№1199
Комуздун сыйкыр үнүн жаңы өңүттө ачып, аны заманбап музыка менен айкалыштыра чертип, улуттук күүлөрдү элге жаңы форматта тартуулап күйөрмандарды кубантып келе жаткан бир туугандар – Назбек жана Дастан Кенчинбаевдер. Кызыктуу маек назарыңыздарда. Алар балалык эскерүүлөрүн, бир туугандык сезимдери, чыгармачылыгы, ата-эне тарбиясы тууралуу айтып беришти.
– Кандайсыздар? Сахнада дуэт болуп комуз чертүүдө эки бир тууган бири-бирин үнсүз эле түшүнүшөт болуш керек?
Назбек: – Туура. Көз караштан эле сезебиз. Жан дүйнөбүз баарын туюп турат.
– Чыгармачылыкта ким көбүрөөк мотиватор?
Дастан: – Дуэттин негиздөөчүсү байкем болгондуктан алдыга умтулат, идеяларды айтат. Мен колдойм, аткарам. Мага байкем менен иштешүү жагат, жеңил, кыйналбайсың.
Н.: – Биздин тилектерибиз арбын. Дүйнөгө тарай турган сонун чыгармаларды чыгарсак дейбиз. Көбүнчө мен мотивация берип, алдыга жылам. Иним идеяларды кабыл алып, ишке ашырат.
– Ортодо пикир келишпестик жаралып калса “бир туугандык дипломатия” кандай иштейт сиздерде?
Н.: – Дастан менден 10 жаш кичүү, андай учур чанда гана болот. Ага катары акыл-насаатымды айтып турам. Дастан айтканымды дароо аткарат.
– Дастан мырза, сахнадагы элдин кол чабуусунун таасирин сүрөттөп берсеңиз?
Д.: – Сахнадагы кол чабуулар бактылуу кылат. Албетте, андай учур зор энергия тартуулайт. Күйөрмандардын колдоосу кадимкидей дем берип, мындан да жакшыраак эмгектенүүгө шыктандырат.
– Комуз чертүүдө экөөңүздөрдүн ыргак бири-бирин кантип табат? Көп эмгектин жыйынтыгы да бул, ээ?
Н.: – Албетте, бири-биринин ыргагын табуу көп эмгекти, машыгууну талап кылат. Эки комуздун үнү кошулса да, бир адам чертип жаткандай угулушу керек.
– Ага-ининин бири-бирине болгон колдоосу кандай учурларда көбүрөөк билинет?
Д.: – Мен ойлойм, эң күчтүү колдоо кыйынчылыктарда билинет. Бири-бирине таянып, оор учурда чогуу турганда ага-ининин биримдиги даана сезилет.
– Сиз иниңизден үйрөнгөн нерселер барбы? Ал эми сизден иниңиз эмнени үйрөндү деп ойлойсуз?
Н.: – Дастан менден чыгармачылыктын сырларын үйрөндү. Менин артымдан чыйыр салып, жакшы жолду басып келе жатат. А мен Дастандан сый-урматтын мыкты үлгүсүн көрдүм десем жарашат.
– Күйөрмандарды кубанта турган жаңы күүлөр, дуэттер барбы?
Н.: – Көптөгөн эски чыгармаларды жаңыртып жатабыз. Өзүбүздүн чыгармалар, дуэттер менен триолор чыгат. Дастандын жаңы клиптери чыкты.
Д.: – Албетте, бар. Жаңыча, ар кандай форматта комузда кол ойнотобуз.
– Жооптуу ишти аркалап келесиздер. Эксперимент жасоодо “комуздун түпкү өзөгүн бузуп албайбызбы?” деген чочулоо болобу?
Н.: – Мындай суроо өзүмдө да болгон. Чек жана коркунуч жок. Комуздун күүсү эч качан бузулбайт. Ата-бабаларыбыз кандай классикалык күү чыгарса, ошол бойдон калат. Эксперименттер менен алдыга жылып жатабыз. Заманбап стилде жасалган күүлөрдү уккан жаштардын, чет өлкөлүк жарандардын комузга болгон кызыгуусу артууда.
– Чоң атаңыздар Орозобай Кенчинбаев элге таанымал уста. Ал киши дагы деле комуз чаап жатабы?
Н.: – Ооба, чоң атабыз дүйнөлүк уста десем болот. Колунан көөрү төгүлгөн инсан. Мисалы, 1995-жылы 1 миң боз үй тигилген чоң иш-чарада чоң атамдын боз үйү Гран-прини жеңип алган. Мыкты комузчулар чоң атабыздын колунан жасалган комузду алууга кезекке туруп калышат. Учурда 82 жашта болсо да, дагы деле комуз жасайт. Дүйнөлүк конгрессте ооз комузду изилдеп, жети нотага түшүрүп баш байгени ээлеп, “Дүйнөлүк чебер” наамын алган. “Камбаркан” фольклордук ансамбли ачылганда топту Чалагыз Исабаев жетектесе, чоң атам музыкалык аспаптардын түрүн жасачу.
– Сизде да комуз чабууга шык барбы?
Н.: – Комуз чертүүгө чейин эле чоң атамдан устачылыкты үйрөнгөм. Эки жылдан бери комуз жасап жатам. “Камбаркан” фольклордук ансамблине өз колумдан чыккан комуздарды тапшырдым. Кол өнөрчүлүктү улантып жатам.
– Назбек мырза, иниңиздин комуз чертүү жөндөмүн биринчи көргөндө кандай ойлор болгон?
Н.: – Студент кезде үйдө күзгүнүн алдына отуруп алып комуз чертчүмүн. Дастан ошондо мени карап отурчу экен. Бир жолу үй-бүлөбүз менен тоого эс алууга чыгып калдык. Ошондо Дастан өзү кичинекей, комузу өзүнөн чоң. Бир башкача эргүү менен черткен. Көрсө, мени карап эле шыктанып, туурап жүрчү экен. Ошол окуя мага абдан чоң таасир калтырган.
– Дастан мырза, аганы көрүп ини өсөт дейт. Сизге агаңыздын кайсы сапаты жагат?
Д.: – Байкем дем берүүчү лидер. Ушул сапатын баалайм. Мага “жалкоолонбо, эмгектен” деп көп айтат. Андайда намыстанып, кадимкидей чыйрала түшөм. Байкем мен үчүн мыкты комузчу. Музыкант катары сахнада ар бир нотасы так жана кооз. Сыймыктанам.
– Сахнада кандай күлкүлүү окуялар болгон же көп болот?
Н.: – Өнөрүбүздү тартуулап жаткан учурда бири-бирибиздин темабызды аткарып алабыз. Күлкү жаратат. Бирок элге билгизбей тууралап, жолго салып кетебиз.
– Үй-бүлөдө кайсы баалуулукту биринчиге коёсуздар?
Д.: – Баалуулук болсо... Мен ынтымакты тандайт элем. Анткени ынтымак бар жерде ырыс бар.
– Эгер бала чагыңарга бир күнгө кайтып баруу мүмкүнчүлүгү берилсе, кайсы учурду тандайт элеңер?
Н.: – Апабыз жаңы нан жаап бүткөн учурду. Анткени апабыз бышырган нандын жыты дагы деле эсимде. Апам нанды тандырга бышырчу бала кезибизде. Ошол учурга бармакмын.
– Канча бир туугансыңар?
Д.: – Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Эжемдин аты Нуриза, агаларым Назбек, Нуртай, кенжеси мен. Ата-энебиздин мээрими менен ар дайым биримдиктебиз.
Мээрим Дербишалыева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |