салып кууруйбуз. Соолуп жумшаргандан кийин болгар калемпирин салып аралаштырабыз. Андан соң помидорду салып кууруйбуз. Куурулуп жатканда туз, мурч, кумшекерди татымына жараша салып аралаштырабыз.

3. Жарым-жартылай даяр болуп калганда (эгер соусу эзилип бышканын кааласаңыз, ошол абалга жеткенче бышыруу керек) жумурткаларды чегүү үчүн бир аз оюп, ошол жерлерге жумуртканы чегебиз. Үстүнө бир аз туз себелейбиз да, аралаштырбастан бышырабыз. Орточо отто бышат. Каалаган ашкөктөн майдалап себелейбиз. Жумуртка өтө бышып кетпеши керек, агы бышып, сарысы катып баратканда чыгаруу кажет.

Даамдуу, ошол эле учурда балансталган шакшука жука лаваш, нан түрлөрү менен берилет.

 

ТҮШКҮГӨ: ШИРЕЛҮҮ ТООК ЭТИ

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Тооктун төш эти – 350-400 грамм

Болгар калемпири – 1 даана

Кабакча же баклажан – 150 грамм

Сарымсак – 2-3 тишче

Лимон – жарымы

Өсүмдүк же зайтун майы – 2-3 аш кашык

Татымына жараша – туз, паприка

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчаларды тазалаган соң сарымсакты жука, болгар калемпирин чоң-чоң туурайбыз. Кабакчаны же баклажанды калыңдыгы 1,5-2 сантиметрлик тегеректерге бөлөбүз.

2. Тоок этинин калыңдыгы 2-3 сантиметрден ашпашы керек. Эки порцияга бөлөбүз.

3. Көмөч казанды отко коюп ысытып, май куябыз. От жай болушу зарыл. Алгач сарымсакты салып, майга даамы-жыты чыкканча бир аз куурабыз. Эми калган жашылчаларды бир тарапка, тоок этин бир тарапка салып, туз себелеп, жай отто бышырабыз. Тоок эти жарымына чейин агарып калганы көрүнөт, ошол убакта оодарабыз, жашылчаларды да. Баарына кызыл таттуу калемпир себелеп, лимон кесиминин ширесин тоок этине сыгабыз. Экинчи тарабын кызарта бышырабыз. Бышуу убактысы болжолдуу 15-20 мүнөт. Мындай бышырууда эт өзүндөгү ширенин баарын сыртка чыгарып жибербейт. Бат даярдалып, жумшак болот. Жашылчалар да өтө бышып кетпей, кыртылдап турушу керек.

4. Даяр болгондо жашылчалар менен кошо чыгарып, лимон кесимин кошуп беребиз.

 

КЕЧКИГЕ: АШКАБАК + КОЮУ СҮТТӨН КРЕМ-ШОРПО

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Пияз – 1 даана

Сабиз – 1 даана

Ашкабак – 150 грамм

Кабакча – 80 грамм

Коюу сүт (10-20%) – 50 грамм

Зайтун майы – 10 миллилитр

Туз, мурч, калемпир – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын чарчы туурайбыз.

2. Ысып турган казанга майды куюп, пиязды кууруп, соңунан сабизди кошуп кууруйбуз. 3-4 мүнөттөн соң ашкабак менен кабакчаны салып, туз, мурч, кааласаңыз ачуу же таттуу кызыл калемпир кошуп аралаштырабыз. 3-4 мүнөт куурулган соң жарым литр суу куюп кайнатабыз.

3. 10 мүнөт кайнаган соң бышат. Блендер менен шорпону бир массага келтирип эзебиз. Коюу сүттү куюп, отко коюп бир борк эттирип чыгарабыз. Крем-шорпо даяр!

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо